Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА өзүнүн тренердик-окутуучу курамы үчүн методикалык семинар өткөрдү
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын 25-декабрында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) өзүнүн тренердик-окутуучулук курамы үчүн методикалык семинар өткөрдү. Иш-чара 2024-жылдын жыйынтыктарын чыгаруу; курстар боюнча окутуунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү; отчетторду түзүүдө окутуучуларга жана тренерлерге консультациялык жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө БАЖБАнын окуу процессин уюштуруу боюнча методисти Зухра КАЗАНЛЫЕВА катышуучуларга 2024-жыл үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары боюнча окуунун натыйжалуулугун талдоонун жыйынтыктарын сунуштады жана алар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө ылайык окуу материалдарын (ОМЖны, презентацияларды, тренингге чейин жана андан кийин толтурулган тесттерди, практикалык тапшырмаларды) актуалдаштыруу маселелерин талкуулады.
БАЖБАнын бухгалтерлери Саида ШАРШЕЕВА жана Эльнура АЛЫМКУЛОВА отчетторду; көрсөтүлгөн кызматтардын/аткарылган иштердин актылары, кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун табелдери, ЭСФ берүү боюнча өз сунуштамаларын беришти: электрондук отчетторду толтуруу же тапшыруу процессинде көп кездешкен көйгөйлөрдү талкуулашты.
Академиянын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА өз кезегинде тренерлер менен окутуучуларга кызматташуусу жана муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“2024-жыл сиздер үчүн окуу иш-чаралары жагынан бай болду, алардын жүрүшүндө сиздер да дараметиңизди бекемдеп, билимиңизди кеңейтип, практикалык тажрыйбаңызды байыта алдыңыз деп ишенем. БАЖБА 2025-жылы сиздин дараметиңизди жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды пландаштырган, бул сизге консультациялык жана тренердик кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү жана суроо-талапка ээ болууга жардам берет. Биздин мекеменин туруктуулугун жана институционалдык калыптанышын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызды жана катышууңузду жогору баалайбыз. Алдыдагы 2025-жылы биргелешкен күч-аракеттер менен биз муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, активисттердин жана жер-жерлердеги жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө чоң жыйынтыктарга жетишебиз деп ишенебиз, бул болсо жалпы коомубузга жардам берет. Академиябыздын атынан баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз, сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бакыт жана бакубатчылык каалайбыз”, – деп айтты катышуучуларга эстелик белектерди тапшырып жатып Асель КУРМАНАЛИЕВА.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!
-
№6 (164) / 2025-07-14 Аял депутаттар стратегиялык пландоону үйрөнүп жатышат: СЭӨП кантип чыныгы өзгөрүүлөрдүн аспабына айланууда
-
№6 (164) / 2025-07-14 ЖДКЖ долбоорунун максаттуу алты районундагы муниципалдык СЭӨПлар кыйла инклюзивдүү болмокчу
-
№6 (164) / 2025-07-14 КР ЖӨБ Союзу Бишкектеги муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн окуу өткөрдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгеге конкурстарды өткөрүшөт
-
№6 (164) / 2025-07-14 Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат