Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Ноокат алмасы” бренди – районду өнүктүрүү программасынын өзгөчө камкордугунун предмети

2025-03-03 / Абалың кандай, район?
“Ноокат алмасы” бренди – районду өнүктүрүү программасынын өзгөчө камкордугунун предмети

Ноокат району алмасынын сапаты жана даамы менен белгилүү. 2023-жылы баасы 160 миллион сомду түзгөн “Ноокат алмасы” соода-логистикалык борборунун салтанаттуу ачылышы өткөн. СЭӨПны ишке ашыруунун алкагында бир катар талкуулар өткөрүлдү, алар Ноокат алмаларын таанытуу боюнча иш-чаралар комплексин аткарууга алып келди, анын ичинде продукцияны аймактык базарларга чыгаруу үчүн шарттар түзүлүүдө. Бул иш-чараны өкмөттүн өкүлдөрү белгилеп, ишкананын Кыргызстандын экспорттук дарамети өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын кошо айтышты. Кыргызстандын түштүгүндө эми жемиштерди өнөр жай көлөмүндө сактоого болот.

Ноокат районундагы ири муздаткыч жана соода кампасын түзүү тарыхы 2019-жылдан башталат. Бул жылы Исанов атындагы айылдык аймак “Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативине 7,5 гектар жерди ижарага бөлүп берген. Бул участокторго бир нече миң көчөт отургузулуп, көп өтпөй бул жер гүлдөгөн алма бакчасына айланган. Бүгүнкү күндө кооператив алма, алча жана жаңгак бактары ээлеген 25 гектар интенсивдүү бакчаларды иштетет.

Багбанчылыктын заманбап ыкмалары, сабаттуу түзүлгөн бизнес-план жана бак-дарактарды системалуу багуу кооперативге өндүрүмдүүлүктү көбөйткөндөн тышкары, сыйымдуулугу 1200 тонна жемиш сактоочу жайды (муздаткыч) курууга да мүмкүндүк берди.

Логистикалык борбордун долбоору кооперативдин 75 миллион сом өлчөмүндөгү өз каражатына ишке ашырылган, ошондой эле тышкы инвестициялар тартылган: АРИС 27 миллион 840 миң сом бөлүп берген, бул акча бакчаны логистикалык борбор менен байланыштырган 1,6 км жолго асфальт төшөөгө жана он объекттин дарбазасын орнотууга багытталган. Дагы бир донор (USAID) муздаткыч жабдуулардын сегиз комплектин сатып алууга, ички жарыктандырууну жабдууга жана сорттоочу цехти курууга 80 миң АКШ долларын берген. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өнүктүрүү стратегиясын даярдоого жардам берди. “АгроВэй” компаниясынын эксперттери өндүрүшкө деталдуу талдоо, анын ичинде SWOT-талдоо, рынокту жана атаандаштарды изилдөө иштерин жасап чыгышты.

Сактагыч ар бири 120 тонна болгон он камера менен жабдылган. Желдетүү системасы Түркиядан алып келинген. Электр энергиясын үзгүлтүксүз берип туруш үчүн көз карандысыз көмөк чордон орнотулуп, артезиан суусу үчүн скважина бургуланган. 2023-жылдын сентябрь айынан баштап сорттоо жана таңгактоо цехтери иштей баштаган. Бул иштердин натыйжасында алмаларды жыл бою даамын жана сапатын жоготпостон сактоого болот, бул болсо багбандардын кирешесин олуттуу түрдө көбөйтүүдө.

Ишкана туруктуу негизде 10 кызматкерге жумуш орундарын берет, ал эми сезон маалында кызматкерлердин саны 50 адамга чейин көбөйөт. Жалпысынан өндүрүштө 100 жумушчу орун каралган.

Кооперативдин аткаруучу директору Азирет МАМАТОВ буларды белгиледи: “Биздин башкы максатыбыз – эл аралык рынокторго жогорку көлөмдөгү сапаттуу продукция менен чыгуу. Азыр биз GLOBAL G.A.P. сертификатын алуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Бул сертификат биздин продукция дүйнөлүк коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берерин тастыктайт”. Сертификат Европанын базарларына жол ачып, продукция экологиялык ченемдерге шайкеш келерине кепилдик берет. 

“Ноокат алмасы” айыл чарба кооперативи агартуу иштери менен алектенет: кооперативдин курамына кирген 40тай багбан чарбага сапаттуу түшүм өстүрүү үчүн билим берилет – багбандар өсүмдүктөрдүн илдеттерин аныктаганды, туура сугарганды үйрөнүп, жер семирткичтер жана бак-дарактарды кыюу, продукцияны сактоо жана ташуу, таңгактоо боюнча маалымат алып турушат.

Кооператив 2024-жылы чет өлкөлөргө биринчи жолу продукцияны жеткирди – Tiin өзбекстандык соода тармагына 20 тонна алма жөнөтүлгөн. 

 

Окшош материалы: