Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Келечекти өзгөртүү багытында: гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүргүзүлүп жаткан маалыматтык өнөктүктөрдүн натыйжалуулугу

2024-02-13 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Келечекти өзгөртүү багытында: гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүргүзүлүп жаткан маалыматтык өнөктүктөрдүн натыйжалуулугу

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, Өнүктүрүү саясат институту

 “Ар бирибиз коомдо зомбулук сыяктуу көрүнүш болбошу үчүн иштеп жатабыз”.
Руслан ДОКОЕВ, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы, Нарын облусу

Үй-бүлөлүк зомбулук эң көп талкууланган маселелердин бири болуп саналат, ага карата коомдун мамилеси эки ача бойдон кала берүүдө. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулукка сабырдуу мамиле жасоо стереотиптери эл ичинде терең орун алган. Коомдо “үй-бүлөлүк зомбулукту кайсы бир шарттарда актаса болот”, “үй-бүлөнүн ички ишине кийлигишүүгө болбойт” деп эсептегендер бар. Бирок ошол эле кезде ар кандай зордук-зомбулукка, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка жол берилбеши керек дегендер да аз эмес. Көптөгөн жамааттарда бул маселе мурдагыдай эле “көмүскөдө” – жабылуу аяк жабылуу бойдон кала берүүдө. Тажрыйба көрсөткөндөй, зомбулуктан жабыркагандар кайда кайрылаарын, өзүн кандай алып жүрөрүн, кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана аларын дайыма эле биле беришпейт, зомбулук фактыларын жашырууга аракет кылышат (“чырды үйдөн чыгарбаш керек”, “уят”, “сөөмөйү менен көрсөтүп калышат”, “эл укпасын” дешет). USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга натыйжалуу катышуусу” компонентинин алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Алардын ичинде өнөктөш муници-палитеттерге бул жааттагы билимдерди колдонуп, топтоого, аймактардын жашоочулары арасында маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүктөрүн, конкурстарды ж.б. өткөрүүгө техникалык колдоо көрсөтүлдү. Зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында долбоордун ишинин жыйынтыктары өзгөчө эмоционалдуу болду. Долбоор жарандарга, анын ичинде жаштарга чоң таасирин тийгизди, ошондой эле жамааттагы абройлуу лидерлердин калкты агартууга жана стереотиптер менен күрөшүүгө катышуусу канчалык маанилүү экенин көрсөтүп бере алды. 

2023-жылы долбоор 38 пилоттук аймакта таланттар конкурсун өткөрүүнү колдоп берген. Иш-чарага 2000ге жакын адам катышты (ар бир аймакта болжол менен 50-60 адамдан катышты). Таланттар конкурсунун алкагында 9000ге жакын сүрөт түшүп, 1000 ролик тартылып, 800 театралдык оюн коюлду. Ошондой эле конкурстун катышуучулары ырларды жатка көркөм айтып, музыкалык номерлерди жана ырларды даярдашты. Аймактарда өткөн дээрлик бардык иш-чаралар жергиликтүү ЖМКларда чагылдырылды. Бул өнөктүктүн алкагында “Фейсбукта” жана “Инстаграмда” 30дан ашык пост чыгып, алар 17 миң колдонуучуга жетти. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алууда жана токтотууда жарандык коомдун уюмдарынын ролу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жөнүндө социалдык ролик даярдалды. Бул ролик ошондой эле УТРКдан эл көп көргөн маалда көрсөтүлүп, бир жарым миллион адамга жетти.

Иш-чараларга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциялардын, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү активисттер, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү, жергиликтүү ЖМКлар менен кошо зомбулукка каршы ушул 16 күндүк өнөктүктүн алкагында долбоордун атайын элчилери (мындан ары – Долбоордун атайын элчилери) да катышты.

Долбоордун атайын элчилери – бул өз тармагында олуттуу ийгиликтерге жетише алган, аудиторияга олуттуу таасир тийгизген адамдар (эксперттер, консультанттар, коомдук ишмерлер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык активисттер).

Зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Долбоордун атайын элчилери өздөрүнүн баалуу билимдери, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча уникалдуу тажрыйбасы, жеке ийгиликтери, кызыктуу долбоорлору жана ишке ашырылган демилгелери тууралуу айтып беришти.

Бул өнөктүктүн атайын элчилеринин бири, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык аймагынын депутаты Авазкан ОРМОНОВА үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өзүнүн тажрыйбасы, өткөрүлгөн гендердик демилгелер тууралуу маалымат менен бөлүштү. Бул иш-чараларда гендердик зомбулуктун алдын алууга, аялдардын лидерлиги, мыйзамдардын жана мамлекеттин программалык документтеринин алкагында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасалды (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы, Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа жана башкалар).

Өнөктүктүн алкагында аялдарга каршы зордук-зомбулукка өзгөчө көңүл бурулду. Зомбулук – адам укуктарын бузуунун эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири, себеби ал ар кандай формада (физикалык, жыныстык, психологиялык, экономикалык), бардык курактагы кыздарга жана аялдарга карата жасалат, калктын кандайдыр бир социалдык-экономикалык тобу же башка бир шарттар менен чектелбейт. Адатта гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан аялдар менен кыздар көбүрөөк жапа чегишет жана аларга көрсөтүлгөн жардам көп учурда бир жолку мүнөздө болуп калууда.

Депутат Авазкан ОРМОНОВА зомбулуктун алдын алуу жана бул көрүнүшкө карата терс мамилени калыптандыруу үчүн 16 күн аздык кылат деп эсептейт. Депутат үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коргоо боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл деген пикирде. Ормонова Жоош айылдык аймагынын депутаттарынын бул жааттагы тажрыйбасы тууралуу айтып берди: “Мен ар дайым жана бардык жерде бул темадагы ар кандай иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүшү керек деп баса белгилеп келем. Жоош айылдык аймагынын депутаттары социалдык-экономикалык өнүгүү планына гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-чаралар блогун киргизе алышты. Бул маселе бюджет боюнча коомдук угуулардын жүрүшүндө баштапкы талкуудан өткөн. Алсак, 2023-жылы тийиштүү багыттагы чараларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 362 000 сом бөлүнгөн. Ошондой эле биз социалдык маселелер боюнча адистин функционалдык милдеттерине үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана алдын алуу боюнча консультацияларды берүү милдетин да киргизе алдык (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 27-пунктуна жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 19-беренесине таянуу менен). Эми айыл өкмөтүнүн адиси туруктуу негизде консультацияларды берип турат, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет да түзүлдү. Биз депутаттар катары бул кызматты көрсөтүүнү жетишкендик деп эсептейбиз жана ар бир муниципалитет үй-бүлөлүк зомбулукка карата пландарды ишке ашырууга жооптуу экенин эске алабыз. Кыргыздар “дарылаганга караганда, алдын алган артык” деп коюшат! “Муниципалитет” журналына аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана анын жайылышынын алдын алуунун натыйжалуу тажрыйбалары, бул маселе боюнча аймактардын жашоочуларын агартуу зарылдыгы, анын ичинде “үй-бүлөлүк зомбулукта коом үчүн коркунучтуу эч нерсе жок” деген стереотиптерди жокко чыгаруу жөнүндө көбүрөөк маалыматтарды жарыялап турушун каалайм!”.

Чындыгында, коомдо үй-бүлөлүк зомбулукка кадыресе мамиле жасоого жол ачкан пикирлер кеңири жайылган. Көптөр үй-бүлөлүк зомбулук – бул үй-бүлөнүн жеке иши деп ойлошот, бирок ар кандай зомбулук – бул адам укуктарын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузуу болгонун баамдай беришпейт. Зордук-зомбулукка анын курмандыгы болгон адамдардын өздөрүн күнөөлөгөндөр да жок эмес, мындай адамдар “зордукчуну көкүтпөш керек болчу жана ар бир адам өз коопсуздугу үчүн өзү жооптуу” деген пикирди карманышат. Бирок адамдын сабатсыздыгынан, зомбулукту зордукчу баштай турганын жана зомбулуктун курмандыгынан эч нерсе көз каранды болбогонун билбегендиктен улам ушундай көз караш жаралат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жакыр үй-бүлөлөрдө гана болот деген көз караш да кеңири жайылган, бирок иш жүзүндө зордук-зомбулук социалдык статуска, кирешеге, адамдын коомдогу абалына, жаш курагына, улутуна карабайт, ал конкреттүү адамдын ичинде анын айлана-чөйрөсүнө жана тарбиясына жараша калыптанат; башкача айтканда, үй-бүлөдөгү зомбулук кийинки муундарда да зомбулукту жаратат. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга карата бир стереотип бар: ал зомбулукту сезимдерге теңештирет – “эгер күч колдонууга чыдаса, демек, сүйөт” дешет жана бул өтө коркунучтуу адашуу, себеби чындыгында жабыркаган адамдын чыдамы сүйүүнү эмес, жагдайга көз карандылыкты же баш ийип калганын билдирет (аял акчадан көз каранды болушу мүмкүн, балдарынын келечеги үчүн тынчсызданат, же баш калкалаар жери болбошу ыктымал ж.б.).

Белгилей кетчү нерсе, үй-бүлөлүк зомбулук анын курмандыктары үчүн гана эмес, жалпысынан эле коом үчүн, анын ичинде келечек муундар үчүн да коркунучтуу, себеби зомбулук кадыресе көрүнүш катары кабыл алынган үй-бүлөлөр бул жаман жосунга көнүп калган адамдарды тарбиялап, кайрадан эле үйдөгү зомбулукка моюн сунган муун өсүп чыгат. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын таап, аларга жардам бергенден тышкары, жаштарды үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу менен өзүнүн жана балдарынын жашоосун алда канча бактылуу кыла алат деп тарбия берүү да өзгөчө маанилүү. Мындан улам үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүккө балдар менен жаштардын катышуусу абдан маанилүү эле. Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ж. ТУРУСБЕКОВ атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Памир АБДИМИТАЛИПОВдун айткандары менен сөзүбүздү жыйынтыктасак туура болчудай. 2020-жылы соцтармактарга таш салынган дөңгөлөктү моюнуна артып турган аялдын видеосу тараган. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон бул аялдын окуясы эч кимди кайдыгер калтырган эмес. Памир ошол окуянын негизинде коюлган театралдык оюнга катышкан эле. Памир: “Бул окуя дайыма көз алдымда турат! Ошол аял абдан кыйналып, ыза болсо керек. Өтө оор сезим”.

Окшош материалы: