Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча консультанты
2025-жылдын 7-апрелинен 12-апрелине чейин Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Махаллалар ассоциациясы Кыргыз Республикасындагы региондорду өнүктүрүү тажрыйбасы менен таанышып чыкты. Коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүк мамилелерди бекемдеп, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун жогорулатуу жана аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү жаатында тажрыйба алмашууда. Эки маанилүү жагдай сапар өзгөчө актуалдуу болгонунан кабар берет. Биринчиден, Махаллалар ассоциациясы Өзбекстандын Президенти Шавкат МИРЗИЁЕВдин жарлыгына ылайык болгону бир жыл мурда түзүлгөн, бул уюмдун калыптанышынын маанилүү мезгили болгонун билдирет, мында коңшу өлкөнүн тажрыйбасы өзгөчө баалуу. Экинчиден, сапар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ Европа Биримдиги–Борбордук Азия саммитинин алкагында Өзбекстанга баргандан бир нече күн өткөндөн кийин өттү. Саммитте Кыргызстандын лидерин вице-премьер-министр макамына ээ Махаллалар ассоциациясынын төрагасы Кахрамон КУРАНБАЕВ коштоп жүрдү. Делегацияны Ассоциациянын төрагасынын биринчи орун басары Жовдадхон ИНАГОМОВ жетектеп жүрдү.
Делегацияга 15 адам кирди, алардын арасында Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү да болду. Иш-чаранын программасында КР Жогорку Кеңешинин, КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (МКЖӨБМА) өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын мэриясы, Чоң-Сары-Ой айылдык аймагынын өкүлдөрү, ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү менен жолугушуулар болду. Жолугушуунун жүрүшүндө региондорду өнүктүрүүнүн жолдору, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын эриш-аркак иштешүүсү, административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары, ошондой эле келечекте эки ассоциациянын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Делегация ошондой эле Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын кеңселерине барып, жергиликтүү өнүктүрүү боюнча реформалардын мамлекеттик эмес өнөктөштөрдүн тажрыйбасы менен таанышып чыгышты. Надежда ДОБРЕЦОВА жана Асель КУРМАНАЛИЕВА делегациянын катышуучуларын жасалып жаткан эксперттик иштери жана өкмөттүн колдоосуна көмөктөшкөн долбоорлордун көлөмү менен шыктандырышты. Салия АКУЛОВА менен Улара НАРУСБАЕВА гендердик программалары жана аял депутаттар менен жүргүзгөн иштери менен таасир калтырышты.
Өзбекстан Республикасынын Махаллалар ассоциациясы менен КР ЖӨБ Союзунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу өзүнчө бир окуя болду. Жовдадхон ИНОГАМОВ (Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы) жана Бектурган ОРОЗБАЕВ (КР ЖӨБ Союзу) МКЖӨБМАнын директору Кудайберген БАЗАРБАЕВдин катышуусунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюу аземи сапардын кульминациялык учуру болуп, эки өлкөнүн стратегиялык альянсынын символуна айланды.
Түбөлүк достук жөнүндө Келишимге негизделген документ өнөктөштүктү өнүктүрүү, башкарууда тажрыйба алмашуу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, гендердик инклюзия, долбоорлорду ишке ашыруу, боордоштук байланыштарды чыңдоо максаттарын бекитти. Кызматташуунун формаларына форумдар, семинарлар, жылдык жолугушуулар жана кызматташуу программасы кирет. Меморандум үч жыл күчүндө болот, эгерде өзүнө макулдашылбаса, юридикалык же финансылык милдеттенмелери болбойт. Меморандум “махаллалар жетилигинин” (акимиаттар, жаштар лидерлери, аял активисттер, социалдык кызматкерлер) кадрдык өнүгүүсүн жана мамлекет менен ЖӨБдүн ортосундагы диалогду колдойт. “Меморандум эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдөгү доордук кадамды билдирет”, – деп белгиледи президенттердин достукту чыңдоого болгон саясий эркин баса белгилеп жатып Кудайберген БАЗАРБАЕВ. Жовдадхон ИНОГАМОВ коңшу өлкөлөрдүн уникалдуу тажрыйбаларына басым жасап, Кыргызстандын тажрыйбасын тереңирээк изилдеп, ишинде эске алуу ниетин билдирди. Документ жалпыга маалымдоо каражаттарында резонанс жаратып, чөлкөм үчүн модель болуп калды. Бул документ чек ара аралык долбоорлорго, санариптештирүүгө жана гендердик демилгелерге жол ачат. Меморандумга кол коюу бир нече жылдарга кызматташуунун векторуна жол көрсөтүп, тарыхый учур болуп калды.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Меморандумду практикалык мазмун менен толтуруу максатында анын жыйынтыктары да талкууланды. Алсак, 11-апрелде Ысык-Көлдүн жээгинде финалдык талкуунун алкагында келечектеги кызматташуу үчүн идеяларды талкуулоо боюнча топтук иш уюштурулду. Катышуучулар сапар маалында алардын көңүлүн бурган жергиликтүү өнүгүү жана башкаруу маселелерине басым жасап, мындан аркы кооперациянын формаларын сунушташты. Андан соң ӨСИ жана ЖӨБ Союзу сунуштарды даярдап, аларды иш-чаралар планынын долбоору түрүндө Махаллалар ассоциациясынын дарегине жөнөтүштү.
Ошол эле учурда Махаллалар ассоциациясы да ишти улантып кетти. Мисалы, Ассоциациядан 29-апрелде административдик-аймактык реформанын жыйынтыгына арналган онлайн-семинарды өткөрүү сунушу түштү. ЖӨБ Союзу бул сунушка ошол замат жооп кайтарып, семинар өткөрдү.
Тараптар Өзбекстанда жигердүү кызматташууну, тажрыйба алмашууну мындан ары да уланта берүүгө ниеттенүүдө, бул өзгөчө 2025-жылдын жаз мезгилинин этегинде өтө турган махаллалардын раистерин (төрагаларын) шайлоого байланыштуу актуалдуу маселе болуп турат.
Тараптар кол койгон Меморандумду конкреттүү мазмун менен толтура турган иш-чаралар планынын долбоорунда иш-аракеттердин кеңири өңүтү каралган. Мисалы, өзгөчө Фергана облусундагы өзбек махаллаларынын тажрыйбасын изилдөө үчүн, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тажрыйба алмашуу максатында кыргыз делегациясынын Өзбекстанга жооп иретинде иш сапарын уюштуруу пландалып жатат; санариптештирүү, гендердик саясат, ресурстарды башкаруу, менеджмент жана муниципалдык башкаруунун жана жергиликтүү өнүгүүнүн башка маселелеринде махаллалардын жаңы шайланган төрагаларынын жана Кыргызстандын айыл өкмөт башчыларынын квалификациясын жогорулатуу максатында ЖӨБ лидерлери үчүн биргелешкен окуу платформасын түзүү; жамааттарды башкаруунун кыргыз жана өзбек тажрыйбасын бириктирген практикалык колдонмону түзүү максатында махаллалардын төрагалары, жамаат лидерлери жана жарандар үчүн суроолор-жооптор түрүндө колдонмо китепти даярдоо; эки өлкөнүн ЖӨБ чөйрөсүндөгү реформалары жөнүндө ачык-айкындуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында ЖӨБдү илгерилетүү үчүн медиаплатформаны түзүү. Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана чакырылган коноктордун катышуусу менен ЖӨБдүн регионалдык ассоциациясы үчүн негиз түзүү максатында Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун регионалдык форумун (2026-жылы) уюштурууну эки тарап өзүнчө маанилүү чара деп эсептешет. Албетте, элдик дипломатия аркылуу маданияттардын ортосундагы диалогду тереңдетүү, борбор азиялык иденттүүлүктү калыптандырууга көмөктөшүү үчүн боордоштук байланыштарды чыңдоо максатын көздөгөн биргелешкен маданий долбоорлор да планда бар.
Иш-чараны “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (EGED) колоосу менен КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту уюштурду. Аталган Программаны Улуу Британиянын Өкмөтү FCDO аркылуу каржылап, Өнүктүрүү саясат институту менен кызматташтыкта ишке ашырууда. Сапардын алкагындагы иш-чараларга FCDO’нун Бишкектеги жана Ташкенттеги кеңселеринин өкүлдөрү катышты.
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 БАЖБАнын окутуучулар жана тренерлер тобун толуктайбыз – Академиянын туруктуулугуна карай дагы бир кадам
-
№5 (163) / 2025-06-10 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасын ишке ашыруунун биринчи этабы жыйынтыкталды: өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган 50 лидер аял жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму