Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
КРПМБА жана ӨСИ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) жана “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү максатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюу аземи 2024-жылдын 6-июнунда Бишкекте өттү.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөш мамилелерди түзүү жана биргелешкен долбоорлорду (программаларды, иш-чараларды, демилгелерди) ишке ашыруу үчүн укуктук негиздерди түзүү Меморандумдун максаты болуп саналат.
“Биз Өнүктүрүү саясат институту менен көптөн бери эле кызматташып келатабыз жана меморандум кызматташуунун жетишилген деңгээлин бекемдеп, ошол эле учурда мамилелерди өнүктүрүү үчүн багыттарын аныктайт. Биз Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү күч-аракеттерибизди бириктирип, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги фактору болуп саналат деп эсептейбиз”, – деди КРПМБАнын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ.
“Өнүктүрүү саясат институту 15 жылдан бери муниципалдык кызматчыларды жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн окутуу менен алектенип келет, бирок биз тренингдерди өткөрүүнү эң маанилүү иш деп эсептебейбиз. Эң маанилүүсү – жергиликтүү өнүгүү жана башкаруу боюнча билимдерди башкаруунун туруктуу системасын түзүү. Бул системада көңүл чордонунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы турат. Академия менен буга чейин эле жумушка байланыштуу конструктивдүү мамилебиз түптөлүп калган. Меморандум биздин өнөктөштүктү кеңейтип, ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча билимди жогорулатуу чөйрөсүндө биргелешкен ишмердик үчүн бекем укуктук негизди түзөт”, – деп белгиледи ӨСИнин Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.
КРПМБАнын жана ӨСИнин биргелешкен ишине маалымат алмашууну, биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, тегерек столдорду, семинарларды өткөрүү ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөй өнүгүүсү үчүн окуу-методикалык, аналитикалык материалдарды даярдоо кирет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















