Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Бишкекте коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды ташып чыгарууга тарифтерди эсептөөнүн жаңы принциптери талкууланды
2026-жылдын 15-июлунда Бишкекте коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөөнүн тартибин жана аларды чогултууга, ташып чыгууга жана жайгаштырууга тарифтерди эсептөөнүн тартибин талкуулоого арналган тегерек стол өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык ишканалардын, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун, эл аралык уюмдардын жана эксперттик жамааттын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин, аларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди, анын ичинде калдыктарды жайгаштыруу үчүн төлөмдөрдү эсептөө методикасынын долбоорлору менен тааныша алышты. Ошондой эле коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин аныктоо методикасын сыноонун жыйынтыктары каралды. Катышуучулар сунушталган ыкмаларды колдонуунун практикалык өңүттөрүн талкуулап, эксперттерге суроолорду узатып, документтерди өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын бере алышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Р. А. КУБАТАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Ж. К. СЕЙДАЛИЕВ, Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) Башкаруусунун мүчөсү Бекболот БЕКИЕВ жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДКЖ) долбоорунун жетекчиси Асель МАМБЕТОВА сөз сүйлөштү.
Талкуу маалында ӨСИнин консультанты Бакыт Байсаков, көз карандысыз эксперт Нурбек МОЛДОКАДЫРОВ жана ЖДКЖ долбоорунун консультанты Гүлнара САЯКБАЕВА баяндама жасашты.
Талкуу кызыкдар тараптардын пикирлерин жана практикалык сунуштамаларын чогултуп чыгууга мүмкүндүк берди. Түшкөн сунуштамалар методикаларды андан ары иштеп чыгууда эске алынат. Бул методикалар коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөөгө ачык-айкын жана негиздүү ыкманы калыптандырууга багытталган.
Тегерек столду “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын алкагында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен кызматташтыкта Өнүктүрүү саясат институту уюштурду. ЖДКЖ долбоорун Швейцариянын Өкмөтү каржылап, ХЕЛЬВЕТАС ӨСИ менен биргеликте ишке ашырууда.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















