Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Тренерлер үчүн тренинг: муниципалдык ишканада ишти уюштуруу жана сатып алууларды уюштуруунун эрежелери
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты
Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) өзүнүн окутуучуларынын, тренерлеринин жана кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында “Муниципалдык ишканада ишти уюштуруу жана сатып алууларды уюштуруунун эрежелери” курсу боюнча эки күндүк окуу өткөрдү.
Окуу 2024-жылдын апрелинде Бишкекте өтүп, Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас уюмунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көр-сөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Тренерлер Гүлнара САЯКБАЕВА жана Дастан УЛАНБЕК уулу муниципалдык ишканада сатып алуулар, сатып алуулардын усулдары, сатып алууларды уюштуруу жана пландоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен тааныштырышты.
Катышуучулар менен бирге алар товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык өзгөчөлүктөрүнө коюлган талаптарды; конкурстук документтерди түзүү жана товарларды, жумуштарды сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо процессин; товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жеткирүүчүлөрдүн жана подрядчылардын конкурстук өтүнмөлөрүн баалоо маселелерин; жеңүүчүнү тандоо, келишим түзүү процессин жана даттануу тартибин карап чыгышты. Окуунун практикалык бөлүгүндө катышуучуларга сатып алуулар порталынын базасында системада өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берилди.
Муниципалдык ишкананын ишинин укуктук негиздери, анын мүлкү, уюштуруу түзүмү жана финансы-экономикалык негиздери жөнүндө суроолорго тренер-практиктер Жаңыл ДЮШЕЕВА жана Асылбек ЧЕКИРОВ жооп беришти.
Тренингдин жыйынтыгында бардык катышуучулар кызыкдар тараптар үчүн ушундай тренингдерди өткөрүүгө укук берген БАЖБАнын лицензияланган сертификаттарын алышты.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















