Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
2025-жылдын 24-мартында Экономика жана коммерция министрлигинде “Административдик-аймактык реформа шаарлар менен айылдардагы жашоону кантип өзгөртүүдө?” деп аталган пресс-сессия өттү.
КР Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек МАМАТОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Бакыт АЙТКУЛОВ реформанын алгачкы жыйынтыктары жана ААР принциптерин өлкөнүн башка региондоруна кантип киргизүү керектиги тууралуу айтып беришти. Ал эми административдик-аймактык реформанын принциптерин колдонууда чыныгы тажрыйбасы бар “Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын директору Ирина ЛИХОБАБИНА айылдык аймакты ирилештирилгенден кийин таштанды чыгарууну жолго коюуга, суу берүүнү камсыздоого, санариптик аспаптарды киргизүүгө жана калк менен системалуу ишти түзүүгө мүмкүн болуп калганын айтып берди.
Искандарбек МАМАТОВ билдиргендей, административдик-аймактык реформанын биринчи этабы аяктады: айылдык аймактар ирилештирилди, урбанизацияланган зоналар түзүлүүдө, мейкиндик схемалары даярдалып жатат. Бирок эң негизгиси – кеп географияда эмес, сөз башкаруунун логикасы кантип өзгөрүп жатканында.
ААРнын жыйынтыктарынын эң көрүнүктүү мисалдарынын бири – Түп районунун Ысык-Көл айылдык аймагы. Бул жерде реформадан кийин “Таза-Мурас” муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Тарифтер коомдук угууларда талкууланып, айылдык кеңеш бекиткен. Кийинки кадам – биллинг системасын киргизүү.
“Биз чакан грантты утуп алдык, техникаларды сатып алдык, электрондук системага өттүк. Азыр бардыгы ачык, түшүнүктүү болуп, автоматташтырылып калды. Карызкорлордун тизмеси жума сайын илинип, WhatsApp боюнча жөнөтүлөт. Суу пайдалануучулардын жоопкерчилиги жогорулап, өз эрки менен төлөп калышты”, – деди ишкананын директору Ирина ЛИХОБАБИНА.
Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Бакыт АЙТКУЛОВ административдик-аймактык реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чыныгы башкаруучулук функцияны кайтарып берип жатканын белгиледи. “Эң башкысы – команда болуп, жоопкерчиликти алууга даяр болушу керек”, – деп баса белгиледи ал.
Административдик-аймактык реформа муниципалитеттерди ирилештирүүдөн тышкары, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү кошо караштырат – өзгөчө полигондор, жайыттар, ирригация, жолдор өңдүү биргелешкен башкарууну талап кылган маселелерде. Ирина ЛИХОБАБИНА белгилегендей, Түп районунда бул ыкма иш жүзүндө иштей баштады. “Мындай маселелерди жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Биз коңшу айылдык аймактар менен бириге баштап, бул өз жемишин берүүдө”.
Практикада мындай ыкма макулдашып артыкчылыктарды аныктоого, донорлор жана министрликтер менен эриш-аркак иштешүүгө, жоопкерчиликти жана ресурстарды бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Ар ким өзүнө тарткан чечимдерди кабыл алуунун ордуна жалпы башкаруу жана бирдиктүү позиция пайда болду.
Түп районунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, административдик-аймактык реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары демилгени көтөрүп чыккан жерде иштейт. Бул формалдуу ирилештирүү жөнүндө эмес, маалыматка негизделген башкарууга өтүү жөнүндө, жамааттын катышуусу жана жеринде милдеттерди так түшүнүү жөнүндө болуп жатат.
Башка региондор үчүн бул ААР принциптерин жумушчу модель катары колдоно билүү мүмкүнчүлүгү бар болгонун билдирет:
-
туруктуу муниципалдык структураларды түзүү үчүн ресурстарды бириктирүү;
-
калк менен диалог жүргүзүп, келишимдик мамилелерди бекемдөө аркылуу сервистерди өнүктүрүү;
-
эсепке алуу жана көзөмөлдөө үчүн санариптик аспаптарды бара-бара киргизүү;
-
ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти алууга жөндөмдүү жергиликтүү командаларды түзүү.
Иш-чара EGED программасынын техникалык колдоосу менен өткөрүлдү.
Окшош материалы:
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат
-
№5 (163) / 2025-06-10 Бишкектин Экологиялык кеңеши борбор калаанын экологиялык саясатын көп тараптуу координациялоонун платформасы катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 БАЖБАнын окутуучулар жана тренерлер тобун толуктайбыз – Академиянын туруктуулугуна карай дагы бир кадам
-
№5 (163) / 2025-06-10 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасын ишке ашыруунун биринчи этабы жыйынтыкталды: өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган 50 лидер аял жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болду
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму