Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоого себепчи болгон жагдайлар
Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги райондук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) иштеп чыгуунун жаңы методологиясын бекитти. Методика аймактарды адистештирүүнү караштырат жана жергиликтүү экономикалардын өсүшүнө көмөк болчу аспаптарды камтыйт. Программада жарандарды программаны иштеп чыгууга жана мониторинг жүргүзүүгө тартууга өзгөчө көңүл бурулган.
Программаларды даярдоо шаблону бардык райондор үчүн универсалдуу болуп калды, ал стандарттуу көрсөткүчтөрдүн топтому, ресурстарды баалоо (жергиликтүү бюджеттер, түз жана бюджеттик инвестициялар, аймактарды өнүктүрүү фонддору), чыгымдарды пландаштыруу, мониторинг жана чечимдерди кабыл алуу механизмдери сыяктуу элементтерди камтыйт.
Методика толугу менен ишке киргизилгенде, маалыматтар кылдат чогултулуп, системага салынганда, формалар толтурулуп, ролдор так бөлүштүрүлгөндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз райондорун өнүктүрүүнү натыйжалуу башкара алышат.
Жаңы методиканы сыноо үчүн өнөктөштөр, анын ичинде Дүйнөлүк банк, КР Экономика жана коммерция министрлиги жана Өнүктүрүү саясат институту пилоттук райондорду тандап алышты. Алар: Ат-Башы жана Ноокат райондору (ал эми 2024-жылы пилоттук райондордун катарына Айтматов, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Баткен райондору кирди).
Өнүктүрүү саясат институту Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын (EGED) алкагында пилоттук райондорго СЭӨПны даярдоого жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатат.
EGED программасы – Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда артыкчылыктуу реформалардын алкагында экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган беш жылдык программа.
Окшош материалы:
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Айтматов районунда “Ишкер-аял – өнүккөн коом” форуму өттү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинде СЭӨПга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана инвестициянын өсүшү талкууланды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Ат-Башы районунда өнүгүүнү координациялоо күчөтүлдү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Кемин районундагы инвестициялык форум: өсүшкө, өнөктөштүккө жана жаңы долбоорлорго басым жасалды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 миллион АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Райондордун Координациялык кеңештери: райондук диалог платформалары кантип инвестициялардын жана өнүгүүнүн аспабына айланды
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандагы пробация кеңештери: жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара байланышы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы

















