Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
2025-жылдын январь айынын этегинде Өнүктүрүү саясат институту өткөн жылдын ноябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун жана Ош облусунун Ноокат районунун муниципалитеттеринин арасында жарыяланган “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Конкурс EGED Программасынын алкагында жарыяланган.
Жашоо шартын жакшыртууга жергиликтүү жамааттардын жигердүү катышуусуна шыктандыруу, жарандарды чечим кабыл алуу процессине тартуу жана жергиликтүү экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү конкурстун негизги максаты болгон. Өтүнмөлөрдө жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга, калктын аярлуу катмарына жардам берүүгө, бийлик органдарынын, жергиликтүү ишкерлердин жана жарандык коомдун биргелешкен күч-аракеттери менен чакан бизнести колдоого багытталган демилгелерди ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйба баяндалган.
“Жалпысынан конкурска эки облустан 14 өтүнмө түшкөн – жетөө Ноокат районунан жана жетөө Ат-Башы районунан. Комиссиянын чечими жарыялангандан кийин ЖӨБ органдарынын атынан демилгени улантып, айтылган тажрыйбаны жакшыртып же ЖӨБ менен өнөктөштүктө жаңы демилгени ишке ашыруу үчүн байге каражаттарынын суммасына техникалык колдоо көрсөтүүгө суроо-талаптар жөнөтүлгөн”, – деди Долбоордун менеджери Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА.
Долбоордун, пилоттук райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнөн турган конкурстук комиссиянын чечими менен өтүнмөлөргө упайлар берилип, ЖӨБ органдарынын жеңүүчү-муниципалитеттеринин өздөрүнүн суроо-талаптарына ылайык сатып алынуучу товардык байгелерди көрсөтүү менен орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 1-орун – Ат-Башы районунун Ак-Муз айылдык аймагы, “Тазалык сенден башталат” өтүнмөсү. 70000 сом өлчөмүндөгү байге каражаттарына ЖӨБ органдары көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн светодиоддук лампаларды сатып алууну пландап жатат.
- 2-орун – Ноокат районунун Кара-Таш айылдык аймагы, “Тигүү цехи – айылдагы аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр” өтүнмөсү. 50000 сом өлчөмүндөгү байге каражаттарына ЖӨБ органдары цех үчүн электр генераторун, жылыткычтарды жана кайчыларды сатып алууну пландап жатат.
- 2-орун – Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык аймагы, “Улуу муун” социалдык аянтчасы – улуу муунга кам көрүү” өтүнмөсү. 50 000 сом өлчөмүндөгү байге каражаттарына ЖӨБ органдары борбордогу маданий-массалык иш-чаралар үчүн музыкалык жабдууларды (колонкаларды, микрофонду, үн күчөткүчтөрдү) сатып алууну пландап жатат.
- 3-орун – Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык аймагы, “СЭӨПны ишке ашыруу муниципалитетти өнүктүрүү үчүн аспап катары” өтүнмөсү. 30000 сом өлчөмүндөгү байге каражаттарына ЖӨБ органдары коомдук чогулуштар жана жыйындар үчүн музыкалык аппаратураны сатып алууну пландап жатат.
- 3-орун – Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык аймагы, “Кесиптик курстар – жаштар жана аярлуу үй-бүлөлөр үчүн мүмкүнчүлүктөр” өтүнмөсү. 30000 сом өлчөмүндөгү байге каражаттарына ЖӨБ органдары курстарда практикалык окутуу үчүн зарыл болгон аспаптарды сатып алууну пландап жатат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















