Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жоош айылдык аймагында программалоо курстарын уюштуруу

2023-09-07 / ЖӨБ кызматтары
Жоош айылдык аймагында программалоо курстарын уюштуруу

Куштарбек ТАШКУЛОВ, аймактык координатор, USAIDдин Ийгиликтүү аймак 2” долбоору

Жоош айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жабдылган Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун базасында айылдык аймактын балдары жана жаштары үчүн программалоо курстары уюштурулду. Бул курстар КР БШКнын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча уюштурулду. Окуулар Борбордук шайлоо комиссиясынын окуу иш-чаралары өтпөгөн учурда, бош турган маалда өткөрүлөт.

Жоош айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жабдылган Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун базасында айылдык аймактын балдары жана жаштары үчүн программалоо курстары уюштурулду. Бул курстар КР БШКнын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча уюштурулду. Окуулар Борбордук шайлоо комиссиясынын окуу иш-чаралары өтпөгөн учурда, бош турган маалда өткөрүлөт.

Жумушка орношуудагы кыйынчылыктар, мигранттардын Орусиядан кайтып келиши, глобалдык санариптештирүү өңдүү көйгөйлөр программалоо боюнча курстарды уюштурууга өбөлгө болуп берди. Келечектеги мүмкүнчүлүк- төрдү жана программисттердин эмгек акысы жогору болоорун эске алуу менен Жоош айыл өкмөтүнүн жетекчилиги айылдык аймактын өсүп келе жаткан мууну үчүн бул курстарды уюштуруп берүүнү чечкен.

Бул жерде негизги кеңсе программаларынан (MS Word, MS Excel, MS PowerPoint) тышкары, угуучулар Scratch жана Python тилдеринде программалоого үйрөнүп, веб-программалоо (html, css) платформасында иштегени ушул курстардын өзгөчөлүгү болуп саналат. Жоош айылдык аймагындагы алты айылдын балдары үчүн сабактарды СЫДЫКОВ атындагы Кыргыз- Өзбек эл аралык университетинин Инженердик- технологиялык факультетинин окутуучулары өткөрүүдө.

Учурда программалоо курстарында 85 окуучу 18 компьютерди колдонуп билим алышууда. Беш топ түзүлдү: айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын тобу, Жоош айылдык аймагынын алты айылынан жаштар менен мектеп окуучуларынын төрт тобу.

Беш айлык окуунун жыйынтыгы Жоош айылдык аймагында өткөн программалоо боюнча олимпиадада сыналды. Бул олимпиада USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган. Олимпиадада Жоош айылдык аймагынын жана Ош шаарынын 35 окуучусу өз билимин сынап көрүштү. Жакшы жыйынтык көрсөткөн катышуучулар сертификаттар менен сыйланып, ал эми I, II жана III орундарды ээлеген окуучуларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан КУЛАНОВА жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышып, аларды окуудагы жетишкендиктери менен куттуктады.

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек ТИЛЛАБАЕВ буларды белгиледи: “Глобалдык санариптештирүү шартында биз балдарыбызды жаңы шарттарга даярдап, келечекте өзүн жана үй-бүлөсүн камсыз кыла алышына мүмкүнчүлүк беришибиз керек”. Олимпиаданын катышуучуларынын бири өз пикири менен мындайча бөлүштү: “Биринчи сабактан кийин мен темага анча деле кызыккан эмесмин, бирок дагы бир жолу катышкандан кийин аралыктан иштеп акча табуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билген соң программист кесибин тандап алууну чечтим”.

Программалоо курстарын уюштуруу процессинин таржымалы бар. Идея пайда болгондон кийин айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу милдеттерди, мөөнөттөрдү жана жооптуу адамдарды так көрсөтүп, Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу планын иштеп чыккан. Айыл өкмөт башчысы Жылдызбек ТИЛЛАБАЕВ бекиткен Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планынын алкагында программалоону үйрөнгүсү келген окуучулардын ата-энелери үчүн тарифтин долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Программалоо курстарына тарифти талкуулоо боюнча коомдук угуулар Большевик, Калинин, Агартуу айылдарында 97 адамдын, анын ичинде 72 аялдын катышуусунда өткөн.

Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарын- да кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган. Конкурстук комиссияга конкурска катышууга 8 өтүнмө түшкөн. Өтүнмөлөрдүн көп болушуна кызмат көрсөтүү үчүн тариф атаандаштыкка жөндөмдүү болуп коюлганы себепчи. Тарифти ата- энелер менен белгилеп, аны макулдашуу боюнча кылдат иштер жүргүзүлгөн. Мунун натыйжасында кызмат көрсөтүүчүгө өз эмгеги үчүн татыктуу эмгек акы алуу мүмкүнчүлүгү берилди.

Конкурста жеңүүчү болуп Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин инженердик-технологиялык факультетинин окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты, профессор Гүлзат ӨМҮРБЕКОВА тандалып алынды. Профессордун кесиптик көндүмдөрү, тапшырган документтери жана сунуштаган курстун программасы башка талапкерлердин өтүнмөлөрүнөн кыйла айырмаланып турган.

Андан соң айыл өкмөт башчысы менен кызмат көрсөтүүчү ортосунда келишимге кол коюлду. Ушул эле күнү окуучулардын ата-энелери менен кызмат көрсөтүүчү Гүлзат ӨМҮРБЕКОВАнын ортосунда да келишимдерге кол коюлду. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу процесси үч айга жакын убакытты алды.

Окуучулардын ата-энелеринен чогултулган акча каражаттарын башкаруу жана кызмат көрсөтүүчүгө эмгек акы төлөө үчүн ата-энелер комитети түзүлүп, учурда ал өз ишин жигердүү жүргүзүп жатат. Окуучулардын биринин ата-энеси төмөнкүлөрдү айтты: “Мен USAIDдин долбоорлору биринчи кезекте жашоочулар үчүн пайдалуу экенин буга чейин угуп келчүмүн. Мына эми бул сөздөр чын болгонуна көзүм жетип отурат: менин балам программалоо курстарында окууга мүмкүнчүлүк алды”.

 

Окшош материалы: