Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ош шаарында OGP Local демилгесинин алкагында “Ачык Ош” жумушчу тобунун экинчи жыйыны өттү
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору
2025-жылдын август айынын соңунда Ош шаарында OGP Local (Ачык жергиликтүү башкаруу) глобалдык демилгесинин алкагында Биргелешкен иш-аракеттер планынын долбооруна киргизүү үчүн сунушталган шаардык демилгелерди талкуулоого арналган “Ачык Ош” жумушчу тобунун экинчи жыйыны өттү.
Бул демилге дүйнө жүзү боюнча шаарларга өз тургундары үчүн ачык жана айкын болууга жардам берет.
Ош шаары бул демилгеге 2024-жылы кошулуп, ушул тапта өзүнүн биринчи планын даярдоо баскычында турат.
Жыйындын жүрүшүндө демилгелердин авторлору, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү төрт сунушту беришти:
- Ош шаарындагы оюн-зоок мекемелеринде кыз-келиндердин коопсуздугун камсыз кылуу;
- шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу;
- муниципалдык кызматтардын ишиндеги ачык-айкындуулукту жогорулатуу;
- Ош шаарынын мэриясынын ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталды колдонуусу.
Катышуучулар, мэриянын жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү айтылган сунуштарды талкуулап, сын-пикирлерди жана сунуштарды беришти. Учурда Биргелешкен иш-аракеттер планынын үстүнөн иштер уланууда. “Ачык Ош” демилгеси диалогду кеңейтүүгө жана натыйжалуу мамлекеттик жана жергиликтүү башкарууну сүрөөгө багытталган.
Жыйын Швейцария Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк аркылуу өттү.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты
















