Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу – акчага эмес, башкарууга тиешелүү маселе. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун орто аралыктагы жыйынтыктары

2023-09-07 / ЖӨБ кызматтары

Артур БУКАЛАЕВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун мониторинг жана билимди башкаруу боюнча менеджери

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” аттуу төрт жылдык долбоору 2021-жылы ишке ашырыла баштаган жана 2025-жылы жыйынтыкталат. Долбоор ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүдөгү натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоор өз ишин Жалал- Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын 40 максаттуу муниципалитетинде (ММ) жүргүзүүдө. Өз ишинин экинчи жылын аяктап жатып, Долбоор орто аралыктагы жыйынтыктарын чыгарууда. Аны менен бирге жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу көп учурда акчага караганда билим деңгээлинен жана башкаруу тарыйбасын жакшыртуудан көз каранды экендигин аудиториясына далилдөөдө.

Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору көптөр сураган методологиялык жана юридикалык консультацияларды берип, ЖӨБ органдары менен калктын эриш-аркак иштешүүсүн жолго сала алды. Мунун натыйжасында максаттуу муниципалитеттерде 40 түрдүү кызмат көрсөтүү уюштурулду, аларды дээрлик 120 миң (116 695) адам – эркектер, аялдар, балдар жана кыздар туруктуу колдонуп жатышат.

ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүү

ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында 838 муниципалдык кызматчы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары (анын ичинде 390 аял) калк үчүн кызмат көрсөтүүнү башкаруу жана уюштуруу чөйрөсүндө жаңы көндүмдөргө жана билимге ээ болушту; 657 адам (402 аял) “Теңден теңге” платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен ЖӨБдүн иш чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларды талкуулоого катышышты.

Окутуу практикалык мүнөздө болуп, катышуучуларга алган билимдерин ошол замат практикада колдонууга мүмкүндүк берди. Мындай ыкма жакшы жыйынтыктарга алып келди, мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча тренингден кийин кызмат көрсөтүүлөр боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү, артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөр аныкталды, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча пландар иштелип чыгып, кабыл алынды; тарифтер жана стандарттар боюнча тренинг пилоттук муниципалитеттерге жүйөлүү тарифтерди эсептеп чыгып, аларды коомдук угуулардын жүрүшүндө кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен талкуулоого мүмкүндүк берди; муниципалдык менчикти башкаруу боюнча окутуу ЖӨБ органдарында мүлктү башкаруу боюнча жоболорду, келишимдерди жана реестрлерди киргизүүгө көмөкчү болду. Долбоор мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу; ЖӨБ органдарынын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери боюнча билимдин сапатын жана көлөмүн көбөйтүүгө жардам берди. Жакшылап иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары; гендердик теңчиликти башкаруу боюнча пландар; кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү пландары окутуунун жыйынтыгы болуп калды. Ошондой эле пландар жана программалар мурдагыдан жогорку деңгээлде аткарыла баштады. Алсак, кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү боюнча планды биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору аткарат, алар мониторинг жүргүзүлгөн сапарлардын жыйынтыгы боюнча 13 акт түзүп, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган сунуштарын беришкен. Бюджеттик ачык-айкындуулук боюнча тренингдер муниципалитеттердин эл менен иш алып баруу багытындагы тажрыйбасын байытты: жарандык бюджеттердин долбоорлору түзүлүп, Финансы министрлигинин сайтына жүктөлдү, коомдук бюджеттик угуулар өткөрүлдү.

 

1-диаграмма. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган кызмат көрсөтүүлөрдүн саны, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү боюнча алганда

 

2-диаграмма. Темалардын алкагында коомдук угуулардын катышуучуларынын саны

 

3-диаграмма. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен иштөөнүн таасири астында ЖӨБ органдарынын натыйжалуулугуна берилген баа

 

Жарандарды жергиликтүү өнүктүрүүгө тартуу

Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен өз ара аракеттенүүнүн ар кандай формалары, анын ичинде коомдук угуулар аркылуу жарандарды жергиликтүү өнүгүүнү талкуулоого, ар кандай маселелер боюнча чечим кабыл алуу процесстерине тартууга өзгөчө маани берет.

Кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү

Эгерде кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдө, жарандарда тейлөөлөргө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болсо, жергиликтүү жамааттар үчүн маанилүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты өңдүү маселе олуттуу түрдө оңолушу мүмкүн. Ошондуктан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жамааттардын кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүсүн колдоого алды. Мониторинг ЖӨБ органдарына жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө жана башка маанилүү процесстерге системалуу түрдө мониторинг жана баалоо жүргүзүп туруу практикасын киргизүүгө жардам берди. Бул үчүн ар бир максаттуу муниципалитетте биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору түзүлгөн. Бул топтордун курамына активисттер, ЖӨБОнун кызматкерлери жана жергиликтүү депутаттар кирип, алар өз ишин иштелип чыккан планга ылайык жүзөгө ашырышууда.

Мындай топтор долбоордун бардык 40 максаттуу муниципалитетинде түзүлүп, 304 активистти камтыйт. Топтор 50дөн ашык мониторинг жүргүзүштү, алардын жыйынтыгы боюнча подрядчыларга, кызмат көрсөтүүчүлөргө, ЖӨБ органдарына жана башка кызыкдар жактарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жана толуктап иштеп чыгууга тиешелүү сунуштар берилди.

ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо

Жалпысынан долбоор жергиликтүү өнүгүү үчүн шарттарды жакшыртууга көмөктөшөт, ЖӨБ органдарынын ишинин сапатына жана жарандардын ЖӨБ органдарына болгон мамилесине түздөн-түз таасирин тийгизет. Алсак, долбоордун эсеби боюнча, ЖӨБ органдарынын ишинин сапатына берилген эксперттик баа орточо 19 пайызга өскөн, ал эми калк ЖӨБ органдарынын ишин 12 пайызга жакшыраак баалай башташкан. Долбоор мындай көзөмөлдү жылына эки жолу – максаттуу муниципалитет менен кызматташуу башталганда жана колдоо көрсөтүлгөндөн кийин бир жылдан соң жүргүзүп турат.

 

Окшош материалы: