Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
КР Экономика жана коммерция министрлиги 2024-2028-жылдарга КРнын Аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулады
2024-жылдын 12-июнунда 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү. Иш-чараны КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгы уюштурду. Ага Швейцариянын Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору жана “ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү катышты.
Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруу максатында иштелип чыгууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 17-январындагы №4 буйругу менен “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын” долбоорун иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.
Кеңешменин катышуучулары 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын толукталып иштелип чыккан долбоорун талкуулап, 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбооруна киргизүү үчүн сунуштарды даярдашты.
Мамлекеттик программа аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу системасынын алкагын түзүп, анын ичинде мейкиндик жана социалдык-экономикалык пландоону айкалыштырышы керек; урбанизацияланган аймактар жана өзгөчө көңүлдү талап кылган аймактар үчүн өнүктүрүүнүн башкы багыттарын белгилөөгө тийиш, алар үчүн мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке секторго жана жарандык коомго даректелген комплекстүү чаралар иштелип чыгат.
Иш-чараны КР Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгы Швейцариянын Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн катышуусу менен уюштурду.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















