Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА, ЖӨБ Союзу жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттик муниципалдык ишканалардын сатып алуулары боюнча адистери үчүн окууну уюштурууда
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
Тиешелүү меморандумга тараптар 2024-жылдын 26-ноябрында Бишкекте кол коюшкан.
Макулдашуунун катышуучулары уставдык капиталдагы катышуу үлүшү 50 жана андан ашык пайыз болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорго таандык болгон муниципалдык ишканалар жана чарбакер коомдор жүзөгө ашырып жаткан сатып алууларды башкаруу системасын өнүктүрүү чөйрөсүндө күч-аракеттерди бириктирүү жөнүндө макулдашышты. Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) жана ЖӨБ Союзу сатып алуучу уюмдарга сатып алуулар боюнча адистердин жана сатып алуу жол-жоболоруна тартылган адамдардын квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүп, муниципалдык ишканалардын сатып алууларды жүргүзүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошо алышат.
Тактап айтканда, БАЖБАнын күч-аракети тиешелүү окуу программаларын даярдоого жана ишке ашырууга; БАЖБАнын эксперттерин берүүгө жана окуу процессин уюштурууга, анын ичинде окуу курстарынын угуучуларын тестирлөөгө жана квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө биргелешкен сертификаттарды ыйгарууга багытталат. Маммүлк жана ЖӨБ Союзу БАЖБАнын Дайындар базасына киргизүү үчүн эксперттерди жана адистерди камсыздап, биргелешкен иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтөт.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















