Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
Бир күндүк тренингдер жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздерине арналды.
17-февралдан 21-февралга чейин Чүй районунун 5 муниципалитети үчүн, 17-февралдан 24-февралга чейин Бакай-Ата районунун төрт муниципалитети үчүн Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери” темасында бир күндүк тренингдерди өткөрдү. Иш-чаралар Швейцария өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдары консорциумда аткарган “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун пилоттук муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн уюштурулган.
“Тренингдер теориядан гана эмес, практикалык сабактардан да турду, анын жүрүшүндө катышуучулар топтордо жергиликтүү маанидеги маселелерге байланышкан кырдаалдык маселелерди чечүүнүн үстүндө иштешти. Тренингдин темасынан улам муниципалдык ишканалар жана муниципалдык мекемелер аркылуу кызмат көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул сессияда катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү аркылуу башкаруунун жол-жоболору менен таанышышты, аутсорсингдин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин жана муниципалдык ишканага (ЖӨБдүн башка органына), муниципалдык мекемеге, жеке секторго же коммерциялык эмес уюмга аутсорсингге берүүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдеп чыгышты”, – деди БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери, тренингдердин куратору Айнура ЧАНДЫБАЕВА.
Тренингдердин жүрүшүндө жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттары төмөнкүдөй темаларды окуп чыгышты:
-
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ченемдик укуктук негиздери;
-
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык жана кошумча реестрин түзүүнүн жана бекитүүнүн тартиби;
-
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр, жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруунун алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр, тарифтерди эсептөөнүн түшүнүгү жана тартиби;
-
кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана жеткирүүнүн ыкмалары жана “аутсорсинг” түшүнүгү;
-
кызмат көрсөтүү процессинин экономикалык жана финансылык туруктуулугун жогорулатууга таасирин тийгизген факторлор;
-
муниципалдык заказ.
Чүй жана Талас облустарынын эки районунан элеттик муниципалитеттердин жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрүнөн бардыгы болуп 9 топ окууга катышты.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















