Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
EGED программасы жана Борбордук Азиядагы экономикалык реформалардын келечеги
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору
Бишкекте “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) регионалдык программасын жеткире иштеп чыгуу боюнча үч күндүк семинар өттү. Семинарга Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келгендер, мамлекеттик органдардын, медианын, эксперттик коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар программанын формалдуу компоненттерин гана эмес, реалдуу чакырыктарды, тобокелдиктерди, чөлкөмдөгү процесстердин ыргагын, өзгөрүүлөрдөн күтүлүп жаткандарды, эң негизгиси Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган программа жеринде адамдарга чындап пайдалуу болушу үчүн эмнелерди жасаш керектигин талкуулашты.
Семинардын ачылышында EGED программасынын жетекчиси Жафар УСМАНОВ “Борбордук Азия гүлдөп өнүккөн, туруктуу жана инклюзивдүү чөлкөм болуп, анда экономикалык реформалар жеринде чындап жыйынтыктарды бергени бардыгыбыз үчүн өтө маанилүү”, – деп баса белгиледи.
Үч күндүн ичинде катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
- чечимдердин жана бюджеттин деңгээлинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту күчөтүүнү;
- баарынан жакшы иштеген байланыш каналдарын;
- өнүктүрүүнү пландоого жергиликтүү жамааттарды тартуунун маанилүүлүгүн;
- программаны реалдуу контекстке ыңгайлаштырууну.
Жыйынтыктоочу сессияда ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА: “Акыркы фазада даярдалган социалдык-эконо-микалык өнүктүрүү пландары Кыргызстандын пилоттук райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде инвестицияларды пландоонун өзөктүк каражаттарынын бири болуп калды”, – деп айтты өз кезегинде.
Семинар 2025-жылдын июлунда ӨСИде башталган EGED программасынын жаңы фазасын биргелешип кошо-иштеп чыгуу процессинин бир бөлүгү болуп калды.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















