Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ош шаары: иштеп кетчү өнүктүрүү пландарын кантип түзүш керек
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин байланыш боюнча координатору
29-30-июль күндөрү Ош шаарында туруктуулук жана жашыл экономика принциптерин эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуу боюнча практикалык тренинг өттү. Эки күн бою мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү кызматтардын, министрликтердин жана жарандык демилгелердин өкүлдөрү шаардын пландарын стратегиялык гана эмес, ошону менен бирге ишке ашырууга жарамдуу кылуунун үстүнөн да иштешти. Ош – ишти реалдуу дайындар, жергиликтүү жамааттардын катышуусу жана экологияга назар буруу менен айкалыштырган пландоого комплекстүү мамиле киргизилип жаткан дагы бир шаар.
“Ош – өсүш үчүн дарамети бар, ыргагы күчтүү шаар, бирок социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн так планы болмоюнча чечилбей турган көйгөйлөр да бар”, – дейт Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Максим СЕМЕНЯК.
Өзгөчө көңүл СЭӨП менен бюджеттик механизмдердин ортосундагы байланышка, документ кагаздын бетинде калбастан, ресурс-тарды тартуунун жана өнүгүүнү башкаруунун аспабына айланышын камсыз кылууга бурулду.
“Пландар формалдуу эмес, иштиктүү да болушу керек. Бүгүнкү күндө мамлекет бир нерсеге басым жасап жатат: жергиликтүү адистер фактыларга жана финансыга таянып, өз аймагын өнүктүрүүнүн долбоорун түзө билиши керек”, – деп белгиледи КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек МАМАТОВ.
Тренинг Өнүктүрүү саясат институту көрсөткөн методикалык колдоонун бир бөлүгү болуп калды. ӨСИ муну ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, GIZ жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.
Ошентип, Ош шаарында тренингдердин жайкы сериясы аяктады, бирок процесс эми гана башталууда. Шаарларда өзгөрүүлөрдү сүрөй турган командалар түзүлүүдө. Алар муну жеринде, өз колу менен, түшүнүү жана колдоо менен ишке ашырмакчы.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















