Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын консультанты (анын ичинде www.dpi.kg сайтынын негизинде)
Кол коюу аземи 2025-жылдын 16-июнунда Ташкентте өтүп, биргелешкен демилгелердин, өз ара таануунун жана коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү жамааттарынын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү жолдорун издөөнүн уландысы болуп калды.
Кызматташтык 2024-жылдын жазында, Махаллалар ассоциациясынын өкүлдөрү EGED Программасынын алкагында ӨСИнин колдоосу менен БАЖБА уюштурган аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык семинарга катышканда башталган. Ушундан кийин 2024-жылдын күзүндө ӨСИнин башкаруусунун төрайымы Самарканд шаарында өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча форумга катышты. 2025-жылдын апрель айында EGED Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун чакыруусу менен, ӨСИнин колдоосу алдында Махаллалар ассоциациясынын өкүлчүлүк делегациясы Кыргызстанга келген. Бардык байланыштар Өнүктүрүү саясат институтунун тикелей катышуусу жана демилгеси менен түзүлгөн, ошондуктан мамилелерди меморандум түрүндө тариздештирүү ушул мамилелердин табигый өнүгүүсү болуп калды.
“Бул демилгенин өзөгүндө жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жатат. Атап айтканда, биз жергиликтүү өз алдынча башкарууну, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү, тажрыйба жана билим алмашуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөнү пландаштырып жатабыз, ошондой эле аймактарды туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негиз түзгүбүз келет”, – деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
Тараптар Ассоциация менен ӨСИнин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу, муниципалдык башкаруу, махаллаларды башкаруу, жергиликтүү өнүгүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү, анын ичинде санариптик технологияларды киргизүү, коомдук кызматтарды көрсөтүү жана жарандарды чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартуу жаатында тажрыйба алмашуу менен бекемдөөгө ниеттенишерин белгилешти.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















