Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ноокат районунун ишкерлер ассоциациясы

2025-03-03 / Абалың кандай, район?
Ноокат районунун ишкерлер ассоциациясы

Ноокат районунун ишкерлер ассоциациясы 2018-жылы түзүлгөн жана ошондон бери аймактын бизнес-чөйрөсүн өнүктүрүүнүн үстүнөн жигердүү иш алып барууда. Ассоциацияны Сайрагүл ИСРАИЛОВА жетектейт, ал ишкер-лердин өсүшү жана тажрыйба алмашуусу үчүн платформа түзүү менен, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө каты-шып келет. Сайрагүл Координациялык кеңештин орун басары болуп иштейт жана Ноокат районунун экономикасын өнүктүрүүнү пландоодо бизнестин кызыкчылыктарын жигердүү көрсөтөт. Ноокат районунун СЭӨПсын даярдоого катышып, ассоциация EGED Программасынын колдоосу менен масштабдуу бизнес-форумга мүмкүнчүлүк алды.

Ассоциациянын 500 мүчөсү бар, алардын басымдуу бөлүгү кооперативдерди түзөт. Алардын ишинин багыттары ар түрдүү: айыл чарбасы, өнөр жай, туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо. Ассоциация ишкерлердин кызыкчылыктарын жигердүү колдоп, аларды тренингдерге жөнөтүп, бизнес-долбоорлорду түзүүгө жана эл аралык уюмдардан гранттарды тартууга жардам берип келет.

Сайрагүл ИСРАИЛОВА ассоциация бизнес-форумдарга жана эл аралык көргөзмөлөргө жигердүү катышып, бай тажрыйбага ээ болгонун баса белгиледи. Ишкерлер чет өлкөлөргө чыгып, тажрыйба алмашып, калктын аярлуу катмарына, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга жана ден соолугунан кыйналган адамдарга жардам көрсөтүп жатышат.

2023-жылы райондун деңгээлинде 60 ишкана чогулган бизнес-форум маанилүү окуя болуп калды. Форумдун алкагында “Айыл банк” менен меморандумга кол коюлду. Аталган банк салык милдеттенмелерин сактайт деген шарт менен Ноокат районунун ишкерлерине пайызы аз насыяларды берет. Ушундай эле макулдашуу “Элдик банк” менен бар, бул банк да төмөн пайыз менен же пайызсыз насыяларды сунуштайт.

Мындан тышкары, ассоциация Соода-өнөр жай палатасы менен жигердүү кызматташып, көргөзмөлөргө катышып, ошондой эле ишкерлерге товарларды экспорттоого жардам берет. Мисалы, ноокаттык ишкерлер “Түштүк Экспо 2024” көргөзмөсүнө өз продукцияларын чыгарып, биринчи орунду ээлеп, экспорт үчүн колдоо табышты.

Ассоциациянын мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү бийлик менен да, айыл өкмөтү менен да, акимиат менен да иштешет, бул ишкерлерге бири-бири менен кызматташууга, салык органдары, прокуратура, сот жана социалдык түзүмдөр менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ишкерлерге өз укуктарын жана милдеттенмелерин жакшыраак түшүнүүгө көмөкчү болот.

Ассоциацияда кайрымдуулук демилгелери да бар. Айрым ишкерлер азык-түлүккө жана башка муктаждыктарга каражат бөлүп, калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүп келишет. Мисалы, айрым үй-бүлөлөргө тигүүчү машиналарды же багып, көбөйтүү үчүн тоокторду сатып беришет.

Сайрагүл ИСРАИЛОВА өлкөнүн ичинде гана жигердүү иш жүргүзбөстөн, ошол эле маалда эл аралык кызматташтыкты да уюштуруп келет. Ноокат районунун ишкерлери чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кытайда, Индияда жана Азербайжанда бал, алма сыяктуу продукцияларды тааныткан көргөзмөлөргө катышып келишет. “Али-Баба” кытай компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу ири жетишкендиктердин бири болуп калды.

Өзбекстан менен, ошондой эле Екатеринбург жана башка аймактар менен кызматташуу жолго салынды. Ноокат районунун ишкерлери тажрыйба алмашууга жигердүү катышып, өз продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө таанытып жатышат.

Ассоциацияны жана жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүү маселелери көңүл чордонунда кала берүүдө. Сайрагүл ИСРАИЛОВА ишкерлер үчүн укук жана окутуу борборун түзүү идеясын райондун СЭӨПсына киргизүүнү сунуштады. Бул борбор ишкерлерге маалымат, консультация алууга жана бизнес-көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Окшош материалы: