Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Райондордун жашоочулары үчүн жаңы социалдык кызмат көрсөтүүлөр: Кыргызстанда инклюзивдүү демилгелердин конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2026-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Райондордун жашоочулары үчүн жаңы социалдык кызмат көрсөтүүлөр: Кыргызстанда инклюзивдүү демилгелердин конкурсунун  жеңүүчүлөрү аныкталды

Булак: ЖДКЖ долбоорунун соцтармактагы барагы

Кыргызстандын алты пилоттук районунда майыптыгы бар балдар; зомбулуктан жапа чеккен аялдар жана үй-бүлөлөр; ишкерлер жана калктын башка топтору үчүн жаңы социалдык кызмат көрсөтүүлөр ишке киргизилет. Сегиз демилгени ишке ашырууга 4,8 миллион сом жумшалмакчы. Социалдык жана гендердик инклюзия принциптерине негизделген мыкты демилгелерге конкурстун жеңүүчүлөрү 2026-жылдын 6-июлунда аныкталды. Конкурстук долбоорлор райондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын алкагында иштелип чыккан жана жергиликтүү тургундардын конкреттүү керектөөлөрүнө жооп берет. Конкурс Швейцариянын Өкмөтү каржылап, Хельветас Кыргызстан Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДКЖ) долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Конкурска Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын пилоттук райондору катышты. Райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү демилгелерин конкурстук комиссияга сунуштап, алардын актуалдуулугун, күтүлүп жаткан масштабын жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн маанисин негиздеп беришти.

“Конкурстун негизги максаты – жаңы объектилерди же кызмат көрсөтүүлөрдү түзүп эле тим болбостон, райондорго жашоочулардын чыныгы керектөөлөрүнө жооп берүүгө жардам берчү демилгелерди колдоо. Адамдар жаш курагына, жынысына, ден соолугуна же жашоо шартына карабастан, үйүнө жакын жерден керектүү жардам ала алганы маанилүү. Конкурс ошондой эле чечимдер аялдардын, эркектердин, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка топторунун керектөөлөрүн эске алуу менен кабыл алынуучу жергиликтүү пландоого жаңы ыкманы киргизүүгө көмөктөшүүдө. Мындай ыкма райондордун ресурстарын чындап зарыл болгон жана алардын жашоосунда туруктуу өзгөрүүлөргө алып келе турган кызмат көрсөтүүлөргө багыттоого мүмкүндүк бермекчи”, – деп белгиледи Асель МАМБЕТОВА, ЖДКЖ долбоорунун жетекчиси.

Баарынан көп грантты – 870 миң сомду Бакай-Ата району райондук кризистик борборду ачууга утуп алды. Борбор зомбулукка кабылган же оор турмуштук кырдаалда калган адамдар убактылуу коргоо таба турган, консультацияларды алып, керектүү колдоого ээ болчу коопсуз мейкиндикке айланышы керек.

Ноокен районунда 830 миң сом элдик искусствону өнүктүрүүгө жумшалат. Демилге маданий мурастарды сактоого, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү колдоого жана тургундарды окутуп, жумуш менен камсыз кылуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Конкурстук долбоорлордо адистештирилген кызмат көрсөтүүлөргө муктаж балдарга өзгөчө көңүл бурулган. Ак-Суу районунда церебралдык шал жана башка өзгөчө муктаждыктары бар балдарга массаж жасоочу жана калыбына келтирүүчү борбор түзүлөт. Демилгени ишке ашырууга 775 миң сом ыйгарылды. Жаңы борбор үй-бүлөлөргө керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү жашаган жерине жакын алууга мүмкүндүк берип, облустук борборлорго барууга кеткен чыгымдарды жана убакытты азайтмакчы.

Дагы 775 миң сомду Жети-Өгүз району муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде логопедиялык топту ачуу үчүн алат. Сүйлөөсү бузулган балдар эрте мөөнөттө кесипкөй жардам ала алышат, бул алардын мектепке даярдыгын жогорулатып, андан ары коомго аралашып кетүүсүн жеңилдетет.

Чүй районунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн социалдык баш калкалоочу жай түзүлөт. Аны ачууга 700 миң сом каралды. Баш калкалоочу жай жабырлануучуларды коопсуз убактылуу жерге жайгаштырып, социалдык колдоону камсыз кылат.

Аксы району 650 миң сом өлчөмүндө грантты реабилитациялык логопедиялык борборду түзүүгө багыттайт. Демилге балдардын жана алардын ата-энелеринин райондогу коррекциялык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөргө түз жетүүсүнө шарт түзөт.

Конкурстук комиссия ошондой эле эки демилгени 100 миң сомдон шыктандыруучу гранттар менен колдоду. Бакай-Ата районунда акча “Наристе” бала бакчасынын базасында логопедиялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жумшалат. Жети-Өгүз районунда “САНАРИП ЭЛЕТ – AI/ЖИ/-ХАБ жана Бизнести колдоо борбору” долбоору колдоо тапты. Бул долбоор тургундардын санариптик технологияларга, консультацияларга жана ишкердикти өнүктүрүү аспаптарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатын көздөйт.

“Райондор барган сайын жергиликтүү көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү түшүнүүгө негизделген чечимдерди сунуштап жатканын көрүүдөбүз. Мындай демилгелер кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшырткандан тышкары, аймактарды өнүктүрүү процессине жергиликтүү жамааттарды тартууга да мүмкүндүк берет. Конкурстун негизги жыйынтыгы айрым мекемелерди жана долбоорлорду каржылоо гана эмес. Тандалып алган демилгелер райондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары адамдардын көйгөйлөрүн чечүүнүн практикалык аспабы боло аларын да көрсөтүүдө”, – деп баса белгиледи конкурстук комиссиянын төрагасы.

Конкурстун уюштуруучулары ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында адистештирилген кызмат көрсөтүүлөр тикелей жергиликтүү деңгээлде жеткиликтүү болорун белгилешти. Майыптыгы бар балдар жардам алуу үчүн башка шаарларга тынымсыз барып турууга мажбур болушпайт, зомбулуктан жабыркагандар коргоо жана колдоо табышат, ал эми элеттик райондор билим алуу, жумушка орношуу жана өз ишин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

 

Окшош материалы: