Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Муниципалитет” журналынын жана “Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалары” порталынын жазылуучулары арасында байгелердин электрондук утушунун жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз

2024-02-13 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
“Муниципалитет” журналынын жана “Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалары” порталынын жазылуучулары арасында байгелердин электрондук утушунун жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз

Гуляим ШАМШИДИНОВА, БАЖБАнын кардарлар менен иштөө боюнча менеджери

2023-жылдын 15-декабрында “Муниципалитет” журналынын жана ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталынын жазылуучулары (мындан ары – жазылуучулар) үчүн кызыктыруучу байгелерди электрондук ойнотууга арналган онлайн иш-чара өттү. Ага ЖӨБ органдары, КЭУлар, уюмдар, мекемелер, муниципалдык ишканалар катышты. Онлайн иш-чараны Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) уюштурду.

Электрондук кызыктыруучу байгелерди ойнотууга катышуу үчүн жазылуучулар 2023-жылдын 14-ноябрынан 30-ноябрына чейин анкета толтуруп чыгышы керек болчу. Байгелерди ойнотууга катышуу үчүн бардык өтүнмөлөр Google-анкеталоонун жыйынтыгы боюнча түзүлүп чыккан. Ага 200 жазылуучу (350нүн ичинен) катышты, алар 554 анкета-өтүнмөнү толтуруп чыгышкан (алардын ичинен 94 анкета талапка жооп бербегендиктен жокко чыгарылган). Ошентип, байгелерди ойнотуу боюнча конкурска катышуу үчүн 460 анкета тандалып алынган.

Конкурс өткөн күнү – 2023-жылдын 15-декабрында иш-чарага 139 адам катышты, алардын дээрлик бардыгы журналга жазылган ЖӨБ органдарынан болушту. Онлайн-ойнотуу Конкурстук комиссиясынын катышуусунда ачык жана айкын өттү. Утуштун жеңүүчүлөрү электрондук рандомайзер аркылуу аныкталды. Бул жолу ар кандай байгелерден турган алты лот ойнотулду: “Муниципалдык кызмат суроолордо жана жооптордо” аттуу 11 жыйнак, 2024-жылга “Муниципалитет” журналына жана “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалары” порталына 9 акысыз жазылуу, БАЖБАда 1 курска окууга 2 сертификат, 2 көп функционалдуу принтер, проектор жана ноутбук.

Иш-чара социалдык тармактарда кыйла кеңири жайылып, 14 миңге жакын адамга жетти.

2023-жылга жазылуу өнөктүгүнүн жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп бул ойнотуу жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө жалпы максатты көздөгөн бардык өнөктөштөрдүн өз ара байланышын бекемдөө үчүн өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чара биринчи жолу 2022-жылдын аягында өткөрүлгөн. Ошондо ага 155 субъект катышып, 363 анкета толтурушкан. “Муниципалитет” журналы бардык жазылуучуларга тыгыз кызматташкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Мында эң маанилүүсү – ЖӨБ органдарынын, муниципалдык ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери жана бардык жазылуучулар керектүү маалыматтарды өз убагында алып жатышат. Бул маалыматтарды алар ишинде жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө колдонуп жатышат.

2023-жылга жазылууну жыйынтыктап жатып, 2022-жылга салыштырмалуу жазылуучулардын саны дээрлик 80 пайызга көбөйгөнүн белгилей кетүү керек. Бул ЖӨБ органдары негизги жазылуучулар катары бирден ашык нускага жазылуу менен журнал пайдалуу болуп, алардын ишинде керек экенин барган сайын көбүрөөк түшүнө баштаганынан кабар берет. Кадрлар тынымсыз ротация болуп жатканына жана административдик-аймактык реформанын жүрүшүнө карабастан, ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин басымдуу бөлүгү жыл сайын жазылуулардын санын көбөйтүп жатышат. Себеби журналды айыл өкмөтүнүн жана мэриянын кызматкерлери гана эмес, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, муниципалдык ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү жамааттын активисттери жана лидерлери да окуй башташты.

Аламүдүн районунун Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур ДЖУМАЛИЕВ ЖӨБ органынын ар бир жетекчиси “Муниципалитет” журналында мыйзамдардагы жаңылыктарды жана ЖӨБ чөйрөсүндөгү башка жаңылыктарды окуп турушу керек деп эсептейт: “Менин баамымда “Юридикалык консультация” абдан керектүү түрмөк, ал жерден ЖӨБ органдары үчүн маанилүү болгон актуалдуу жана чечилбей жаткан маселелерге жоопторду табууга болот. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча мыкты тажрыйбаларды кызматкерлерибиз менен бирге чоң кызыгуу менен окуп турабыз. Журналдын дээрлик ар бир санында башка ЖӨБ органдарынын практикасынан алынган, биздин ишибизге көмөктөшкөн, өз практикабызга жаңы ыкмаларды киргизүүгө жардам берген сонун окуялар бар. Мисалы, муниципалдык менчиктеги объекттер киреше алып келиши үчүн аларды кантип туура башкарып, тескеш керектигин окуп жатабыз. Ошондой эле башкалар таза суу менен камсыз кылуу маселелерин кантип чечип жатканын, КТКны чогултуп, ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө тарифти кантип туура эсептеш керектигин үйрөнүүдөбүз. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы Гүлжагүл КОЙЧУБЕКОВА журналдагы жаңылыктарга дайыма кызыгып турат, ал БМжБ тобунун көптөгөн иш ыкмаларын социалдык объектилерге мониторинг жүргүзүү процессинде колдонгон. Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын депутаттык корпуста иш тажрыйбасы жок, ошондуктан журналга жазылып, алар депутаттардын компетенциялары жана ыйгарым укуктары боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматтарды таап жатышат, жер жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча комиссиялардын мүчөлөрү мыйзамдардын чегинде туура жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алышууда. Кызыктуу материалдарды жана практикалык чечимдерди чогултуп, ЖӨБ органдары үчүн керектүү билимдерди берип жатканы үчүн журналдын редакциясына терең ыраазыбыз. Ошондой эле биз байгелерди ойнотуу боюнча конкурсту уюштурганыңыз үчүн да ыраазычылык билдиребиз, бул конкурста ири байгелердин бирин – проекторду утуп алдык!”.

Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскелди БАРПЫБЕКОВ: “Мен жумушка 2023-жылдын май айында келгем, бардык ЖМКлардын ичинен “Муниципалитет” журналы биздин ишибиз үчүн керектүү маалыматтын негизги булагы экенин дароо түшүндүм. Ошондуктан журналдын ар бир санын чоң кызыгуу менен окуп, кийинкисин чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Бул журналды биздин айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына сунуштап келем. Журналдын ар бир түрмөгү бизге керек, бирок баарынан да башка ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбалары жакты. Ошол тажрыйбаларды окуп отуруп, калкка кызмат көрсөтүүлөрдү дагы да өркүндөтүп, элеттиктердин турмушун жакшыртуу боюнча жаңы идеялар пайда болууда. Мисалы, катуу тиричилик калдыктарын иргөө үчүн сорттоочу пункт ачкан бир айыл өкмөтүнүн практикасын өтө жакшы эстеп калдым, бул практика мени абдан таасирлентти. Бул чоң жетишкендик, себеби дээрлик бардык элеттик муниципалитеттер таштандыларды эч иштетпей эле полигондорго таштап келишет эмеспи. Бирок мындай көрүнүш экологияга терс таасирин тийгизип, сууну жана топуракты булгап, канаттуулар менен жаныбарлардын өмүрүнө коркунуч келтирип, жергиликтүү экосистемаларды бузуп жатат. Ал эми сорттоо пункту бул көйгөйдү жарым-жартылай чечип жатат. Эгерде калдыктарды сорттой баштасак, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды олуттуу түрдө азайтууга болот. Мага бул идея абдан жакты, ошондуктан аны биздин аймакта да ишке ашырууну пландап жатам. Бул кайра иштетүүчү заводду куруудан алда канча арзан чыгат экен. Катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу пунктту ачууга инвестиция алуу үчүн долбоорду даярдайын деп жатабыз. Баса, дал ушул журналдын жардамы менен айылдын көйгөйлөрүн чечүү үчүн инвестицияларды тартуу керектигин түшүндүм жана биз үчүн актуалдуу болгон ичүүчү суу көйгөйүн чечүү багытында чоң иштер башталды – учурда араб фонддору аркылуу керектүү каражаттарды тартуу процесси жүрүп жатат. Журналдын редакциясына сунушум бар: өлкөнүн бардык райондорунун мыкты тажрыйбаларын кезектешип чагылдырып чыгыш керек, жок дегенде бирден практиканы көрсөтсө болот. Себеби ар бир райондо ийгиликтүү тажрыйба жана жетишкендиктер бар да. Журналга жазылып, байгелерди электрондук ойнотууга катышып, биздин аймак Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясында 1 курска окууга сертификат утуп алды. Бул курсту сөзсүз пайдаланып, айыл өкмөтүнүн бир кызматкерин окууга жиберебиз”.

БАЖБАнын жана комиссиянын мүчөлөрүнүн атынан конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз жана бардык жазылуучуларга өз ишинде ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайбыз! “Муниципалитет” журналы жана “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалары” порталы ЖӨБ органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер, кызыкдар жактардын өнөктөштөрү үчүн жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө топтолгон билимдерди жана тажрыйбаларды, ийгиликтүү практикаларды жана жетишкендиктерди алууда маанилүү булактардын бири катары чындап кызмат кылат деп ишенебиз.

 

Окшош материалы: