Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана БАЖБА кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын апрелинде Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) директору Асель КУРМАНАЛИЕВА менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында билим берүүчү эки уюмдун кызматташтыгын орнотуу маселесин талкуулашты.
БАЖБАнын өкүлдөрү КРПМБАнын өкүлдөрүн окутуунун ведомстволук багыты боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары, ошондой эле тренерлердин курамы менен тааныштырышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну ишке ашыруу ниети жөнүндө Меморандумга кол коюлду:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин башкаруу көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүдө тажрыйба алмашуу жана алдыңкы практика менен тааныштыруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
- мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарынын программаларын өнүктүрүү жана аларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү;
- мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кадрларды даярдоо программалары боюнча курстардын окуу материалдарын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрларын окутуу чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбалар жана практикалар менен тааныштыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик технологияларды, платформалык чечимдерди, окутуунун заманбап ыкмаларын жана технологияларын киргизүүнүн эсебинен мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү жаңы ыкмаларды үйрөтүү;
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду, изилдөөлөрдү, эксперттик жана талдоо иштерин жүргүзүү;
- мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө эксперттердин бирдиктүү базасын түзүү жолу менен квалификациялуу адистерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Референдум тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Кыргызстандын шаарлары энергияны үнөмдөөчү жана “жашыл” чечимдерди өздөштүрүүдө
-
№9 (179) / 2026-09-26 Түшүнүүгө жана талкуулоого мүмкүндүк берген бюджет: Кыргызстандын муниципалитеттери 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга кантип даярданышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 Душанбеде мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун өнөктөштүгү аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстанда EGED Программасынын жыйынтыгы чыгарылды: башкаруунун жаңы аспаптары аймактардын экономикасын өзгөртө баштады
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ат-Башы районунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун орто аралыктагы жыйынтыктары талкууланды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Ташкентте жарандык коомдун Борбордук Азияны өнүктүрүүгө кошкон салымын биринчи регионалдык баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырышты
-
№8 (178) / 2026-09-19 ӨСИ, БАЖБА жана Хунань башкаруу академиясы кесипкөй кызматташуунун келечегин талкуулашты

















