Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас жана Чүй облустарынын муниципалитеттери жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн 13 миллион сомдон ашык акча алышат

2023-07-18 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Талас жана Чүй облустарынын муниципалитеттери жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн 13 миллион сомдон ашык акча алышат

Куштарбек ТАШКУЛОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, регионалдык координатор

2023-жылдын жай айынын алгачкы күндөрүндө Чүй, Жалал-Абад жана Ысык- Көл облустарынан мэриялардын жана айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн 20 жетекчисинен жана адистеринен турган биринчи топ Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясында (БАЖБА) “Муниципалдык кызматта эмгек акыны төлөө” курсу боюнча квалификациясын жогорулатышты. Бул квалификацияны жогорулатуу курстарынын айырмачылыгы – ЖӨБ органдары мыйзамдарга ылайык окутуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча төлөшөт, ал эми кызмат көрсөтүүчү окутуунун актуалдуулугу жана сапаты үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат. Бул окуу курстары КР Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялары менен тастыкталган. Өз ара жоопкерчилик жана бюджеттик каржылоо квалификацияны жогорулатуу системасын натыйжалуу жана туруктуу кылууда.

ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВдин айтымында, муниципалитеттерде буга чейин өзүнүн окуу борбору болгон эмес, бирок ошол эле маалда жыл сайын өлкөдө бери дегенде 3 миң муниципалдык кызматчы квалификациясын жогорулатуудан өтүшү керек: “Мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар эки багыт боюнча – жалпы жана ведомстволук багыттар боюнча квалификацияны жогорулатуудан өтүүгө тийиш. Жалпы багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын мамлекеттин атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы (башка ЖОЖдордун катышуусу менен) уюштуруп келет. Ведомстволук багыт боюнча окутуу үчүн ведомстволор, министрликтер жооп беришет жана бул үчүн алардын өздөрүнүн окуу борборлору бар, аларда мамлекеттик кызматчылар жана ведомстволук мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн ведомстволук маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуудан өтө алышат. Муниципалдык кызматчылардын мындай борбору эч качан болгон эмес, себеби өлкөдө ЖӨБ органдары дээрлик жарым миңге жетет жана окуу борборун түзүү кыйын. Ал эми мыйзам ар бир муниципалдык кызматчы жок дегенде үч жылда бир жолу квалификациясын жогорулатуудан өтүп турушун талап кылат. Ошентип, 3000ден кем эмес муниципалдык кызматчы буга чейин ведомстволук багыт боюнча квалификациясын жогорулатуудан өтө турган жери жок болчу. Эми бул маселе чечилди. Мамлекет менен биргеликте биз укуктук базаны толуктап иштеп чыгып, муниципалдык кызматчылар үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирүүчүнү түздүк, ал Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы болуп калды. Мында Өнүктүрүү саясат институту чоң роль ойноду, ал өз алдынча жана өнүктүрүү долбоорлорунун колдоосу менен Академияны түзүү үчүн экспертизаны жана ресурстарды камсыз кылып берди.

Бул жерде ЖӨБ органдарынын өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилей кетүү маанилүү, себеби мыйзам чыгаруучу муниципалдык кызматчыларды окутууну жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылоо мүмкүнчүлүгүн караштырган, ал эми Министрлер Кабинети апрелдеги токтомунда билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу механизмин тактаган. Мен ошондой эле ЖӨБ органдарынын жетекчилерине кайрылып, кызматчылардын жумушта зарыл болгон жана сапаттуу билим алуусу үчүн акы төлөөгө боло тургандыгын жана муну жасаш керектигине алардын көңүлүн бургум келет. Муну менен сиз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын жогорулатып, кызматкерлердин кесиптик жактан өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзөсүз. Ошол эле маалда акынын негизиндеги кызмат көрсөтүүлөр үчүн аны жеткирүүчүлөрдөн сапатты талап кылууга болот. Ал эми акысыз окутуу жыйынтыктарды талап кылууга да, окуунун мазмунуна таасир этүүгө да мүмкүнчүлүк бербейт.

КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу үчүн муниципалдык башкаруунун актуалдуу практикалык маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынын башталышы өзгөчө мааниге ээ, себеби ЖӨБ органдарында туруктуу жана квалификациялуу билим булагы пайда болду. ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине өз функцияларын мыкты аткарууга жардам берүүгө умтулуп, ЖӨБ Союзу WhatsApp- тайпаларын түздү. Бул тайпаларда башкаруунун учурдагы маселелерине байланыштуу күн сайын муниципалдык кызматчылардан, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан чексиз суроолор жана кайрылуулар талкууланып турат. Иш жүзүндө алардын актуалдуу билимге ээ боло турган жери жок, себеби сөз көп адамдар – 30 миңден ашык кызматчы жана депутаттар жөнүндө болуп жатат, алар көп учурда өздөрү жооп бере албаган суроолорго туш болушат. Буга субъективдүү факторлор себеп болууда – конкреттүү адамдарга билим жетишсиз болууда, бирок тышкы, объективдүү жагдайлар андан да көбүрөөк таасирин тийгизүүдө – ЖӨБ органдары өз ишинде 200дөн ашык ченемдик укуктук актыны жетекчиликке алышат. Юридикалык билими, даярдыгы жок адамга бул көлөмдөгү маалыматты өздөштүрүп, эсинде сактап калуу мүмкүн эмес. Эми БАЖБА квалификацияны жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүү процессин баштагандыктан, биз ЖӨБ органдарын өз кызматкерлерин бул курстарга жиберүүгө чакырабыз, себеби дал ошол жерден алар күнүмдүк милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон практикалык маалыматты, суроолоруна жоопторду алып, чоо-жайын түшүнө алышат”.

Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ мындай окутуу системасын түзүүгө 30 жылдан ашуун убакыт кеткенин белгиледи: “Ушул мезгилде муниципалдык кызматчыларга жалпы багыт боюнча квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык уюмдардын ар кандай тренингдери гана жеткиликтүү болуп келген, алар ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жана жетекчилеринин билиминдеги боштуктарды өз ыктыярына жараша толуктап турушкан. Муниципалдык башкаруу боюнча өзгөчө билимдер системага салынбай берилип, тематикасын тренингдердин уюштуруучулары аныкташчу. Акыры өлкөдө ведомстволук (өзгөчөлүү) багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу үчүн инфраструктура пайда болушу үчүн мамлекеттин, ЖӨБ Союзунун атынан ЖӨБ органдарынын өздөрүнүн көп жылдык биргелешкен күч- аракеттери жана жарандык коомдун колдоосу зарыл болду”.

БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВАнын айтымында, 2023-жылы Академия кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча 15ке жакын курсту сунуштайт. Бул курстар ЖӨБ органдарынын суроо- талаптарына жооп иретинде иштелип чыккан жана реалдуу муниципалитеттердин тажрыйбасына негизделген, алардын жетишкендиктерин, ийгиликтүү чечимдерди тапкандыгын жана андан да маанилүүсү, каталарын эске алат. БАЖБАнын окутуучулары жөн гана адистер эмес, алар жергиликтүү маанидеги маселени чечүүгө, муниципалдык кызматчынын функциясын аткарууга катышкан тажрыйбасына ээ болгон практиктер (алардын өздөрү муниципалдык кызматчы болушу шарт эмес, бирок алардын өз багыты боюнча ЖӨБ органдары менен түздөн-түз иштөө тажрыйбасына ээ болуп, “жеринде” эмнелер болуп жатканын жакшы билиши зарыл). Курстар суроо-талапка ээ болгон темаларды камтыйт. Алар: эмгек акысы, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, жерлерди жана бюджетти башкаруу жана ЖӨБ органдары чечип келген башка маселелер. Курстардын баасы жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен эсептелип чыккан, темасына жана узактыгына жараша 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин болот.

Окуунун катышуучулары курстардын актуалдуулугун жана практикага жакындыгын белгилешти. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы Сайрагүл МАМАТКУЛОВА төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бул курс мен үчүн абдан маанилүү болду, мен айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акыны эсептөөгө жооптуумун. Ал эми эсептөө механизмдерине өзгөртүүлөр киргизилип турат, аларды кантип туура эсепке алууну түшүнүү дайыма эле жеринде мүмкүн боло бербейт. Окутуу киргизилген ар бир өзгөртүүнү түшүнүүгө, практикалык сабактар маалында эсептөөлөрдү жасоого жардам берди. Теориядан кийин ошол замат практика менен бекемдөөгө мүмкүнчүлүк болгондо, окуунун натыйжасы да реалдуу болуп, тажрыйба жана көндүмдөр ошол жерде эле пайда болот экен”.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн кызматкери Айзана КЫДЫКОВА эми кызматтык милдеттерин аткарууда өзүн ишенимдүү сезип калды: “Мен эмгек акыны эсептөөдө көп кыйналдым, азыр болсо керектүү механизмдерди толугу менен өздөштүрүп калдым. Мындай курстарга барсамбы же жокпу деп күмөн санап жаткандарга ишти ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон билимге убакытты да, акчаны да аябаш керек деп айткым келет. Болгону билим алып, өз функцияларыңды толук жана сапаттуу аткарууга мүмкүндүк берген жетишпей жаткан боштуктарды толтуруп алыш керек”.

Муниципалдык кызматчылардын квалифика- циясын жогорулатуу курстары жөнүндө кеңири маалыматты телефон аркылуу алууга болот: +996 777 740 807 же электрондук почтага кат жаза аласыз: z.kazanlyeva@lga.kg. БАЖБАнын окуу процессин уюштуруу боюнча методисти Зухра КАЗАНЛЫЕВАга кайрылыңыз.

 

Окшош материалы: