Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖАРЫЯ: депутаттар эми жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулукка натыйжалуу каршы тура алышат

2023-09-07 / ЖӨБ кызматтары

Александр ТРЕТЬЯКОВ, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү эксперт, ЖӨБдү өнүктүрүү программа- сынын долбоорунун авторлошу

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу (мындан ары – ҮЗАБ) маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары канчалык деңгээлде жакшы чечип жатышат? Айыл өкмөтү же мэрия бул маселелерге жетиштүү убакыт бөлүп жатабы? Бул багытта зарыл болгон кызма көрсөтүүлөр уюштурулуудабы? Алар жетиштүү деңгээлде каржыланабы? Эң негизгиси, бул чаралар үй- бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, жабырлануучуларды коргоого жардам берип жатабы? Жергиликтүү кеңештин депутаттары бул багыттагы иштин натыйжалуулугун кантип баалай алышат? Ушул жана башка суроолорго жергиликтүү деңгээлдеги программалык документтерде бекитилген ҮЗАКтын милдеттери менен чараларынын аткарылышын баалоо жана көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн Усулдук колдонмо жооп бере алат. Аталган Колдонмо USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен “Жарандык катышуу” Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан.

Усулдук колдонмо жергиликтүү кеңештердин (шаардык, айылдык) депутаттарына багытталган. Колдонмо жергиликтүү программалык документтерге баалоо жана көзөмөлдөө аспаптарын киргизүүгө жардам берүү максатында иштелип чыккан. Бул аспаптар ЖӨБ органдары ҮЗАКтын милдеттерин жана иш-чараларын кантип аткарып жатканын баалап, көзөмөлдөп турмакчы. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өзүнүн көзөмөлдөөчү функцияларын ишке ашыруу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарына Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын иш планын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмону жетекчиликке алуу сунушталат.

Бул тууралуу кененирээк “Муниципалитет” журналынын кийинки санынан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөшү болгон “Жарандык катышуу” Коомдук фондунун программалык менеджери Аида Курбанованын макаласынан окуй аласыз.

 

Окшош материалы: