Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Жарандык коомдун уюмдарынан “Ачык Ош” жумушчу комитетинин мүчөлөрү катарыбызга кошулду!
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын 25-октябрында Ош шаарында “Ачык жергиликтүү башкаруу” глобалдык демилгесинин (OGP Local) алкагында “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын колдоосу менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чара катышуучуларга OGP Local тууралуу маалымат берүү, Бишкек шаарынын мэриясынын тажрыйбасы менен тааныштыруу жана жарандык коом уюмдарынан “Ачык Ош” жумушчу комитетинин мүчөлөрүн тандоо максатында өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө OGP Local иш-чарасына биринчи жолу катышып жаткандар демилгенин максаты, милдеттери жана баалуулуктары, милдеттенмелерди аткаруу этаптары менен тааныша алышты. Ошондой эле катышуучулардын назарына Бишкек мэриясынын демилгенин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүндөгү практикасы тууралуу маалымат берилди.
Жолугушууга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү Э. АТАБАЕВ, А. ТОКТОСУНОВА жана М. ИСРАИЛОВ, Оштогу жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү: “Смайл Кей Джи”, “Интербилим”, “Новый Ритм” коомдук бирикмелери ж.б. катышты.
Офлайн жана онлайн режиминде катышкан жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жумушчу комитеттин мүчөлөрү сунуштаган талапкерлерди талкуулашты, андан кийин Open Government’тин Вотсаптагы тайпасында да добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жумушчу комитеттин курамына Ош шаарынын жарандык коомунун төмөнкү өкүлдөрү кирди:
-
Джамиля КАПАРОВА, “Энсан Диамонд” коомдук фондунун директору;
-
Рахат ШАКИРОВА, “Благодать” коомдук фондунун директору;
-
Майрамбек ТААЛАЙБЕК уулу, “Новый Ритм” коомдук бирикмесинин координатору.
“Ачык Ош” жумушчу комитети паритеттик негизде түзүлүп жатканын белгилей кетели. Жакында Ош шаарынын мэриясы да комитетке өз мүчөлөрүн тааныштырат. “Ачык Ош” жумушчу комитетинин биринчи жыйыны 2024-жылдын аягына чейин өтөт деп күтүлүүдө.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты
















