Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төлөмдөрдү чогултуу деңгээлине тийгизген таасири
Куштарбек ТАШКУЛОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, регионалдык координатор
Өнүктүрүү саясат институту аткарып келаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору (мындан ары – Долбоор) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултуу деңгээлине кандай таасир тийгизээрине изилдөө жүргүзүп чыкты. Баалоо үчүн эки негизги кызмат көрсөтүү тандалып алынды – Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринде ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү жана катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсү. Өзгөрүүлөрдүн динамикасын аныктоо үчүн эки негизги көрсөткүч тандалып алынды (эмнени эмне менен салыштыруу керек?): USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” Долбоору менен кызматташуу башталганга ЧЕЙИН кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн чогултулушунун деңгээли жөнүндө маалыматтар жана Долбоор менен кызматташуунун алкагында кызмат көрсөтүүлөр жакшыргандан КИЙИН ичүүчү суу менен жабдуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдүн чогултулушунун деңгээлинин тиешелүү көрсөткүчтөрү.
Ар бир максаттуу муниципалитетте учурдагы кырдаал иликтенип, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндөгү көйгөйлөр аныкталды. Айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу жакшыртууну талап кылган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин түзүп чыгып, бул үчүн зарыл болгон чараларды аныктады. Жыйынтыгы Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планы түрүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен таризделип, бекитилди. Бул Планда чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрү камтылып, жооптуу адамдар аныкталган. Жумушчу топ биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу менен чогуу Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планында аныкталган чаралардын аткарылышына көз салышты.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу пландарын ишке ашыруу процессинде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуунун жакшы көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө мүмкүн болду, ал эми таштанды чыгаруу үчүн төлөмдөрдү чогултуунун орточо деңгээли 60 пайызга, ичүүчү суу менен жабдуу үчүн 11 пайызга жогорулады.
Талдоонун жыйынтыгы кызмат көрсөтүүнүн баасы буга чейинкиден жогору болсо да, адамдар ал үчүн акы төлөөгө даяр болгонун, муну каалай турганын көрсөттү. Бирок, ошол эле учурда кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогору болушу керек. Төмөн тарифтер жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын начардыгы жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарга төлөмдөрдү чогултуунун деңгээлинин төмөндүгүнүн башкы себеби болуп саналат.
Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн айыл өкмөтү бир нече багыттар боюнча иштерди камтыган комплекстүү ыкманы пайдаланды:
- көйгөйлөрдү изилдөө жана аныктоо;
- пландоо;
- чечим кабыл алуу жана ишке ашыруу процессине калктын ар кайсы катмарынын өкүлдөрүн тартуу;
- жамаатты кеңири маалымдоо жана ачык- айкындуулукту камсыз кылуу;
- ченемдик пайданы камтыган кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу үчүн экономикалык жактан негизделген тарифти кабыл алуу;
- тарифти коомдук талкуулоо;
- ыктымалдуу жеткирүүчүлөрдү тандоо боюнча ачык конкурс өткөрүү;
- кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу процессинде бардык субъекттердин ортосунда келишимдерди түзүү;
- кызмат көрсөтүүлөргө коомдук мониторинг жүргүзүү.
Тандалып алынган ар бир кызмат көрсөтүү боюнча тариф эсептелип чыккан, тарифте бардык мүмкүн болгон чыгымдар, анын ичинде амортизациялоого чыгашалар, ошондой эле 10-15 пайыз деңгээлиндеги ченемдик пайда камтылган.
Эсептелген тариф коомдук талкууга коюлуп турган. Мында калк тарифти эсептөөнүн негиздүүлүгүнөн шек санабашы үчүн чыгымдардын бардык беренелери каралган.
Тариф жактырылгандан кийин кызмат көрсөтүүчүнү тандоо боюнча конкурс өтүп, мында конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруулар ЖМКга жайгаштырылган. Конкурстун жеңүүчүсү менен кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө келишимдер, мүлктү убактылуу берүү жөнүндө келишимдер (зарыл болгон учурда) жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен абоненттик келишимдер түзүлгөн.
Ар бир пилоттук муниципалитетте түзүлгөн Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөттөрүнө жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүп турушат.
Саналган бардык багыттар боюнча комплекстүү иш кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатууга жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөмдөрдү чогултууну жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.
Окшош материалы:
-
№12 (146) / 2023-12-10 Маданий жана музыкалык мурастарды сактап калуу максатында Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү балдар үчүн музыка сабактарын уюштурууда
-
№12 (146) / 2023-12-10 Айыл өкмөтүнүн жана мониторинг тобунун күч-аракети менен Казыбек айылдык аймагында 120дан ашык бала дзюдо, бокс жана күрөш боюнча сабактарга катыша башташты
-
№12 (146) / 2023-12-10 Семеновка айылдык аймагындагы балдар аянтчасы: тургундардын, мигрант мекендештердин жана ЖӨБ органынын салымы
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Туруктуу кызмат көрсөтүүнү алгың келеби? Анда убагында төлө!
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Сиздин пикириңиз жергиликтүү бийлик үчүн маанилүүбү?
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Жамааттын күчү менен жүргүзүлгөн сапаттуу мониторинг объекттердин жана кызматтардын сапатын жакшыртат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Санариптик биллинг өлкөдө арышын кеңейтүүдө, же муниципалдык ишканаларда “Оймо Биллингди” ишке киргизүүнүн жыйынтыктары
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кыргызстандын муниципалдык ишканаларында сатып алуулардын жаңы Эрежелери: ачык-айкындуулукту камсыз кылууда кызмат көрсөтүүчүлөргө жардам