Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
Чолпон УЗАКБАЕВА, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору
2025-жылдын күз-кыш мезгилдеринде Өнүктүрүү саясат институту үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча өнөктүктү өткөрүүдө КРнын Ички иштер министрлигине жигердүү көмөк көрсөттү. Натыйжада өнөктүк республика боюнча 270 миңге жакын адамды камтыды. Бул өнөктүк “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында уюштурулду.
Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу – бул мамлекеттин жана коомдун биргелешкен жоопкерчилигинин чөйрөсү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу адатта “алдыңкы сапта” турат: жарандар маалымат жана жардам сурап, биринчи кезекте ЖӨБ органдарына кайрылышат, Ички иштер министрлиги, социалдык коргоо кызматы, медициналык мекемелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара байланыштын “кыска каттамдары” дал ушул жерден түзүлөт. Мамиле системалуу болуп, коммуникациялар жана ролдор түшүнүктүү болгондо, зомбулукту эрте мөөнөттө аныктоо жана жардам берүү тезирээк жана натыйжалуу болот.
ӨСИ МЕНЕН КР ИИМ БИРГЕЛЕШИП ЭМНЕЛЕРДИ ЖАСАЙ АЛДЫ?
Иш бирдиктүү командалык системанын жана комплекстүү пландаштыруунун алкагында жүргүзүлдү. 2025-жылдын күзүндө ӨСИ ИИМге “Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүү аракеттер” деп аталган глобалдык өнөктүктүн алкагында биргелешкен иш-чаралардын циклин өткөрүүнү сунуш кылган. ИИМ демилгени колдоп берди: план, максаттуу аудитория жана жыйынтыктын көрсөткүчтөрү макулдашылган.
Калктын ар кандай топтору үчүн билим берүү форматтары тандалып алынган. Колледждерде, университеттерде жана жаштар мейкиндиктеринде жаштар үчүн семинарлар, викториналар жана ачык лекциялар өткөрүлдү. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн ведомстволордун ортосунда өз ара байланышты түзүүнүн алгоритмдерине, жардам көрсөтүү каттамдарына, документтештирүүгө жана калк менен байланышты түзүүгө арналган өзүнчө семинар өткөрүлдү. Коомчулукту практикалык кейстер, кайрылуунун тартиби, санариптик коопсуздуктун агартуучулук өңүттөрү менен тааныштыруу үчүн телевидениелерде, ИИМдин жана ӨСИнин онлайн-аянтчаларында атайын берүүлөр колдонулду.
Биргелешкен ишинин жыйынтыгы боюнча ИИМдин беш кызматкери жана консультанттары Ички иштер министрлигинин “Кызматташтыгы үчүн” ведомстволук медалдары менен сыйланышты. Алар: Джамиля АРБАНАЛИЕВА, Артур БУКАЛАЕВ, Сабина ГРАДВАЛЬ, Бакыта КАЧИКЕЕВА, Оксана ШИШУК.
Министрлик үчүн жарандык сектор менен байланыш түзүү – бул зомбулукту алдын алуунун стратегиялык багыты экендигинин белгиси. ӨСИнин бул темада позициясы өзгөрүүсүз калат: ачык диалог, кесипкөй экспертиза жана өнөктүк учурунда гана эмес, күн сайын биргелешкен иш.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















