Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Кадамжай районунун СЭӨПсы 130 активисттин жана кызмат адамдарынын катышуусунда коомдук угууларда талкууланды
Коомдук угуулар 2025-жылдын 18-мартында Кадамжай шаарында өтүп, аны Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы демилгелеген.
Коомдук угууларга райондун 130дан ашуун жигердүү жашоочусу, бизнестин, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар коюлган маселелерди жигердүү талкуулап, бир нече өзгөртүүлөрдү сунушташты. Бул сунуштар программанын жыйынтыктоочу вариантында эске алынды.
Күн тартибине эки өзөктүк маселе коюлду:
- Кадамжай районун 2025-2027-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоору.
- Электр энергиясына тарифтердин жогорулашы.
Биринчи маселени талкуулоонун жүрүшүндө айыл чарба маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, себеби райондун калкынын 90% элет жергесинде жашап, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Тургундар талаа иштери башталган маалда аларды сапаттуу үрөн жана арзан отун менен камсыз кылууга колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдиришти.
Ошондой эле районду өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттары катары айыл чарба өсүмдүктөрүн өнүктүрүүгө жана продукцияны кайра иштетүүгө күч-аракетти жумшоо сунушталды, ал эми дыйкандар бул багытта билимди жана көрсөтмөлөрдү алууга муктаждыгы бар экенин айтышты.
Окшош материалы:
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Айтматов районунда “Ишкер-аял – өнүккөн коом” форуму өттү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинде СЭӨПга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана инвестициянын өсүшү талкууланды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Ат-Башы районунда өнүгүүнү координациялоо күчөтүлдү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Кемин районундагы инвестициялык форум: өсүшкө, өнөктөштүккө жана жаңы долбоорлорго басым жасалды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 миллион АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Райондордун Координациялык кеңештери: райондук диалог платформалары кантип инвестициялардын жана өнүгүүнүн аспабына айланды
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандагы пробация кеңештери: жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара байланышы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы

















