Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ош жана Бишкек шаарларында “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасы башталды
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын декабрында Ош шаарында “Кыргызстандын 100 лидер аялы” деп аталган окуу программасынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул окууну КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы биргелешип уюштурушту. Салтанаттуу ачылышка Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан кадрлар резервинде турган жана конкурстук негизде программага катышуу үчүн тандалып алынган 25 аял чакырылган.
Программанын түштүктөгү үч облусунан келген катышуучулары1 менен саламдашып жатып, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек АРСТАНКУЛОВ аялдардын чечкиндүүлүгүн жана максатка умтулгандыгын баса белгиледи. АРСТАНКУЛОВдун баамында, дал ушул сапаттар бул программага катышууга, Кыргызстандын көптөгөн кыз-келиндерине мисал жана үлгү болууга мүмкүндүк берди.
Жолугушууга КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Эльмира АРАПОВА, Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамагенттиктин түштүктөгү аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Сураган БОСУМБАЕВ, Борбордук Азия Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) директору Асель КУРМАНАЛИЕВА жана БАЖБАдан программанын координатору Салия АКУЛОВА катышты.
Программанын бардык катышуучуларын үч айлык интенсивдүү билим берүү программасы күтүп турат. Бул программа лидерлик көндүмдөрүн бекемдөөгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө кесиптик жана инсандык дараметин өнүктүрүүгө багытталган.
Түндүк облустардагы 25 аялдан турган экинчи агым 18-декабрда Бишкек шаарында башталып, ага Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан 25 аял катышууда.
“Программанын катышуучулары – бул муниципалдык жана регионалдык кадрлар резервинде турган аялдар. Алар: мэрлердин, акимдердин орун басарлары, министрликтердеги жана ведомстволордогу бөлүмдөрдүн/секторлордун башчылары. Алардын катышуусунун максаты – өз жамаатына дагы көбүрөөк пайда алып келүү үчүн билимин жана жөндөмүн өркүндөтүү, жеке өнүгүү жана кесиптик жолунда ийгиликке жетүү. Программа этап-этабы менен ишке ашырылат. Түштүк облустардан келген катышуучулардын биринчи агымы Ошто 12-15-декабрда үч күндүк интенсивден өтүштү, ал эми 18-20-декабрда түндүк облустардын өкүлдөрү үчүн ушундай эле интенсив уюштурулду. Андан ары 25 аялдан турган бул эки топ 3 айлык курстан өтүшөт, ага күндүзгү үч күндүк үч курс жана модулдар аралык мезгилде онлайн сессиялар кирет. 2025-жылдын март айында жаңы топ чогултулат, анын жыйынтыгы менен 25 аялдан турган дагы эки топ тандалып алынат, алар да гибриддик форматта 3 айлык курстан өтүшөт”, – деп айтты БАЖБАдан программанын координатору Салия АКУЛОВА.
“Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасы КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы №62 Жарлыгынын алкагында жана 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программага ылайык ишке ашырылууда.
Программаны Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу алдында, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын өздүк каражатынын колдоосу менен “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү ишке ашырууда.
____________________
1 Жалпысынан 254 өтүнмө түшкөн, анын 89у – кадрлар резервинде турган аялдардан келген. Бүгүнкү күндө резервде турбаган, бирок программага катышууга өтүнмө жиберген аялдарга кадрлардын атайын резервине аялдарды тандоо боюнча жакын арада өтчү конкурска документтерин тапшыруу сунушталды.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!
-
№6 (164) / 2025-07-14 Аял депутаттар стратегиялык пландоону үйрөнүп жатышат: СЭӨП кантип чыныгы өзгөрүүлөрдүн аспабына айланууда
-
№6 (164) / 2025-07-14 ЖДКЖ долбоорунун максаттуу алты районундагы муниципалдык СЭӨПлар кыйла инклюзивдүү болмокчу
-
№6 (164) / 2025-07-14 КР ЖӨБ Союзу Бишкектеги муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн окуу өткөрдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгеге конкурстарды өткөрүшөт
-
№6 (164) / 2025-07-14 Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат