Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Тренерлер үчүн тренинг: өзүбүз да үйрөнүп, башкаларды да үйрөтөбүз
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын март айынын этегинде Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелери боюнча өзүнүн окутуучулары, консультанттары жана өнөктөштөрү үчүн тренерлерден тренинг (ТоТ) өткөрдү.
Катышуучулар тренердик чеберчилик темасын угуп, тренер катары квалификациясын жогорулата алышты, анын жүрүшүндө алар аудитория менен байланыш түзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана тренердик иште коммуникациянын түрлөрү боюнча билимин толукташты; чоң адамдарды окутуу жана интерактивдүү дискуссияларды жүргүзүү ыкмалары боюнча билимин тереңдетип, кайтарым байланышты колдонуу көндүмдөрүн практикада колдонушту.
Бирок тренингдин негизги мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу темасына арналды. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун тренерлери коучер катары катышты. Катышуучулар кесиптештери менен бирге жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү системасын карап чыгышты, кызмат көрсөтүүлөрдү классификациялоо, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн укуктук негиздери, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну башкаруу ыкмалары, турмуш-тиричиликти камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жаатындагы билимин тереңдетишти.
Катышуучулардын айтымында, бул өңдүү тренингдер аларга өлкөнүн мыйзамдарындагы акыркы жаңылыктардан кабардар болууга жана процесстин катышуучуларына – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да, кызмат көрсөтүүчүлөргө жана алардын абоненттерине да маалыматты өз убагында жеткирүүгө жардам берет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты
















