Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сатып алуулар, бир убакыттын ичинде бир нече мекемеде иштөө, кызматкерлердин укуктары

2025-03-03 / Муниципалдык ишканалар үчүн юридикалык консультация

Муниципалдык ишканалардын ишмердиги жөнүндө актуалдуу суроолордун жана жооптордун жыйнагынан үзүндүлөр.

Жыйнак1:

  • БАЗАРБАЕВ К. Б., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – МКЖӨБМА) директорунун; 
  • ОРОЗБАЕВ Б. И., Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун (мындан ары – ЖӨБ Союзу) директорунун;
  • АЙТБАЕВ Д. С., Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун директорунун орун басарынын жалпы редакциясы астында иштелип чыккан.

Суроолорго жоопторду төмөнкү адистер даярдашты: 

  • МАМАСАЛИЕВА Т. Э., МКЖӨБМАнын ЖӨБ функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы;
  • САЯКБАЕВА Г. С., ЖӨБ Союзунун муниципалдык ишканалар боюнча эксперти;
  • ТЕМУРМАЛИКОВА Ү.Т., ЖӨБ Союзунун укуктук маселелер боюнча эксперти.

Муниципалдык ишканалар жүзөгө ашыруучу сатып алуулардын жол-жоболорунун талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына кандай жоопкерчилик каралган?

Колдонуудагы мыйзамдар ченемдик укуктук актылардын жана сатып алуулардын жол-жоболорунун талаптарын бузгандыгы, кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда кызыкчылыктардын кагылышуусун жана аффилирленгендигин көрсөткөндүгү, сатып алуулардын катышуучуларынын ортосунда атаандаштыкты чектегендиги, мамлекет үчүн атайылап пайдасыз контракт түзгөндүгү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, пара алгандыгы, кызматтык жасалмалуулук жана башка укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилейт. Алсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде билип туруп пайдасыз контракт түзүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык ж.б. үчүн жоопкерчилик белгиленген. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы сатып алуулар жаатындагы укук бузуулардын аталышын берет. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, иши бюджеттик системанын бюджетинен каржылануучу ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин арасында аныкталган кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктайт. “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинде сатып алууларды жүргүзүүдө атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же четтетүүгө алып келүүчү же алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге тыюу салынат деп айтылат. 

Ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын алкагында монополияга каршы мыйзамдарды бузууга күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылат.

Муниципалдык ишкананын директору сатып алуулар процессинде конкурстук комиссиянын төрагасы боло алабы?

Муниципалдык ишкананын директору конкурстук комиссиянын төрагасы боло алат. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде мындай чектөөлөр белгиленген эмес. Аталган Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №216 токтомунун редакциясында).

Муниципалдык ишкананын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу боюнча конкурс өткөрүү үчүн түзүлгөн конкурстук комиссияда канча адам болушу керек?

Конкурстук комиссия – заказчынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурсту өткөрүү үчүн түзүлгөн коллегиялуу жумушчу орган. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби конкурстук комиссиянын курамынын саны боюнча чектөөлөрдү белгилебейт. Аталган Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген  (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №216 токтомунун редакциясында).

Катышуучу муниципалдык ишкананын конкурстук документтеринин талаптарына даттануу берүүгө укуктуубу?

Ооба, укуктуу. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №216 токтомунун редакциясында) Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун Типтүү тартибинин 60-пунктуна ылайык, конкурстун катышуучусу конкурстук документтердин талаптарына карата конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин эки жумуш күндөн кечиктирбестен, ал эми конкурс боюнча баалоо жүргүзүлгөндөн кийин – системада жеңүүчү аныкталгандан кийин эки жумуш күндөн кечиктирбестен заказчыга даттануу берүүгө укуктуу.

Эгерде даттануу белгиленген мөөнөттө каралышы мүмкүн болбосо, жеткирүүчүгө жогоруда көрсөтүлгөн Типтүү тартиптин 61-пунктуна ылайык кароонун жаңы мөөнөтүн көрсөтүү менен кабарлама жөнөтүлөт.

Жогоруда аталган Типтүү тартиптин 32-пунктуна ылайык заказчынын (муниципалдык ишкананын) чечимине макул болбогон учурда жеткирүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) кайрылууга укуктуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын (айыл өкмөтүнүн) чечимине макул болбогон учурда жеткирүүчү Кыргыз Республикасынын сот органдарына кайрыла алат.

Катышуучунун конкурстук табыштамага даттануу берүү укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №216 токтомунун редакциясында) Типтүү тартиптин 60-пунктунда белгиленген.

Муниципалдык ишкананын сатып алуулар боюнча адиси мамлекеттик үлгүдөгү шайкештик сертификатына ээ болууга милдеттүүбү?

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, муниципалдык ишкананын сатып алуулар боюнча адисинин сертификаты талап кылынбайт.

Ошол эле маалда муниципалдык ишкананын директору сатып алуулар боюнча адиске сатып алуулар боюнча сертификаттын болушун караган квалификациялык талапты белгилөөгө укуктуу.

65 жашка толгон кызматкерлер муниципалдык ишканада иштей алабы?

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан уюмдарда кызматкерлердин жаш курагына карата кандайдыр бир талаптарды белгилебейт. Мындай ченемдер “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы административдик кызматчылар үчүн каралган. Бирок муниципалдык ишканалардын кызматчылары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар болуп саналбайт. Мындан улам бул маселе Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык чечилиши керек.

Муниципалдык ишкананын директору бир эле учурда башка акы төлөнүүчү жумушта иштей алабы? 

Эгерде уюмдаштыруучунун – ЖӨБ органынын уруксаты болсо, иштей алат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 324-беренесине ылайык, уюмдун жетекчиси юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын, уюмдун мүлкүнүн ээсинин же менчик ээси ыйгарым укук берген жактын (органдын) уруксаты менен гана башка уюмдарда акы төлөнүүчү кызмат орундарын ээлей алат. Уюмдун жетекчиси ошол уюмда көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу органдардын курамына кире албайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 332-беренесине ылайык, айкалыштырып иштеген адамдар үчүн иш берүүчү белгилеген жумуш убактысынын узактыгы күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш.

Аял жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннадан жогору жүк ташуучу автоунаанын же жүк көтөрүмдүүлүгү 2,5 тонна болгон самосвалдын айдоочусу болуп иштей алабы? 

Жок, иштей албайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы №158 токтому менен Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмеси бекитилген.

Жогоруда аталган тизмеде аялдарга орундардын саны 14төн жогору болгон автобустарда шаарлардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташууда жана жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автоунааларда, 2,5 тонна самосвалдарда автоунаа айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салынат.

Муниципалдык ишкана жергиликтүү кеңешке отчет береби?

Жок, муниципалдык ишкана ЖӨБдүн аткаруучу органына тикелей отчет берет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230-беренесине ылайык, муниципалдык ишкананын уюмдаштыруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат, бул муниципалдык ишкана менен аталган органдын ортосундагы түздөн-түз отчеттуулукту белгилейт.

Ошону менен бирге, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары алардын карамагына кирген маселелер боюнча муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.

___________ 

1 Жыйнак өзүнө Кыргыз Республикасынын муниципалдык ишканаларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери күн сайын туш болуп жаткан маселелер боюнча 100 суроо-жоопту камтыйт. Суроолор “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун ишинин жүрүшүндө чогултулган. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарууда. Бул долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.