Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ишеним көпүрөсүн курушту

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

ЖӨБО менен жергиликтүү калк ортосунда диалог түзүлмөк тургай, ийгиликтүү болду...

 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Кээде демилгенин жаралышы үчүн түрткү гана керек. Мына ушул нерсе Жаңы-Жол аймагында болду. Бул жерде “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун эксперттери 1283 адам жашаган Кой-Таш айылында ЭКБА-сессияларын өткөрүштү. Мына ошондо көптөн бери ремонттолбогон жаман жолдор жана кыйраңдаган көпүрөлөр тууралуу сөз болду. Аны менен катар Бака-Булак участогунда жүздөгөн үй чарбачылыктары бар. Бул жерде адамдар негизинен таалачылык жана мал чарбачылыгы, ошондой эле курулуш менен алектенет. Баары жакшы эле, бирок жазында катуу жаан-чачындан улам адатта сел жүрүп, көпүрөлөрдү алып кетет. Мына ошондо айыл башкалардан обочодо кала берет.
 
Албетте көпүрөнү маал-маалы менен колго эле оңдой салышат, бирок кезектеги жаан-чачында баары кайра эле кайталана берет. Жылдар бою бул көйгөй каражаттын жана инвестордун жоктугунан чечилген эмес.
 
Кыбыраган кыр ашат дегенди жергиликтүү тургундардан биринчи болуп жеке ишкер Ж.МАМБЕТКУЛОВ түшүндү. Ал көпүрө курууга киришип, донорлорду тапты – “Таберек” араб кайрымдуулук фонду бул үчүн 200 миң сом бөлдү. Бул демилге тууралуу адамдарга чогулушта айтылып, кабар бардыгын кубантты. Айылдык кеңештин төрагасы А.КАРАБАЕВ,жергиликтүү жамааттын лидери У.ЫДЫРЫСБЕКОВГО бардык каражатты андан ары максатка ылайык пайдалануу үчүн өткөрүп берди.
 
Ушул жайда иш кызыды. Ар бир үй-бүлө акцияга катышкысы келди. Жумушчуларды жок дегенде ысык тамак менен камсыздоону каалагандар болду. Жаңы көпүрөнүн курулушу бир жарым ай бою жүрдү. Курулуш материалдарын жеткирүү милдетин өзүнө ЖӨБ органдары алды. Айыл өкмөт башчысы жана депутаттар курулуш бир да күн токтобошуна көз салып жатышты. План, жумушчу график, ишенип берилген участок үчүн жоопкерчилик – бул түшүнүктөр элеттиктер үчүн куру сөз эмес, аракетке жолдонмо болуп калды. Мына ушундай уюшкандыкта адамдар бүгүнкү күндө тургундар жана жүктөр өтүп жаткан көпүрөнү курбай коё алмак эмес.
 
Натыйжасы
 
ЖӨБО менен жергиликтүү калк ортосунда диалог түзүлмөк тургай, ийгиликтүү болду. Атүгүл эң пассивдүү жана кайдыгер элеттиктерде да социалдык активдүүлүктү ойготуу мүмкүн болду. Албетте көпүрөнү биргелешип куруу жамаатты бириктирди, ар бир адам олуттуу пайда алып келе алаарын, өзүнөн кийин урпактарына жакшы элести жана жакшы иштерди калтыра алаарын түшүндү. Анткени ишенимдүү көпүрөнү Кой-Таштын тургундары гана эмес, бардык айылдык аймактын жана коңшулаш айылдардын тургундары да пайдаланып жатат. Бул болсо көпүрөнү дагы 1340 адам колдонууда дегенди түшүндүрөт.Бул иш-чарага жергиликтүү коомчулук тарабынан 110 миң сом, ал эми "Таберек" кайрымдуулук фонду тарабынан 200 миң сом салым кошулган.
 
ЖОЛДОШБАЕВА Таалайгүл,
айылдык аймактын жооптуу катчысы
 

 

Окшош материалы: