Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасын ишке ашыруунун биринчи этабы жыйынтыкталды: өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган 50 лидер аял жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИ жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын март айынын ортосуна чейин “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасын¹ ишке ашыруунун биринчи этабы өткөрүлдү. Бул программа башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда аялдардын ролун бекемдөөгө багытталган. Программага Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 50 лидер аял тартылды, алардын 25и түндүк облустардан, ал эми 25и түштүктөгү облустардан.
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасы – бул Швейцария Өкмөтү каржылаган “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) менен биргеликте ишке ашырып жаткан масштабдуу демилге. Программанын башкы максаты – өлкөнүн социалдык, башкаруучулук жана саясий турмушуна жигердүү катышууга жөндөмдүү аялдардын лидерлик дараметин өнүктүрүү.
Программа үч бетме-бет интенсивдүү модулду (оффлайн), ошондой эле онлайн сессияларды жана консультацияларды камтыйт.
“2024-жылдын декабрында “Кыргызстандын 100 лидер аялы” билим берүүчү программанын биринчи модулу өттү. Бул программа башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда аялдардын ролун бекемдөөгө багытталган. Бул модуль мамлекеттик башкаруу системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерин жана аялдардын саясаттагы мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүүгө негиз болуп берди. Катышуучулар мамлекеттик бийликтин конституциялык негиздерин, аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарынын түзүмүн, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана ишке ашыруу механизмдерин үйрөнүштү. 2025-жылдын январында өткөрүлгөн экинчи модуль гендердик саясат, аялдардын лидерлиги жана аялдар коомдо туш болуп жаткан социалдык-укуктук көйгөйлөргө практикалык талдоо жүргүзүү маселелерине арналган. Бул модуль Программанын маанилүү этабы болуп калды, ал катышуучуларга өз билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, ошону менен бирге иш жүзүндө да колдонууга, башкаруу ишине жана коомдук турмушка гендердик өңүткө басым жасаган ыкмаларды киргизүү жолдорун талкуулоого мүмкүндүк берди. Үчүнчү модуль 2025-жылдын март айынын ортосунда өтүп, бул Программаны ишке ашыруунун биринчи этабынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды. Ал Программанын катышуучуларынын жеке жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул модулдун билим берүү сессиялары жеке натыйжалуулукту жана башкаруу ишине ишенимди жогорулатууга багытталган практикалык көнүгүүлөрдү, симуляцияларды жана тренингдерди камтыды”, – деп түшүндүрдү Программанын БАЖБАдан ментору Салия АКУЛОВА.
2025-жылдын апрелинин башында Программанын экинчи этабы башталды, анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан дагы 50 лидер аял тандалып алынат. Программа аялдардын лидерлигин колдоо вазыйпасын улантып, катышуучуларга билим алуу, нетворкинг жана кесиптик өсүш үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Программанын экинчи цикли 2025-жылдын май айынан июль айына чейин өтөт. Окутуунун форматы төмөнкүлөрдү камтыйт: Бишкек жана Ош шаарларындагы күндүзгү модулдар; вебинарлар жана консультациялар; практикалык тапшырмалар жана ментордук колдоо.
Программага катышуунун артыкчылыктары: акысыз окутуу; аялдардын лидерлигин колдоо боюнча КРнын мамлекеттик программасынын катышуучусунун статусу; КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынан жана БАЖБАдан квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк; кесиптик байланыштардын жана санаалаштардын тармагына катышуу; алдыңкы эксперттерге жана уникалдуу ресурстарга жеткиликтүүлүк.
Программага катышуу үчүн атайын шилтеме боюнча анкетаны 2025-жылдын 21-апрелине чейин толтуруш керек болчу, себеби катышуучулар конкурстун негизинде тандалып алынган. Тандоодон өткөн аялдар программага катышуу үчүн жекече чакыруу алышат.
______________
¹ Программа КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы №62 “2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда. Программа кадрлар резервиндеги – муниципалдык, регионалдык жана ведомстволук деңгээлдеги аял лидерлердин катышуусуна багытталган.
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат
-
№5 (163) / 2025-06-10 Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 БАЖБАнын окутуучулар жана тренерлер тобун толуктайбыз – Академиянын туруктуулугуна карай дагы бир кадам
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму