Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Коомдук бюджеттик угуулар: кош пайда
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору
Өнүктүрүү саясат институту 2024-жылдагы коомдук бюджеттик угуулардан кийин өткөрүлгөн “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсунун жыйынтыгы боюнча Чүй облусунан жигердүү катышуучуларды сыйлады.
Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын ЖӨБ органдарына ноутбук жана принтер түрүндөгү оргтехникалар өткөрүлүп берилди.
Маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамды аткаруу максатында бюджеттик угууларды даярдоодо жана өткөрүүдө жигердүү иш алып барганы үчүн дагы бир ноутбук Кемин шаарынын мэриясына берилди.
“Биз үчүн ӨСИде жөн гана мыйзамдын ченемин аткарып тим болбостон, тургундар менен диалогду өнүктүрүүгө салым кошкон ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин колдоо да маанилүү. Бул муниципалитеттердин адистери демилге көтөрүп, өткөн жылдын бюджеттик угууларын уюштуруу жана өткөрүү процессине жогорку катышуусун көрсөтүштү”, – деп белгиледи Сабина ГРАДВАЛЬ, ӨСИнин Башкаруусунун мүчөсү.
Эсиңизге сала кетсек, мындай конкурстарды өткөрүү жана жергиликтүү жамааттарды тартуу менен коом үчүн маанилүү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүчү жабдууларды сатып алууну Швейцария Өкмөтү Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк аркылуу колдоого алып келатат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















