Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБАнын жаңы бүтүрүүчүлөрү: 40тан ашык ЖӨБ органы өз кызматкерлеринин жана депутаттардын квалификациясын жогорулатышты

2024-02-13 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
БАЖБАнын жаңы бүтүрүүчүлөрү: 40тан ашык ЖӨБ органы өз кызматкерлеринин жана депутаттардын квалификациясын жогорулатышты

2023-жылдын декабрь айында Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) Ош шаарында муниципалдык кызматчылар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын ийгиликтүү өткөрүп алды. Курстар үч темада өттү: “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук маселелери”; “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгек акыны төлөө”; “Муниципалдык кызмат”.

“Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук маселелери” курсун юрист, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө чоң тажрыйбасы бар практик Жаңыл ДУШЕЕВА өткөрдү. Эки күндүк тренингдин баасы 6029 сомду түздү. Курстан 17 катышуучу өттү, анын ичинде 9 эркек жана 8 аял бар (жергиликтүү кеңештин 10 депутаты жана 7 жооптуу катчысы). Ошентип, Алай районунун Белекбаев жана Сары-Таш айылдык аймактарынын; Ноокат районунун Көк-Жар АА; Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор АА; Өзгөн районунун Кароол жана Жылалды айылдык аймактарынын; Чаткал районунун Терек-Сай, Каныш-Кыя айылдык аймактарынын; Ноокен районунун Масы АА; Сузак районунун Кыз-Көл АА; Баткен районунун Ак-Татыр, Кара-Бак, Самаркандек айылдык аймактарынын өкүлдөрү квалификасын жогорулатышты.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгек акыны төлөө” курсун мамлекеттик кызматта тажрыйбасы мол адис Мунара АЛИЕВА алып барды. Эки күндүк тренингдин баасы 6751 сомду түздү. Жалпысынан 14 адам, анын ичинде 8 эркек жана 8 аял катышты. Бул курс айыл өкмөт башчыларына, ЖӨБ органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларына, бухгалтерлерге, кассада иштегендерге, сатып алуулар боюнча адистерге, чыгымдар боюнча адистерге ж.б. арналган. Муниципалдык кызматта эмгек акы төлөө маселелери боюнча курска Ош, Ноокат, Базар-Коргон, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү; ошондой эле Алай районунун Жошолу АА, Кара-Суу районунун Катта-Талдык АА; Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор АА; Ала-Бука районунун Көк-Таш АА; Чаткал районунун Каныш-Кыя АА; Ноокен районунун Масы АА; Баткен районунун Самаркандек ААнын өкүлдөрү катышып, квалификациясын жогорулатышты.

“Муниципалдык кызмат” курсун Академиянын окутуучусу, КР ИИМдин “Унаа” мекемесинин уюштуруу, укуктук маселелер, документтер менен иштөө жана адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Гюнлаз КУРМАНОВА өткөрдү. Эки күндүк окуунун баасы 6762 сомду түздү. Курска 14 адам, анын ичинде 8 аял жана 6 эркек катышты. Ноокат, Базар-Коргон, Айдаркен, Кадамжай шаарларынын мэрияларынын, ошондой эле Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Бирлик айылдык аймактарынын; Алай районунун Жошолу жана Каблан-Көл АА; Кара-Суу районунун Төлөйкан АА; Ноокат районунун Жаңы-Ноокат АА; Өзгөн районунун Жалпак-Таш АА; Сузак районунун Курманбек АА; Ноокен районунун Масы АА; Ала-Бука районунун Көк-Таш АА; Аксы районунун Кара-Суу АА; Баткен районунун Самаркандек АА өкүлдөрү катышып, квалификациясын жогорулатышты.

Курстар теориянын маанилүү маселелерин гана камтыбастан, ошону менен бирге терең практикалык сабактар менен да коштолду. Кадамжай айыл өкмөтүнүн кызматкери Саадат АРЫКОВА курстар ага жаңы билимдерди, өзгөчө практикалык көндүмдөрдү бергенин белгилеп, БАЖБАнын кийинки курстарына да кайрадан катышарын айтты. Ошондой эле Саадат мыйзамдар, нормативдик-укуктук база өзгөргөн учурда окутуу ыкчам жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Башка катышуучулар райондук борборлордо да курстарды өткөрүүнү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн токтомдорду туура жазганды, кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын планын, инвестицияларды тартуу боюнча долбоорлорду даярдаганды үйрөткөн курстарды уюштурууну сунуш кылышты.

Окуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, лицензияланган сертификаттарды алышты.

Окшош материалы: