Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы жана “Муниципалитет” журналы жаңы 2024-жыл менен куттуктайт!

2024-01-31 / Көңүл чордонунда
“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы жана “Муниципалитет” журналы жаңы 2024-жыл менен куттуктайт!

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну нүктүрүү үчүн” Коалициясы, “Муниципалитет” журналынын редакциясы

АРДАКТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

УРМАТТУУ МУНИЦИПАЛДЫК ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖАНА КЫЗМАТЧЫЛАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫ, МЕКЕНИБИЗДИН ӨНҮГҮҮСҮН ЖАН ДИЛИ МЕНЕН КОЛДОГОН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ПАТРИОТ АКТИВИСТТЕР!

Биз Коалиция түзүп, Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүдө мамлекетти, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана коомду колдоо максатында биргелешип иш алып баруудабыз. Кыргызстандын шаарлары жана айылдары ыңгайлуу, технологиялык, жаратылышты сактоочу жана коопсуз мейкиндиктерге айланат деп ишенебиз. Мындай мейкиндикте ар бир адам өзүнүн материалдык жана руханий керектөөлөрүн толук өлчөмдө канааттандырып, анда өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр болот. Биз алыскы келечекти сүрөттөп жаткандай көрүнүшү ыктымал. Бирок, чындыгында, өзгөрүүлөр биз ойлогондон да тезирээк болуп жатат. Мындан 20 жыл мурда эле мобилдик уюлдук байланыш жарандардын басымдуу бөлүгү үчүн жеткиликтүү эмес болчу, ал эми бүгүн биз телефон аркылуу коммуналдык кызматтарга акы төлөйбүз, айыл өкмөттөрүндө кызматкерлер санариптик башкаруу системасын колдонуп жатышат.

Жаштарга чоң үмүт артып, ушундай эле жоопкерчиликти да жүктөп жатабыз – бул жаңы муун бешиктен бели чыга элек жатып гаджеттерди колдонуп калбадыбы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттин милдети – жаштарды өз үйлөрүн, көчөлөрүн, айылдарын жана шаарларын “акылдуу” санариптик чечимдерге, адам жана жаратылыш үчүн коопсуз материалдарга жана технологияларга негизделгендей кылып өзгөртүүгө тартуу. Биз бул чечимди туш-тараптан колдоп бермекчибиз.

Ар бирибиз көбүрөөк нерселерди үйрөнүп, дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбаларды өздөштүрүшүбүз керек. Ошол эле кезде мындай тажрыйбалар Кыргызстан элинин өзгөчөлүктөрүн жана улуттук иденттүүлүгүн эске алуу менен, мыкты салттарды бузбастан алынышы керек. Муну менен катар аларды жаңы муундарга түшүнүктүү жана жакын формаларга айландырып, Борбордук Азиянын ар бир жашоочусу үчүн биринчи кезектеги мааниге ээ болгон баалуулуктарды коргоо зарыл. Бул баалуулуктардын эң үстүндө үй-бүлө, кичүүлөр менен улуулардын ортосундагы мамиле, өз ара урматтоо жана колдоо көрсөтүү, анын ичинде аялга болгон сый-урмат турат.

Муниципалдык жетекчилер жана кызматчылар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мекенибиздин өнүгүүсүн жан дили менен колдогон жергиликтүү патриот активисттер! Баарыңыздар “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын көп сандаган жамааты аткарып жаткан бардык иштердин башкы өнөктөштөрү болуп саналасыңар, мунун баарын сизге даректеп келатабыз. 2024- жылы Коалицияны түзгөн үч уюмда – Өнүктүрүү саясат институтунда (ӨСИ), КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунда (ЖӨБ Союзу) жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясында (БАЖБА) жергиликтүү өнүгүүнүн ар кандай багыттары боюнча 80ге жакын жогорку квалификациялуу адис иштеп жатат. Бул адистер күн сайын экспертизасын тереңдетип, билимин жогорулатып, мунун баарын муниципалитеттер менен бөлүшүп жатышат.

2024-жылдын ичинде жана андан ары Коалициянын өнөктөштөрү мамлекетти, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жергиликтүү жамааттарды мыйзамдарды өркүндөтүүдө, анын ичинде башталып жаткан административдик-аймактык реформа процессинде колдоп, ирилештирилген муниципалитеттер үчүн башкаруу шаймандарын даярдап жатышат. Коалиция шаарларды өнүктүрүү үчүн чоң күч-аракеттерди жумшайт. Бул үчүн Коалиция жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, муниципалдык менчикти башкаруу, муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана башка маселелер боюнча чараларды камтыган колдоо программасын сунуштай алат. ЖӨБ Союзунун өркүндөтүлгөн Call- борбору, БАЖБАнын улуттук консультанттар тармагы аркылуу ЖӨБ органдары үчүн консультацияларды берүү мүмкүнчүлүктөрү көбөйтүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, айрыкча алардын аялдар бөлүгүнө максаттуу колдоо көрсөтүү улантыла бермекчи, муниципалитеттер ортосунда ар кандай формада тажрыйба алмашуу кеңири алкакта болот. Жалпысынан алганда, Коалициянын чоң пландары бар. Бул пландарга ар кандай тараптардын татаал жана жамааттык күч-аракетти талап кылган маселелер, мисалы, катуу тиричилик таштандыларын жок кылууну координациялоо маселелери кирет.

Өлкөнүн алдында олуттуу тышкы чакырыктар турганда, ал эми ички башкаруу өзгөрүүлөргө муктаж болуп жаткан чакта, анын ичинде мунун баары технологиялардын таасири астында болгондуктан, калктын жашоо деңгээлин олуттуу жакшыртуу зарылдыгын эске алуу менен Коалиция мамлекетке жардам берүү максатын көздөйт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана башка ведомстволор менен чогуу Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдоп берүү Коалициянын көмөгүнүн алдыңкы формаларынын бири болуп калмакчы.

Коалициянын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын бардык тургундарын Жаңы жыл менен куттукташат! Биз муниципалдык жетекчилерге, кызматчыларга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана жергиликтүү патриот активисттерге муниципалдык башкарууну өнүктүрүүдө күч-кубат, ийгиликтерди, ишине чыгармачыл мамилени каалайбыз!

Сизге ден соолук жана кесипкөй жетишкендиктерди каалайбыз! “Муниципалитет” журналынын беттеринде жолугушканга чейин аман болуңуздар!

 

Окшош материалы: