Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (163) 10 Июнь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси

2025-06-10 / Аймактарды өнүктүрүү
Талас облусунун Айтматов району:   социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси

Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти

СЭӨПнын жаңы методикасы райондордун социалдык инфраструктурасынын абалын, анын ичинде калкка тигил же бул кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү үлүшүнүн көрсөткүчтөрүн же инфраструктуранын сапатын байкоо мүмкүндүгү үчүн бир катар салыштырмалуу көрсөткүчтөрдү колдонот.

Көрсөткүчтөрдүн акыркы категориясына райондун ички (республикалык маанидеги транспорттук коридорлорго кирбеген) жолдору нун сапатынын индикатору кирет – ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальт төшөлгөн ички жолдордун үлүшү (% менен). Бул көрсөткүчтүн талдоосу башка салыштырмалуу көрсөткүчтөр менен салыштыра келгенде райондун жол тармагы (жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалда болгону 20%) катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу сыяктуу башка райондор үчүн көйгөйлүү тармактан (2024-жылы райондун калкынын кызмат көрсөтүүсү менен камтуунун 85%) олуттуу артта калып келатканын байкоого мүмкүндүк берди. 2025-2027-жылдары СЭӨПны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин баштапкы планында райондун ички жолдорун калыбына келтирүү боюнча чаралар жана инвестициялык эсептөөлөр камтылган эмес. Жол тармагынын инвестициялык керектөөлөрүнө байланган бул божомол орто мөөнөттүү мезгилдин аягына карата кызмат көрсөтүүлөр менен камтууну көбөйтүү максатында Иш-аракеттер планын зарыл чаралардын топтому менен толуктоого багытталган (2-сүрөттү караңыз).

2-сүрөт. Айтматов районунда асфальт төшөлгөн ички жолдордун үлүшүнүн өсүшүнө божомол, % менен

Райондун жол тармагын өнүктүрүү башка инфраструктуранын өнүгүшүнөн кыйла артта калып жатат, бул болсо экономиканын өсүшүнө жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жолтоо болууда. Ички жолдун бир чакырымын калыбына келтирүүнүн орточо наркынын негизинде эсептелген жол тармагын инвестициялык пландоого жана бюджеттик инвестицияларга көңүл буруу көрсөткүчтү буга чейин пландалгандай 20 пайыздан 30 пайызга чейин жеткирбестен, 2027-жылы райондун жолдорунун жарымын тартипке келтирүүгө жардам берет.

Ошентип, СЭӨПнын жаңы методикасы тармактык профилдер аркылуу артта калып жаткан тармактарга көңүл бурууга, алар үчүн инвестициялык муктаждыкты так баалоого жана инвестицияларды тартуу үчүн күч-аракеттерди жумшоого мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө социалдык инфраструктура тармактары үчүн актуалдуу маселе.

 

Окшош материалы: