Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өлкөнүн ЖӨБ органдары менен кызматташуунун географиясын кеңейтүүдө

2024-02-13 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өлкөнүн ЖӨБ органдары менен кызматташуунун географиясын кеңейтүүдө

Бакыт АЙТКУЛОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонентинин координатору, Өнүктүрүү саясат институту

Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) тарыхында 2023-жылдын декабры жана 2024-жылдын январы кызматташуу географиясы олуттуу кеңейген учурлар катары калды. Өнөктөш муниципалитеттердин катарына эми Баткен облусунун Кадамжай районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун, Нарын облусунун Кочкор районунун ЖӨБ органдары да кирди. Жаңы өнөктөштөр менен жолугушуулар кандай өттү жана алар долбоордон эмнелерди күтүүгө укуктуу?

Кадамжай

2023-жылдын этегинде Кадамжай шаарында Долбоор өнөктөш муниципалитеттердин катарына кирген Баткен облусунун Кадамжай районунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен алгачкы таанышуу жолугушуусун өткөрдү.

Долбоордун жетекчиси Сабина ГРАДВАЛЬ Баткен облусунда долбоордун ишинин башталышы тууралуу буларды айтты: “Башында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун пландарында Баткен облусунда иш алып баруу каралган эмес. Бирок Долбоор мамлекеттик бийлик органдарынын Баткен аймагынын муниципалитеттерине колдоо көрсөтүү өтүнүчүнө жооп кайтарды. Көптөгөн өнүктүрүү долбоорлору ар кандай мүнөздөгү себептерден – экономикалык абалдан, жолдун узактыгынан, чек арадагы кыйынчылыктардан улам облуста иштегиси келбейт. Бирок Баткен облусунун муниципалитеттеринин жашоочулары Кыргыз Республикасынын жарандары сыяктуу эле жакшыртылган кызмат көрсөтүүлөргө муктаж, ошондуктан биз мамлекеттин позициясын эске алып, Баткен облусунун муниципалитеттери менен ишти баштоого даярбыз”.

Жолугушууга Кадамжайдын жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – МКЖӨБМА) Баткен облусундагы өкүлдөрү, Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунун, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын аппарат кызматкерлери, ошондой эле Үч-Коргон, Айрыбаз, Орозбеков жана Тамчы муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана депутаттары катышты. Жолугушууга өнөктөштөрдөн бардыгы болуп 18 адам, анын ичинде алты аял келди.

Жолугушууда Долбоордун алгачкы эки жылдагы жыйынтыктары жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилип, талкууга алынды. Катышуучуларга Долбоордун техникалык колдоосу менен уюштурулган жана жакшыртылган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларга арналган тасмалар көрсөтүлдү. Бул кызмат көрсөтүүлөр  жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган. Мисалы, Жаңы-Арык айылдык аймагынын Правда айылында катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары – КТК) чогултуу, ташып чыгаруу жана Нарын облусунун Ак-Жар айылдык аймагында калкка маалыматтык кызматтарды көрсөтүү уюштурулган. Долбоордун өкүлдөрү жолугушуунун катышуучулары менен долбоордун максаттары, милдеттери жана өнөктөштөрү тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары Долбоордун үч негизги компоненти боюнча иштин багыттары, иш-чаралар жана мындан аркы иш пландар талкууланды. Алар: өнөктөш ЖӨБ органдары менен кызматташуу маселелери, өнөктөштүктүн негизги катышуучуларынын – жумушчу топтун, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун ролу, чечимдерди кабыл алуу процессине жергиликтүү жамаатты тартуу, ошондой эле ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган Долбоордун улуттук деңгээлдеги иш-чаралары. Катышуучулар ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү, калк эмнелерди күтүп жатканын аныктоо сыяктуу Долбоорду ишке ашыруунун негизги механизмдери жана аспаптары жөнүндө маалымат менен тааныша алышты. Жолугушууга Долбоорго өнөктөш уюмдун өкүлү – Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) “Теңден-теңге” өз ара окутуу платформасынын менеджери катышты. 

Жолугушууга МКЖӨБМАнын өкүлү Абсалам АБДИРАИМОВ жана райондук өнүктүрүү фондунун өкүлү Алтынбек АЛИЕВ да катышты. Алар ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө жасаган кайрылууларында жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө өзүнүн потенциалын жогорулатуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо үчүн Долбоор менен тыгыз жана конструктивдүү кызматташууга чакырышты.

Ош

Ошондой эле 2023-жылдын аягында Ош шаарында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өнөктөш муниципалитеттердин катарына кирген Ош облусунун Кара-Суу районунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен алгачкы таанышуу жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – Кара-Суу районунун акими Темирболот АБЫКЕЕВ, айыл өкмөт башчылары жана ЖӨБдүн аткаруу органдарынын аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Мады, Катта-Талдык жана Папан муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана депутаттары катышты. Жолугушууга жалпысынан 19 адам, анын ичинде эки аял катышты.

Жолугушуунун күн тартиби жана мазмуну Кадамжай шаарындагы жолугушууга окшош болду.

Өткөн жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар өз суроолорун узатып, аларга Долбоордун өкүлдөрүнөн жооп ала алышты. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – Кара-Суу районунун акими ТЕМИРБОЛОТ АБЫКЕЕВ ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө кайрылуусунда аларды кызматташууга чакырып, долбоордун иши жөнүндө жылуу сөзүн айтып, Кочкор районунда айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген мезгилден бери эле долбоор менен тааныш экендигин белгиледи. Ошол маалда Долбоор менен кызматташуунун натыйжасында ал башында турган өнөктөш айыл өкмөтү жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасын жакшыртуу аркылуу жергиликтүү жамааттын жашоо сапатын жогорулатуу маселелеринде ийгиликтүү жыйынтыктарга жете алган болчу. Жолугушуу тууралуу репортаж телеканалдардын биринде пайда болду. Репортажды көрүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://www.facebook.com/SA2Project/videos/919102433254565.

Чолпон-Ата

2024-жылдын январь айынын ортосунда Чолпон-Ата шаарында Долбоордун өнөктөш муниципалитеттеринин катарына кирген Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн алгачкы таанышуу жолугушуусу өттү.

Жолугушууга МКЖӨБМАнын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары жана ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын аппараттарынын кызматкерлери, ошондой эле Тамчы, Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой жана Кара-Ой муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана депутаттары катышты. Жолугушууга жалпысынан 21 адам, анын ичинде жети аял келди.

Иш-чарага чакырылган Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат БОЗГУНОВ “Теңден-теңге” өз ара окутуу принциптерин жетекчиликке алып, кесиптештеринин алдында сөз сүйлөдү. БОЗГУНОВ өзүнүн муниципалитетинде ичүүчү суу менен камсыздоо, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу жаатында Долбоор менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Юридикалык жана усулдук жардам көрсөтүү максатында жана облустагы бардык ЖӨБ органдарына андан ары жайылтуу үчүн Долбоор МКЖӨБМАнын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнө Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу жаатында милдеттердин жана чаралардын аткарылышын баалоо жана көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн усулдук колдонмонун 50гө жакын нускасын өткөрүп берди. Бул колдонмо КР Министрлер Кабинетинин МКЖӨБМАнын 2023-жылдын 15-июнундагы №176 Буйругу менен бекитилип, жергиликтүү деңгээлдеги программалык документтерге кошулган.

МКЖӨБМАнын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Бактыбек АБЫКАЕВ агенттикке жана ЖӨБ органдарына техникалык колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Долбоорго ыраазычылыгын билдирип, мындан ары конструктивдүү кызматташууга үмүт артарын билдирди. 

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) “Теңден теңге” өз ара окутуу платформасынын менеджери өз сөзүндө БАЖБА менен кызматташуу аркылуу потенциалды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Ошондон кийин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө БАЖБА жана “Муниципалитет” журналы чыгарган “ЖӨБ чөйрөсүндөгү 120 актуалдуу суроо жана жооп” жыйнагын тапшырды. Жолугушуу тууралуу репортаж телеканалдардын биринде пайда болду. Репортажды көрүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: https://www.youtube.com/watch?v=Y_-tI0BE6uI&t=741s.

Кочкор

Үчүнчү айлампадагы өнөктөш ЖӨБ органдары үчүн биринчи таанышуу жолугушууларынын сериясы 2024-жылдын 17-январында Кочкор айылында өттү. Ага Нарын облусунун Кочкор районунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууга жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – Кочкор районунун акими Эрмекбай ОМОШЕВ, айыл өкмөт башчылары жана ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Кара-Суу жана Сары-Булак муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана депутаттары катышты. Жолугушууга жалпысынан 17 адам, анын ичинде жети аял келди.

Кочкор районундагы кесиптештеринин алдына жолугушууга чакырылган Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Айнура ТОКТОРОВА сөз сүйлөдү. ТОКТОРОВА өз муниципалитетинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу жаатында Долбоор менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Кочкор районунун акими Эрмекбай ОМОШЕВ жолугушуунун катышуучуларына жасаган кайрылуусунда Долбоор менен Жалал-Абад облусунда иштеп жүргөн кезден бери тааныш экенин белгиледи. ОМОШЕВ жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасын жакшыртуу аркылуу жергиликтүү жамааттын жашоо сапатын жогорулатуу маселелеринде ийгиликтүү жыйынтыктарга жетишүүнүн шарттарынын бири катары ЖӨБ органдарынын Долбоор менен кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи: “Долбоордун дизайнында гранттык компонент каралбаса да, ал бир жолку финансылык колдоодон да артык нерсени берет. Ал билим, көндүм, тажрыйба берет; айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине потенциалды жогорулатууга шарт түзөт, бул болсо өз кезегинде калкка кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процессинде алардын түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткаруусуна өбөлгө болот!”.

 

Окшош материалы: