Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда санариптик чечимдерди колдонуу

2023-09-07 / ЖӨБ кызматтары
Муниципалдык деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда санариптик чечимдерди колдонуу

Темир КАЗЫБАЙ, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” Коомдук фондунун долбоорлорунун координатору, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөшү

Жакшы эсептелген тарифтер муниципалдык ишкананын ишинин туруктуулугунун негизги фактору болуп саналат. Бирок бул тарифтер боюнча төлөм көп жакшы чогултулбаса же такыр эле чогултулбаса, тарифтердин өзү эч кандай мааниге ээ болбойт. Тарифтер – бул нак акча эмес, бул документ. Ошондуктан, тарифтер ишканага өтө зарыл, бирок финансылык башкаруу аспабы гана болуп кызмат кылат, ал эми финансынын өзү айланып келип эле керектөөчүдөн түшөт. Кызмат көрсөтүүчүлөр тарифти белгилебестен эле акчаны доолаган учурлар бар. Мындай учурлар сейрек кездешкени менен, алар кызмат көрсөтүүчүнүн (айрыкча муниципалдык ишкананын) финансылык туруктуулугу үчүн эсепке алуу жана абоненттерден төлөмдөрдү чогултуу системасы абдан маанилүү экенин көрсөтүп турат. Ал эми кызмат көрсөтүүнү заманбап башкарууда санариптик чечимдерсиз иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Башкарууну санариптештирүү Кыргызстандын ЖӨБ органдарында кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууну жакшыртууга кандайча жардам берип жатканын “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” Коомдук фондунун тажрыйбасынан түшүнсө болот. Аталган фонд USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен атайын программалык продуктуну иштеп чыккан. Ал абоненттердин санын, көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүн так эсепке алууга жана ЖӨБ органдары жооптуу болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жакшыраак чогултууга мүмкүндүк берет. Бул санариптик чечимдер төлөмдөрдүн чогултулушуна көзөмөлдү күчөтүүгө, текшерүүчүлөр арасында коррупцияны болтурбоого, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди жолго салууга шарт түзөт.

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги функциясы болуп саналат. Иш жүзүндө турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана аларды жеткирүү муниципалдык ишканалардын же коомдук уюмдардын, мисалы, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА), таза сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин (ТСКАКБ) карамагына өткөрүлүп берилген. Кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштуруу маселеси – бул татаал процесс, убакытты көп алып, бир нече этапты камтыйт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугу айрыкча татаал өңүтү болуп саналат. Туруктуулук бул колдонуучулардын муктаждыктарын сапаттуу канааттандыруу жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыны өз убагында алуу менен камсыз кылынат. Кызмат көрсөтүүлөргө адекваттуу тарифтерди бекитүү туруктуулуктун негизги фактору болуп саналат. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн ичине таза суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын (КТК) ташып чыгаруу жана жок кылуу, жакындан бери дыйкандарды сугат суусу менен системалуу камсыздоо жана бөлүштүрүү, жайыттарды пайдалануу да кирип калды.

Туура тарифтик саясат ишкананын минималдуу туруктуулугун камсыз кылып, эмгекке, электр энергиясына, күйүүчү майга, кеңсеге жана башкага кеткен чыгымдарын жабууга мүмкүндүк берет. Бирок тарифтердин өзү эле жетишсиз, кызмат көрсөтүү жана ал үчүн акы чогултуу жаатында абоненттер менен иш жүзүндө иш алып барууну эске албаганда, ишкана толугу менен туруктуу иштеп кетет дегенге кепил боло албайт.

Иш жүзүндө менчигинин түрүнө карабастан, КТКны ташып чыгаруу, таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишканалар же коомдук уюмдар, анын ичинде СПАлар жана ТСКАКБлар алардын ишин чектеген, экономикалык жана финансылык туруктуулукка жетишүүгө түздөн-түз таасир эткен көйгөйлөргө туш болуп келишет.

Бул, биринчи кезекте, ишкананын ичинде башкаруучулук иштерди уюштурууга жана калк менен иштөө ыкмаларына байланыштуу болот.

Көпчүлүк ишканалар абоненттер тууралуу маалыматтарды кагаз түрүндө катташат, кагаз документтерин эсептер менен сактоо талаптагыдай жүргүзүлбөйт, бул болсо маалыматтардын жоголушуна алып келип, акыр соңунда маалыматтарды башкаруунун сапатына да таасирин тийгизүүдө.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу жеңилдиктер менен субсидияларга башкаруучулук эсеп жүргүзүлбөйт. Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөбөгөн абоненттердин тобокелдик топтору жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк жок. Мындан тышкары, колдонуучу тууралуу маалыматтар туруктуу негизде жаңыланып турбайт.

Колдонуучулар менен эсептешүүлөр системага салынган эмес, эсептөөлөр боюнча маалыматтар талданбайт, ошону менен бирге маалыматтарды чогултуунун, иштетүүнүн жана талдоонун жаңы технологиялары колдонулбайт. Кызмат көрсөтүүлөргө акыны текшерүүчүлөр чогултат, алар кызмат көрсөтүүнү пайдалануучулардан алган акчаны ишканалардын кассасына өз ыктыярына жараша тапшыра алышат.

Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы чогултуу аткарууга оңой болбогон маселелердин бирине айланып баратат. Муниципалдык ишканалар таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүсүнө, сугат жана ичүүчү сууга акы төлөөнүн технологиялык ыкмаларын уюштура албай жатышат. Алар кызмат көрсөтүү үчүн акы чогултуунун эски ыкмасын колдонуп келишет – кызмат көрсөтүүнү колдонуучуларды үймө-үй кыдырып чыгышат.

Келишимдик базаны сапатсыз жана натыйжасыз жүргүзүү, карыздарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүнүн аздыгы жогоруда саналган көйгөйлөрдүн кесепеттери болуп саналат. Ошондой эле ишканаларда төлөмдөрдү кабыл алууну жакшыртуу, төлөм терминалдары, электрондук капчыктар, Elcart, Visa карталары ж.б. аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү жок.

Ишкананын ичиндеги башкаруу ишин автоматташтыруу жана калк менен иштөө ыкмалары аркылуу уюмдун саналган көйгөйлөрүн чечүү аракеттери бир нече жолу, адатта 1С-Бухгалтерия платформасынын негизинде жасалып келген.

1С базасындагы система маселени жарым-жартылай чечкен: абоненттердин санариптештирилген базасы ачылып, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча чегерилип, дүмүрчөктөр басып чыгарылып, эсептегичтердин көрсөткүчтөрү эсепке алынып жаткан.

 

 Жогорудагы сүрөт: “Oimo Billing” системасында абоненттердин маалымат базасынын интерфейси (сырткы көрүнүшү)

Төмөндөгү сүрөт: Текшерүүчүнүн смартфонундагы “Oimo Billing” системасын башкаруу панелинин интерфейси (тышкы көрүнүшү)

 

Бирок текшерүүчүлөр төлөмдөр жөнүндө маалыматты жазып, абоненттердин реестрин жүргүзүп, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн чогултуу үчүн буга чейин деле кантип кагаз көтөрүп келсе, бүгүнкү күнгө чейин да ушундай эле режимде иштеп жатышат. Ошентип, бул система коммуналдык кызмат көрсөтүү рыногунда өзүнүн натыйжалуулугун далилдей алган жок. Көйгөй 1Сти толуктап иштеп чыгуу зарылдыгынан улам да тереңдеди, себеби толуктап иштеп чыгуу үчүн акы төлөөгө финансылык мүмкүнчүлүктөр болгон күндө да, системанын өзүн киргизүү кыйла жогору, 1Сти иштеп чыгуучулардын өздөрү да адатта бош эмес. Ал тургай, иштеп чыгуучулар бул системаны андан ары модернизациялап, жаңылап турууга кызыкдар эмес.

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-мартындагы №680/66-6 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө” токтому кабыл алынгандан кийин айыл өкмөттөрү муниципалдык ишканалардан кызматтарды көрсөтүү жана төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу процесстерине санариптик чечимдерди тездик менен киргизүүнү талап кыла башташты.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун аталган токтомду ишке ашыруусунун алкагында “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” Коомдук фонду “MyCloud.kg” ЖЧКсы менен өнөктөштүктө коммуналдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү эсепке алуу жана автоматташтыруу системасынын долбоорун ишке ашырды. Ал “Oimo Billing” маалыматтык системасына негизделген жана төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат:

  • санариптештирилген абоненттик маалымат базасын киргизүү;
  • керектөөнү же кызмат көрсөтүүнү пайдалануучулардын санын эске алуу менен көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыны эсептөө;
  • абоненттерге таратуу үчүн эсеп- дүмүрчөктөрдү басып чыгаруу;
  • төлөмдөрдү онлайн-форматта кабыл алуу (электрондук капчыктар, терминалдар, карталар, интернет-банкинг), ошондой эле чек берүү менен накталай төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • эсептөөлөрдү, төлөмдөрдү, карызды көрүү үчүн, ишкана менен кайтарым байланыш үчүн абоненттин жеке кабинети;
  • смартфондон биллингге кирүү мүмкүндүгү менен текшерүүчүнүн жеке кабинети (мобилдик тиркеме);
  • текшерүүчү аркылуу да, абоненттерге көрсөткүчтөрдү жөнөтүү аркылуу да акылдуу эсептегичтерден көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө чогултуу мүмкүнчүлүгү;
  • абоненттер арасында сурамжылоо системасын жана сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча аналитиканы;
  • бузулгандыгы, иштебей жаткандыгы тууралуу абоненттерден техникалык өтүнмөлөрдү эсепке алуу системасын;
  • отчетторду түзүү, төлөөдө карызды кайра эсептөө, карызкорлорго смс, электрондук кат, WhatsApp аркылуу билдирүү жөнөтүп, абоненттер менен иш алып барууну жана алардын карызын эсепке алууну;
  • ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин абоненттер менен иштөө процессине мониторинг жүргүзүүсүн;
  • текшерүүчүлөрдүн смартфон аркылуу жаңы абоненттерди киргизүүсүн.

Иштелип чыккан программалык продукт ишкананын ишин толук эсепке алууга, көрсөтүлгөн кызматтардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет, натыйжада калктын ишканага да, ЖӨБ органдарына да болгон ишеними артат. Ишкананын бухгалтери өзүнүн эсеби үчүн баштапкы маалыматтарды алат: чегерүүлөрдүн суммасын, карыздардын суммасын, төлөөлөрдүн түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшүн (накталай, накталай эмес, банктар же электрондук капчыктар боюнча).

Системаны киргизүү муниципалдык ишкананын бардык кызматкерлеринин ишин кыйла жеңилдетип, жетекчилик үчүн ишти башкарууну оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

“Oimo Billing” системасынын колдонуучулары “Программалык камсыздоону ижарага алуу” бизнес- моделинин эсебинен заказчынын каалоолорун эске алуу менен MyCloud.kg IT-компаниясынан туруктуу техникалык колдоону алып, программалык камсыздоосун жаңыртып турушат.

Бүгүнкү күндө бул система өлкө боюнча жыйырмадан ашык муниципалдык ишканада киргизилген. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын пилоттук айыл аймактарындагы 16 муниципалдык ишкана менен макулдашууга жетишилди.

Бул продуктуну ийгиликтүү ишке киргизүү жер-жерлерде кызмат көрсөтүү маселелерин чечүүдө маанилүү болуп, натыйжада жалпысынан аймактардын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Окшош материалы: