Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (163) 10 Июнь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары

2025-06-10 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын  көп тараптуу координациялоонун платформасы катары

Жаңылык ӨСИ жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА тарабынан Өнүктүрүү саясат институтунун сайтындагы (www.dpi.kg) материалынын негизинде даярдалды

2025-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Экологиялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Иш-чарага шаардык администрациянын, коммуналдык кызматтардын, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышып, баш калаанын айлана-чөйрөсүн коргоонун өзөктүк маселелерин талкуулашты. Иш-чара “ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн жана People Powered Долбоорунун, ошондой эле “MoveGreen” Коомдук бирикмесинин алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун финансылык жана уюштуруучулук колдоосу менен өттү.

Экологиялык кеңеш Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча ар кандай тараптардын аракеттерин макулдашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуш үчүн 2020-жылы түзүлүп, 2024-жылы жаңыланган.

Жолугушуунун негизги максаттарын жана милдеттерин белгилеп, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Р. Г. АЛИЕВ саламдашуу сөзү менен чыкты. Ал ошондой эле мындай жыйындарды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Шаардын мэри мындай кеңештерди туруктуу негизде өткөрүп турууну сунуштады. Кийинки жыйынды Бишкек шаарынын мэринин өзүнүн катышуусунда дагы көп эксперттерди чакыруу менен жакынкы арада өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Биз диалогго ачыкпыз, сын-пикирлерди да угууга жана кабыл алууга даярбыз”, – деди мэрдин орун басары.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган иш-чараларды талкуулап, ошондой эле жаңы демилгелерди жана ыкмаларды сунушташты. Шаардык чөйрөдөгү жаратылышка багытталган чечимдерге өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги экологиянын учурдагы абалы тууралуу баяндама менен “Кыргызстандын Жашыл Альянсы” ЮЖБнын башкаруусунун төрагасы М. САГЫНАЛИЕВА чыкты. “MoveGreen” КБнын эколог эксперти Д. ПЕРЕЯСЛАВСКИЙ абанын булганышына каршы күрөшүүнүн бир ыкмасы катары вертикалдуу жашылдандыруунун инновациялык долбоору менен тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө Экокеңештин 2025-жылга Иш планын талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду, анда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча билим берүүчү демилгелер жана практикалык чаралар камтылган.

“MoveGreen” КБнын жетекчиси Азат МУРАДЫЛ мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгиледи: “Экокеңеш – бул экологиялык маселелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча. Муниципалдык органдар – мэрия, Жаратылыш ресурстары министрлиги – көлөмдүү жана маанилүү иштерди жасап жатканын белгилей кетким келет. Ошол эле учурда коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун салымдарына көңүл бургум келет. Биз азыр мэрия менен биргеликте жашылдандыруу долбоорун ишке ашырып жатабыз – бул биздин биринчи демонстрациялык долбоорубуз”.

Экологиялык кеңеш шаардын экологиялык саясатын түптөөнүн, таза Бишкек үчүн ар кандай уюмдардын күч-аракеттерин координациялоонун негизги механизмдеринин бири бойдон кала берүүдө.

 

 

Окшош материалы: