Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлор менеджери
2026-жылдын 20-февралында БАЖБА “ЖӨБ органдарынын деңгээлинде калдыктарды иштетүүнүн негизги курсу” жаңы окуу-методикалык комплекси боюнча сынамык окуу курсун өткөрдү. Бул курс Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен аткарылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулду. Окууга жыйырма бир адам – Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Курстун программасы катуу коммуналдык калдыктарды (ККК) иштетүүгө карата системалуу түшүнүктү калыптандырууга багытталган жана төмөнкү темаларды камтыды:
-
калдыктарды иштетүү системасына киришүү;
-
калдыктарды иштетүүнүн ченемдик-укуктук негиздери;
-
ККК чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары;
-
КККны иштетүү системасын уюштуруу;
-
калк менен иштөө жана экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу.
Курстун практикалык бөлүгү муниципалдык ишканалардын ишиндеги реалдуу кырдаалдарды талдоого арналды. Катышуучулар КККны чыгарууну уюштуруудагы колдонмо тапшырмаларды аткарып, төлөм тартибин жогорулатуунун жана калкта экологиялык маданиятты калыптандыруунун аспаптарын талкуулашты.
Тренинг талкуулар, суроолордон жана жооптордон турган сессиялар сыяктуу интерактивдүү форматта өттү. Ошондой эле катышуучулар топ ичинде иштешти, бул аларга практикалык тажрыйба алмашууга жана биргелешкен чечимдерди даярдоого мүмкүндүк берди.
Окуунун алдында жана андан кийин өткөрүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча билим деңгээли кыйла жогорулаганы анык болду: окууга чейин 40% болсо, тесттен кийинки жыйынтык билим деңгээли 70 пайызга чейин жогорулаганын көрсөттү. Жыйынтыктар курстун актуалдуулугун жана анын масштабын андан ары кеңейтүүнүн зарылдыгын ырастады.
БАЖБА калдыктарды иштетүү чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык ишканалардын дараметин күчөтүү жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу иштерди улантууну пландаштырууда.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















