Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын консультанты
16-18-майда Ошто жана 23-25-майда Бишкекте өз жамааттарын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик башкарууга жигердүү катышууга кызыкдар лидер аялдар үчүн программанын алкагында биринчи модуль өттү.
Экинчи толкунга катышуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан кадрдык резервге киргизилген 50 лидер аял тандалып алынган. Үч күндүн ичинде алар мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, реформалар жана мыйзамдарды талдоо боюнча тереңдетилген окуудан өтүштү.
Бул жолу программаны ишке ашырууга жаңы өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш да кошулду.
Биринчи модулда тренингдерди мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер – Кундузгүл БАЗАКЕЕВА жана Авазкан ОРМОНОВА өткөрүштү.
“Июнь айынын башында БАЖБАнын окутуучусу Нуржан СУПАТАЕВА экинчи агымдын катышуучулары үчүн “Стратегиялык менеджмент” темасында 4 вебинар өткөрдү. Бул вебинарлардын жүрүшүндө катышуучулар SWOT-талдоо менен таанышып, аны жасашты, SMART-максаттарын аныкташты жана өздөрүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгышты. Бул иштер алган билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдөө максатында жүргүзүлдү”, – деп айтты БАЖБАнын ассистенти Айгерим АЛМАНБЕТОВА.
Тартылган эксперт Наталья НИКИТЕНКО жана “100 лидер аял” Программасынын БАЖБАдан координатору Салия АКУЛОВА 13-14-июнда Ошто “Жетекчинин жумшак көндүмдөрү” темасында экинчи модуль өткөрүштү. Бул модулдун натыйжасында Программанын катышуучулары жеке максаттарды койгонду жана стратегияны түзгөндү үйрөнүп, кантип чыныгы лидер болуш керектигин жана команда менен натыйжалуу иштөөнүн, убакытты туура башкаруунун ыкмаларын өздөштүрүп, кантип коммуникацияны сабаттуу курса болорун, аудиториянын алдында кантип ишенимдүү сүйлөш керектигин, фокусту жана күч-кубатты жоготпостон стрессти кантип жеңсе болорун билип калышты.
Бишкекте бул модуль 2025-жылдын 20-22-июнь күндөрү өттү.
Бул билим берүү программасын КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы ишке ашырып жатат.
Программа Швейцария Өкмөтү каржылаган “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында, ошондой эле КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
Программа 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылып жатат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















