Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
КР ЖӨБ Союзу Бишкектеги муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн окуу өткөрдү
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын консультанты (КР ЖӨБ Союзунун соцтармактардагы профилиндеги маалыматтын негизинде)
2025-жылдын 23-майында КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик биргелешип Бишкек шаарынын муниципалдык ишканалары үчүн окуу семинарын өткөрүштү.
Семинарга Бишкектин биринчи вице-мэри Мирлан БАЙГОНЧОКОВ, ошондой эле муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалы, анын ичинде муниципалдык ишканалардын ишин уюштуруу маселелери боюнча кыскача маалымат берди, ал эми эксперт Гүлнара САЯКБАЕВА турмуштан алынган мисалдар менен муниципалдык ишканаларды уюштурууга жана башкарууга кененирээк токтолду.
Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестри (ММБР) тууралуу маалымат берилди.
Бул семинар Бишкек шаарындагы муниципалдык ишканалар үчүн биринчи таанышуу жыйыны болуп, анда алар күнүмдүк ишинде туш болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктоо боюнча пикир алмашты. Ал эми семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, эксперттерден түшүнүктүү жана маңыздуу жоопторду ала алышты.
Жакын арада кошумча окутууларды өткөрүү пландалууда.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















