Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарык көчө – коопсуз көчө

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

жергиликтүү маанидеги маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта тургундардын өздөрү эле чечип коюшту...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Электр жарыгы көйгөйү өзгөчө аймактарда курч турат. Кыргызстандын дээрлик бардык айылдарында караңгы кирээр замат жашоо токтоп, адамдар көчөгө чыгуудан коркуп калышат. Калкынын саны 7 миң адамды түзгөн Бостери айылы да ошол тизмеде. Бул жерде кары адамдар чалынып кетип, жаракат алган учурлар да болгон.
 
Жайында тургундар өз үйлөрүн эс алуучуларга ижарага берүү менен акча табышат. Анткен менен туристтер да кооп-суздугун ойлоп, көчөлөрү караңгы үйлөрдөн батирди ижарага алгысы келбейт.
 
Жаштар өз колу менен ремонттоп чыккан клуб, жергиликтүү спорт зал ээн турат. Жарык болбосо кайдагы маданий жана спорттук жашоо? Акыры элеттиктер, өзгөчө жаштар бул кырдаалды өзгөртүү керек деп чечишти.
 
Эмнелер жасалды?
 
2012-жылы Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунда пилоттук АА болору менен адамдар бул курч көйгөйдү чечүүгө арбын-арбын кадамдарды ташташты. Өткөрүлгөн семинарлардан кийин Бостери АА айылдарынын тургундары ЖӨБ менен биргеликте өз жашоо шартын өзгөртө алаарын баамдашты. Көп өтпөй, чогулушта жергиликтүү жамаат айыл өкмөтү менен биргеликте 2012-2013-жылдарга Биргелешкен аракеттер планын кабыл алышты. Бул Планга айылдын бир нече көчөлөрүнө жарык берүү боюнча иш-чаралар кирди. Тилекке каршы планды ишке ашыруу процесси создугуп кетти. Анткен менен жаштар ыңгайлуу учурду күтүп отура берүү туура эмес экенин түшүнүп, өз камын көрө берүүнү чечти. ШЕРБАНКУНОВ Акылбектен, ЖЫЛКЫБАЕВ Сүйүндөн, УСУПБАЕВ Бакыттан – баары болуп 15 адамдан турган демилгелүү топ айыл өкмөт башчысы ОНКОБАЕВ Бакыт менен кеңешип көрүп, көчөлөргө жарык берүү боюнча планды жана сметаны түзүп, каражат
издөөгө киришти.
 
Ошол замат каражат жагынан каралашуу өтүнүчү мобилдик байланыш операторлорунун бирине жетти. Демөөрчү бөлгөн 105 миң сомго демилгелүү топ 100 сенсордук көчө фонарын сатып алды. Демилгелүү топтун мүчөлөрү өз чөнтөгүнөн 6 000 сом чыгарышты. Бул акча зымдарды, тетиктерди жана башка материалдарды сатып алууга жумшалды. Акча баары бир жетпей жаткандыктан активисттер короолорду кыдырып, адамдарга көчөдөгү жарыкты алардын эсептегичтерине кошуш керектигин түшүндүрүп чыгышты.Кошумча кызмат көрсөтүү үчүн акы айына болгону 10-20 сомго көбөймөк. Жигиттердин арасында электриктер да болгондуктан алар көчө фонарларын устундарга өздөрү илип чыгышты. Бир күнү кечинде көчөлөр жаркырай түшкөндө адамдардын жүзүндөгу кубанычты сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Ошентип 480 үй-бүлө жашаган Достаев, Алжанбай, Далбаев, Манас, Кара Молдо, Бопоев, Айжан көчөлөрүнө жарык келди.
 
Натыйжасы
 
Башкы жетишкендик – жергиликтүү маанидеги маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта тургундардын өздөрү эле чечип коюшту. Жарыктын келиши менен жашоо жандана түшүп, бөлмөлөрдү, же батирлерди ижарага алууну каалаган туристтердин да саны өстү.Бул болсо жергиликтүү тургундарда кошумча киреше болот дегенди түшүндүрөт.
 
1560 адам жашаган жети көчөнү жарыктандырууга 111 миң сом сарпталды. Жумуш 20 күндүн ичинде “ашар” ыкмасы менен бүткөрүлдү. ЖӨБ органдары элеттиктерге мындай жооптуу ишти тапшырса болооруна, алар дайыма жакшы ниеттүү иштерди колдоп бере турганына ынанышты. Дагы белгилей кетчү жагдай – бостериликтердин тажрыйбасы тууралуу алардын кошуналары билип калып, өз айылдарына да жарык алып келүүнү чечишти.
 
Демилгелүү топ артып калган 20 көчө фонарын Кыргызское взморье конушуна жана башка айылдарга өткөрүп берүүнү чечти.
 
Элдик трибуна
 
Тамара СУЛТАНОВА, жергиликтүү тургун:
 
“Ушундай чоң иш үчүн балдарга рахмат. Менин балдарым айылдын тиги башында жашайт. Эми алар биз менен учурашып коюу үчүн караңгыда келгенде биздин көчөлөрдөн коркпой баса алышат”.
 
Абдрасул ИСАКОВ, молдо:
 
“Мен мечиттен кеч кайткан күндөрүм көп эле болот. Жарык бергенден баштап кооптонуу сезими жоголду. Балдарың үчүн да коркпой калат экенсиң. Алар ата-энелеринин көз алдында ойноп жүрө беришет”.
 
Жекиш ОРДОБАЕВ, пенсионер:
 
“Көчө фонарлары орнотулгандан бери кадимкидей жайлуулук түзүлүп калды. Кеч курун пенсионерлер чогулуп,көпкө чейин баарлашып отурабыз. Мурда мындай жок болчу”.
 
Роза ТОКТОБАЕВА,
клубдун жетекчиси

 

Окшош материалы: