Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
“Ачык Бишкек” жумушчу комитети өз ишин улантууда
2024-жылдын май айында Бишкектин биринчи вице-мэри Мирлан БАЙГОНЧОКОВдун “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында “Ачык Бишкек” демилгесинин алкагында ишти жандандыруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Жолугушууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан БАЙГОНЧОКОВ, мэриянын Борбордук аппаратынын Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын (мындан ары – Башкармалык) жетекчисинин орун басары Кубанычбек КУДАБАЕВ, Башкармалыктын стратегиялык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Медер КАСЫМОВ, ӨСИнин Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА, “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын менеджери Алия МЫРСАЛИЕВА жана Өнөктөштүк программасынын жергиликтүү ресурстар боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар OGP Local’дын1 “Ачык Бишкек” глобалдык демилгесинин алкагында ишти улантууга тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдан баштап OGP Local’дын толук кандуу мүчөсү болуп саналат жана ӨСИ менен биргеликте платформанын алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарып келатат: паритеттик негизде “Ачык Бишкек” жумушчу комитети (мындан ары – Комитет) түзүлгөн: 50% – мэрия жана 50% – жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле шаардык демилгелер кабыл алынды2. Бирок 2024-жылга Биргелешкен иш-аракеттер планына киргизүү үчүн түшкөн шаардык демилгелерди кароо процессинде “Ачык Бишкек” Комитетинин иши убактылуу токтотулган (Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 21-ноябрындагы №251 “Бишкек шаарынын мэриясын кайра уюштуруу жөнүндө” токтомунун кабыл алынышына байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги (ШӨА) жоюлган).
Жолугушуунун катышуучулары бул багыт мэрияга да, шаардын жергиликтүү жамаатына да керек деп эсептешет. Биринчи вице-мэр Бишкек шаарынын мэриясынын Борбордук аппаратынын Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубанычбек КУДАБАЕВге OGP Local боюнча иштерди улантууну тапшырды. Комитеттин мүчөлөрүн жана сунуштардын демилгечилерин чогултуп, мэриядан жумушчу комитеттин курамын карап чыгып, Биргелешкен иш-аракеттер планын даярдоо боюнча кийинки кадамдарды талкуулап, ошондой эле People Powered платформасынын алкагында климат боюнча Программага катышуу үчүн мэриядан жооптуу адамды дайындоо пландалууда3.
__________
1 OGP Local – бул эл аралык платформа, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте жергиликтүү жамааттын маселелерин чечүүдө ачыктыктын, айкындуулуктун жана жарандардын катышуусунун идеяларын, аспаптарын жана механизмдерин киргизип, тажрыйба алмашып турушат.
2 https://dpi.kg/ru/press-room/news/full/1957.html
3 People Powered – бул эл аралык платформа, мында ЖӨБ органдары жарандар менен биргеликте климатты жакшыртуу боюнча идеяларды, аспаптарды жана механизмдерди киргизишет. 2024-жылдын январь айында колдоого алынган программа ийгиликтүү аяктагандан кийин ӨСИ жана ШӨА климат боюнча программага катышууга биргелешип өтүнмө жиберишкен. Кененирээк: https://www.peoplepowered.org
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!
-
№6 (164) / 2025-07-14 Аял депутаттар стратегиялык пландоону үйрөнүп жатышат: СЭӨП кантип чыныгы өзгөрүүлөрдүн аспабына айланууда
-
№6 (164) / 2025-07-14 ЖДКЖ долбоорунун максаттуу алты районундагы муниципалдык СЭӨПлар кыйла инклюзивдүү болмокчу
-
№6 (164) / 2025-07-14 КР ЖӨБ Союзу Бишкектеги муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн окуу өткөрдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 22 муниципалитеттин ЖӨБ органдары мыкты жергиликтүү демилгеге конкурстарды өткөрүшөт
-
№6 (164) / 2025-07-14 Өнүктүрүү саясат институту Өзбекстандын Махаллалар ассоциациясы менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
-
№5 (163) / 2025-06-10 Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери ишканаларды туруктуу жана натыйжалуу кылуу үчүн квалификациясын жогорулатып, жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстан–Өзбекстан: коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүнүн эки ассоциациясы өнөктөштүктү бекемдеп жатат