Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кеминдеги марафон: ден соолук, биримдик жана жарандардын жергиликтүү демилгелери
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору
Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүн утурлай Өнүктүрүү саясат институту Кемин шаарынын мэриясы менен “Спорт – ден соолуктун кепили” аттуу чакан долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык макулдашууга кол койду.
Массалык спортту өнүктүрүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө багытталган долбоорду Кеминдин тургундары өздөрү демилгелеп чыгышкан. Жергиликтүү бюджеттен 141 700 сом бөлүнгөн – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү демилгелерди колдоо үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганынын ачык мисалы. “Кемин – өтө чоң дарамети бар шаар, анда инфраструктура жигердүү өнүгүп жатат, кирпич, цемент, асфальт-бетон заводдору, ошондой эле күн электр станциялары курулууда. Жергиликтүү тургундардын идеясынан жаралган бул спорттук долбоор айрыкча өлкө үчүн өзгөчө бул маанилүү күнү биримдиктин жана сергек жашоого умтулуунун символу болуп калмакчы”, – дейт Кеминдин мэри Кайрат АБДЫВАЛИЕВ.
ӨСИ кошо-каржылоо катары 99 190 сом бөлүп, демилгени колдоп берди. Шаардык паркта волейболдук тор, теннис столу жана шахмат столдору орнотулуп, 31-августта, Эгемендик күнүндө 3 км аралыкка марафон өттү. Марафонго Кемин шаарынын тургундары – сергек жашоо образын жигердүү карманган жана өз шаарында массалык спортту өнүктүрүүгө умтулган ар кандай курактагы эркектер, аялдар, жаштар катышты. “Жергиликтүү бюджеттен каражаттын бөлүнүшү – бул аймактарды өнүктүрүүгө жасалган кадам. Мен шаар өнүгүп жатканына, ал эми жергиликтүү жамаат чечимдерди кабыл алуу процессине жигердүү катышканда администрация жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууда жергиликтүү тургундарга колдоо көрсөткөнүнө абдан кубанычтамын”, – деп кошумчалады ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
31-августта Кемин шаарында бардык курактагы 60ка жакын катышуучунун башын бириктирген, эсте каларлык марафон өттү. Бул шыктандырган окуянын демилгечиси – Кемин шаарынын мэриясы уюштурган жергиликтүү демилгелердин конкурсунда жеңүүчү болгон Иличбек ЧУШТУКОВ. Анын “Спорт – ден соолуктун булагы” деп аталган демилгеси сунушталган үч идеянын ичинен мыкты деп табылып, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Марафон спорттун жана сергек жашоонун чыныгы майрамына айланды!
Акимдин орун басары Асел ЖУМАНАЛИЕВА марафонду өткөрүүгө өзгөчө колдоо көрсөтүп, өзү да аралыкка чуркап, шаардыктарды шыктандырды.
Буга кошумча ар бир тургун жигердүү жашоо образын кармансын деп, Иличбек жергиликтүү демилгенин алкагында сейил бакта спорттук жабдууларды, теннис үстөлүн жана шахмат үстөлдөрүн орнотууну сунуштады.
Демилге жергиликтүү бюджеттен толук колдоого алынып, Швейцария Өкмөтү каржылаган “ЖӨБ органдарын өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында кошумча жардам алды. Кеминдин мэриясы тез жардам жана күзөт органдарынын коштоосун уюштуруу менен катышуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылды.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















