Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Окутуу кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу тууралуу: Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясында (БАЖБА) окутуунун ведомстволук багытынын алкагында билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча КР ЖӨБ органдарына эскер

2023-07-18 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын адистери жооп беришет.

БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНДА (БАЖБА) ОКУТУУНУН ВЕДОМСТВОЛУК БАГЫТЫНЫН АЛКАГЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮНӨ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КР ЖӨБ ОРГАНДАРЫНА ЭСКЕРТКИЧ (КАДАМДАР КӨРСӨТҮЛГӨН СУНУШТАМАЛАР)

Бул Эскерткич “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги №209 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу тартиби жөнүндө жобого (мындан ары – Жобо) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 17-майындагы №85-б Буйругу менен бекитилген Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибине (мындан ары – Тартип) ылайык иштелип чыкты. Эскерткич Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясында (мындан ары – БАЖБА) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө мамлекеттик сатып алууларды (мындан ары – сатып алууларды) жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБ органдары) колдонуусу үчүн даярдалган.

1-бөлүм. Окутуу тууралуу жалпы маалымат

Жобо административдик кызмат орундарын ээлешкен мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары – кызматчылар) окутуунун тартибин жөнгө салат жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана иштиктүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Кызматчыларды окутуу – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнө ылайык ишке ашырылуучу, кызматчынын кесиптик өнүгүшү үчүн билимге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу максатына багытталган, тутумдуу жана план ченемдүү уюштурулган процесс.

Кызматчыларды окутуу эки түр боюнча ишке ашырылат – кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу.

Кызматчынын квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

Окутуу эки багытты камтыйт – жалпы жана ведомстволук.

Жалпы багыт – ишинин чөйрөсүнө карабастан мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тийиштүү кызмат ордунун же кызмат орундарынын тобунун жалпы типтүү квалификациялык талаптарынын кызматчылар тарабынан аткарылуусу үчүн туруктуу системалык негизде окутуу. Жалпы багыт боюнча окутуу мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун мамлекеттик программалары боюнча окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары – Мамзаказ) аркылуу жүзөгө ашырылат.

Ведомстволук (тармактык) багыт – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөлөрүнүн негизинде атайын ведомстволук квалификациялык талаптарды кызматчылар аткаруусу үчүн окутуу, ал ведомстволук окутуу программалары же ведомстволук заказды аткарып жаткан билим берүү уюмдарынын окутуу программалары боюнча окутууга ведомстволук заказ (мындан ары – ведомстволук заказ) аркылуу ишке ашырылат.

Ведомстволук заказ тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетинде ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде бир календардык жылга кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуунун планын билдирет.

Кызматчыларды окутуу алардын ведомстволук функцияларын, программаларын жана долбоорлорун аткарууга, өзгөртүүгө байланышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Окутууга ведомстволук заказдын алкагында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар да окууга катыша алышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволук багыт боюнча окутуу планын өз алдынча түзүшөт.

2-бөлүм. Окутуунун ведомстволук багытын пландоо

1-кадам. Керектөөлөрдү аныктоо. ЖӨБ органы өзүнүн ведомстволук функцияларын, программаларын жана долбоорлорун аткарууга, өзгөртүүгө байланышкан ЖӨБ органынын керектөөлөрүн аныктоого тийиш.

2-кадам. Ведомстволук заказды түзүү. ЖӨБ органынын аппарат жетекчиси же жооптуу катчысы окутууга ведомстволук заказдын (пландын) долбоорун түзүүгө жана ЖӨБ органынын жетекчисине жиберүүгө тийиш.

3-кадам. Окутуунун ведомстволук багытынын планы. ЖӨБ органынын жетекчиси Окутуунун ведомстволук багытынын планын бекитүүгө тийиш (1-тиркеме. Окутуунун ведомстволук багытынын планынын шаблону).

3-бөлүм. Мамлекеттик сатып алууларды пландоо

4-кадам. Техникалык тапшырма. ЖӨБ органынын сатып алуулар бөлүмү (мындан ары – сатып алуулар бөлүмү) иштеп чыгат (2-тиркеме. Техникалык тапшырманын шаблону).

5-кадам. Бааларга мониторинг жүргүзүү. Сатып алуулар бөлүмү Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Тартиптин 13-14-пункттарына ылайык сатып алуулар планын түзүү учурунда билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына мониторинг жүргүзөт.

6-кадам. Бааны аныктоо. ЖӨБ органында техникалык тапшырманын негизинде билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө сметасы (сатып алуунун бюджети) болушу керек. ЖӨБ органы ведомстволук багыт боюнча окутууну жүзөгө ашыруу үчүн сатып алуулар планына Эскертменин 5-кадамында көрсөтүлгөн негиздер боюнча тандалган бир булактан усулу менен сатып алынуучу билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн киргизгендигине байланыштуу ЖӨБ органы сатып алуулар планына сатып алуу предметине бааны – БАЖБАнын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн киргизет.

7-кадам. Мамлекеттик сатып алууларды пландоо. ЖӨБ органында Мамлекеттик сатып алуулар планы болушу керек (3-тиркеме. Мамлекеттик сатып алуулар планынын шаблону). Сатып алууларды пландоо жергиликтүү бюджеттин долбоору же чыгымдар сметасы бекитилгенге чейин үч айлык мөөнөттө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга керектөөнүн негизинде 3 жылга жүргүзүлөт. Сатып алуулар планында төмөнкүлөр болууга тийиш: сатып алуунун пландалган мезгили (ай, квартал, жыл), техникалык тапшырма, каржылоо булагы, аталышы, бюджети, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн саны, орду жана мөөнөтү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын усулу. Сатып алуулар планын ЖӨБ органынын жетекчиси бекитет жана сатып алуулар веб-порталына жарыяланат (zakupki.gov. kg). Сатып алуулар планына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда ЖӨБ органы мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду алдыдагы сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен веб-порталга киргизет. Келишим түзүлгөндөн кийин сатып алуулар планына киргизилүүчү өзгөчө кырдаал, форс- мажордук жагдайлар, авариялар менен байланышкан сатып алууларды кошпогондо, сатып алуулар планында (сатып алуулардын такталган жылдык планы) каралбаган билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга жол берилбейт.

8-кадам. Сатып алуунун ыкмасын тандоо. Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык ЖӨБ органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясы, союзу түзгөн билим берүү уюмунда өз алдынча же башка уюмдар менен бирдикте же башка билим берүү уюмдарында ведомстволук багыт боюнча окутууну жүзөгө ашырат (Жобонун 10- жана 41-пункттарына ылайык). БАЖБА ЖӨБ Союзу башка уюмдар менен биргеликте түзүлгөн билим берүү уюму болуп саналат (КР Юстиция министрлигинин реестринен көчүрмө тиркелет). ЖӨБ органы Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктунда каралган бир булактан алуу сатып алуу ыкмасын тандайт (Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган конкреттүү жактан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу).

4-бөлүм. Окутууну каржылоо

9-кадам. Каржылоонун көлөмүн аныктоо. Окутуунун ведомстволук багыты боюнча каржылоо ЖӨБ органынын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу ведомстволук заказды аткаруунун алкагында жүзөгө ашырылат (Жобонун 9-пункту). Окутуунун ведомстволук багытынын планында (3-кадамды караңыз) жана Мамлекеттик сатып алуулар планында (7-кадамды караңыз) жергиликтүү бюджеттин бир пайызынан кем болбогон эсеп менен кызматчыларды окутуу үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга арналган жергиликтүү бюжеттин финансы каражаттарынын көлөмү көрсөтүлөт (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгү). Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө окууга катыша тургандардын иш сапарына кеткен чыгымдары – транспорттук, мейманкана жана суткалык чыгымдары каралат.

10-кадам. Бюджеттик классификацияга ылайык жергиликтүү бюджетте чагылдыруу. Муниципалдык кызматчыларды окутуу үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууга финансы каражаттары жана иш сапарына кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизилет жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө төмөнкүдөй таризделет:

Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу:

701 Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

7011 Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары, бюджеттик-финансы маселелери, эл аралык мамилелер

70111 Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары

2 ЧЫГАШАЛАР

22 Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу

221 Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу

2215 Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

22153 Мамлекеттик кызматчыларды, адистерди жана калкты окутууга чыгымдар

22153100 Мамлекеттик кызматчыларды окутууга чыгымдар

Окуунун катышуучуларынын иш сапарына кеткен чыгымдар:

2211 Иш сапарларына кеткен чыгымдар

22111 Өлкөнүн ичинде иш сапарларына кеткен чыгымдар

22111100 Транспорт чыгымдары

22111200 Мейманкана чыгымдары

22111300 Суткалык чыгымдар

5-бөлүм. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууну тариздөө

Бул сатып алууларда сатып алуулар комиссиясы түзүлбөйт (Мыйзамдын 9-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык). Келишим тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

11-кадам. Кызмат көрсөтүүгө суроо-талап. ЖӨБ органы БАЖБАнын дарегине билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө суроо-талап жөнөтүшү керек (4-тиркеме. Билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө суроо-талаптын формасы) жана Техникалык тапшырманы тиркөөгө тийиш (2-тиркеме. Техникалык тапшырманын шаблону).

12-кадам. Келишим түзүү. ЖӨБ органы веб-порталда сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялабастан БАЖБА менен келишим (билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимди) түзүүгө тийиш (Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык) (5-тиркеме. Билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин шаблону). Мында билим берүү кызматтарын көрсөтүү мөөнөттөрүн жана кызматчынын аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен техникалык тапшырма тиркелет.

13-кадам. Сатып алуулар веб-порталында келишим жөнүндө маалыматты жайгаштыруу. ЖӨБ органы Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, келишимге кол коюлгандан кийин 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен веб-порталга (zakupki.gov.kg) жайгаштырылууга тийиш контракт жөнүндө маалыматтын түрлөрү Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн (6-тиркеме. Сатып алуулар веб-порталына жайгаштыруу үчүн келишим жөнүндө маалыматтын формасы).

14-кадам. Кызмат көрсөтүү акт. Окууну аяктагандан кийин ЖӨБ органы БАЖБА сунуштаган билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө актыга кол коет (7-тиркеме. Билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө актынын формасы).

15-кадам. Көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө. ЖӨБ органы билим берүү кызматын көрсөтүү үчүн акы төлөөнү келишимге ылайык жана билим берүү кызматын көрсөтүү жөнүндө кол коюлган актынын негизинде жүргүзөт.

16-кадам. Сатып алуулар веб-порталына маалыматтарды жайгаштыруу. ЖӨБ органы Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык контрактты башкаруунун алкагында веб-порталга (zakupki.gov. kg) маалыматты 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен киргизүүнү камсыз кылууга тийиш (маалыматтын түрлөрүнүн тизмеси 8-тиркемеде келтирилген).

6-бөлүм. Окууларды өткөрүү

17-кадам. Окутууну уюштуруу үчүн жооптуу. Кызматчыларды окутууну уюштуруу процесси үчүн ЖӨБ органынын аппарат жетекчиси же жооптуу катчысы жоопкерчиликтүү болушат.

18-кадам. Окутууга жиберүү. Кызматчы окутууга ЖӨБ органынын жетекчисинин чечими (буйругу) менен жиберилет.

19-кадам. Окутууга катышууга мониторинг. Кызматчы окутуу программаларына жүйөсүз себептер менен келбеген учурда, БАЖБА тиешелүү чараларды көрүү үчүн ЖӨБ органынын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирет. ЖӨБ органы окутууну жүргүзүү процессине ага жеткиликтүү ыкмалар менен мониторинг жана көзөмөлдүктү жүргүзөт.

20-кадам. Окууну ырастоо. БАЖБА кызматкер окуудан өткөндүгүн тиешелүү документ (сертификат же күбөлүк) менен тастыктайт.

21-кадам. Жыйынтыктарды баалоо. ЖӨБ органы кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуунун натыйжалуулугуна баалоону жүзөгө ашырат.

22-кадам. Окутуу тууралуу отчеттуулук. ЖӨБ органы жыл сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке) ведомстволук багыт боюнча окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчет берип турат, ал отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат. Отчеттун формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.

1-ТИРКЕМЕ. ОКУТУУНУН ВЕДОМСТВОЛУК БАГЫТЫНЫН ПЛАНЫНЫН ШАБЛОНУ

АӨнүн фирмалык бланкы

“Бекитемин”

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы

Курманбек ААнын айыл өкмөт башчысы

_________________ (аты-жөнү)

2023-жылдын 17-майы

Курманбеков айыл өкмөтүнүн 2023-жылга

ОКУТУУНУН ВЕДОМСТВОЛУК БАГЫТЫНЫН ПЛАНЫ

 

ТАБЛИЦА

 

2-ТИРКЕМЕ. ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ШАБЛОНУ

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

Техникалык тапшырманын максаты: ____________________________ (ЖӨБ органынын аталышы) кызматчылары үчүн окутуунун ведомстволук багытынын алкагында билим берүү кызматтарын көрсөтүү.

Техникалык тапшырманын алкагында билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн мазмуну, узактыгы жана мөөнөттөрү

 

ТАБЛИЦА

 

Башка шарттар:

Техникалык тапшырмага тиркемелер. _______________________________________13

3-ТИРКЕМЕ. МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ПЛАНЫНЫН ШАБЛОНУ

Мамлекеттик сатып алуулардын ПЛАНЫ

  • 1. ЖӨБ органынын аталышы: Курманбеков айыл өкмөтү
  • 2. ЖӨБ органынын ИННи:______________________________________
  • 3. Пландын тиби:______________________________________________
  • 4. Жылдар: а) 2022 - суммасы; б) 2023 - суммасы; в) 2024 - суммасы.
  • Чыгымдардын ар бир беренеси боюнча

 

ТАБЛИЦА

 

4-ТИРКЕМЕ. БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮГӨ СУРОО-ТАЛАПТЫН ФОРМАСЫ

Фирмалык бланк

№___________

2023-жылдын «_____»-____________

“Борбордук Азиянын

Жергиликтүү башкаруу академиясы”

Мекемесинин

Директору

А. А. Курманалиевага

Билим берүүчү кызматтарды көрсөтүүгө СУРОО-ТАЛАП

Курманбеков айыл өкмөтүнүн кызматчыларын окутууну Техникалык тапшырмага ылайык жүргүзүү сунушталууда.

Банк реквизиттери:____________________________________________.

Техникалык тапшырма – тиркелет.

/ Аты-жөнү/ АӨ башчысы

5-ТИРКЕМЕ. БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮГӨ КЕЛИШИМДИН ШАБЛОНУ

Билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө КЕЛИШИМ Бишкек ш.

202__-жылдын «___» ________

1.5. Аткаруучу окутууну ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө, окутууну башка күнгө жылдырбастан жүзөгө ашырат.

2. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттенет:

  • ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү кызматтарын талаптагыдай жана сапаттуу көрсөтүүнү уюштурууга жана камсыз кылууга;
  • сабак учурунда Угуучуну керектүү методикалык окуу материалдары менен камсыз кылууга;
  • сабактарды өткөрүү үчүн санитардык жана гигиеналык талаптарга, ошондой эле билим берүү процессине коюлуучу башка ченемдерге жана эрежелерге ылайык келген жайлар менен камсыз кылууга;
  • окутуунун билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн учурда (жыйынтыктоочу тестирлөөнүн жыйынтыгы 50 пайыздан кем эмес) Угуучуга кошумча кесиптик билими жөнүндө документти (Күбөлүктү/Сертификатты) берүүгө;
  • Заказчыга Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актыны берүүгө.

2.2. Заказчы төмөнкүлөргө милдеттенет:

  • Аткаруучуга ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ушул Келишимдин 3-бөлүмүндө белгиленген тартипте өз убагында акы төлөөгө;
  • Угуучунун сабакка өз убагында катышуусун камсыз кылууга. Эгерде Угуучу окуу убактысынын бештен бир бөлүгүнөн ашыгын өткөрүп жиберсе жана жыйынтыктоочу тестирлөөнүн жыйынтыгы 50 пайыздан азын түзсө, анда ал окутуунун билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн эмес деп эсептелет жана тиешелүү документти ала албайт;
  • Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Актыны Аткаруучудан алган учурдан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде карап чыгып, кол коюуга.
  • Эгерде ушул пунктта белгиленген мөөнөттүн ичинде Заказчы Аткаруучуга Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кол коюлган актыны бербесе же Актыга кол коюудан баш тарткан жүйөлөрдү келтирип жазуу жүзүндө жазып бербесе, Актыда көрсөтүлгөн кызматтар ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүндө Заказчы тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

 

3. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН БААСЫ. ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ

3.1. Ушул Келишим боюнча Аткаруучунун билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы_ (_) сомду түзөт.

3.2. Заказчы ушул Келишимдин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын Кызмат көрсөтүү жөнүндө актыга кол коюлган учурдан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде төлөйт.

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

4.1. Тараптар ушул Келишимде белгиленген милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

4.2. Заказчы кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө мөөнөттөрүн бузганда Аткаруучу ар бир кечиктирилген күн үчүн өз убагында жүргүзүлбөгөн төлөмдүн суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум төлөөнү Заказчыдан талап кылууга укуктуу.

4.3. Угуучу сабакка келбей койгон учурда Заказчы төлөгөн акы кайтарылып берилбейт.

4.4. Тараптар ал жеткис күчтүн (форс-мажордук) жагдайлардын кесепетинен ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

4.5. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткара албай калган Тарап форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын келип чыгышы жана токтотулушу жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

5. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

5.1. Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

5.2. Эгерде талаштуу маселелерди сүйлөшүүлөр процессинде жөнгө салуу мүмкүн болбосо, алар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто чечилет.

5.3. Тараптар бул Келишимдин шарттары, аны түзүү фактысы купуя болгонуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда экинчи Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбей турганына макул болушту.

5.4. Ушул Келишим Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бузулушу мүмкүн. Заказчы Аткаруучуга иш жүзүндө тарткан чыгымдарын төлөп берген шартта Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

5.5. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө даярдалганда жана тараптар кол койгон учурда күчүндө болот.

5.6. Ушул Келишим Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.

5.7. Ушул Келишимде айтылбаган башка бардык жагдайларда Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

5.8. Ушул Келишим ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.

6. ТАРАПТАРДЫН ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ

 

ТАБЛИЦА

 

6-ТИРКЕМЕ. САТЫП АЛУУЛАР ВЕБ-ПОРТАЛЫНА ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН КЕЛИШИМ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫН ФОРМАСЫ

Веб-порталда төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматтар жайгаштырылат жана чагылдырылат:

  • 1) жеткирүүчүнүн жана алардын бенефициардык ээлеринин аталышы жана юридикалык дареги;
  • 2) сатып алууларды өткөрүү күнү;
  • 3) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун көрсөтүү менен мамлекеттик сатып алуулардын предмети;
  • 4) улуттук валютада товардын бирдиги үчүн баа;
  • 5) лоттун (лоттордун) суммасы жана келишимдин жалпы суммасы;
  • 7) келишим түзүлгөн күн;
  • 8) келишимди аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) шарттары жана графиги;
  • 9) келишим боюнча акы төлөөнүн мөөнөтү;
  • 10) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоонун өлчөмү жана акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
  • 11) келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөргө кепилдик милдеттенменин болушу жана мөөнөтү;
  • 12) келишим боюнча бышманалардын жана айыптык санкциялардын өлчөмү;
  • 13) Мыйзамдын 49-беренесинде белгиленген учурларда келишимди банктык коштоонун болушу.

7-ТИРКЕМЕ. БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ АКТЫНЫН ФОРМАСЫ

Билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө акт

20___-жылдын «__»-_________

№____Билим берүү кызматтарын көрсөтүү келишимине

20___-жылдын «__»-_________

№____

Бир жагынан ________________________________________________ атынан иш алып барган ___________________________, мындан ары “Заказчы” деп аталат жана экинчи жагынан “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемесинин атынан, Уставдын негизинде иш алып барган директор А.А.Курманалиева, мындан ары “Аткаруучу” деп аталат, экөө чогуу “Тараптар”, ал эми өз-өзүнчө “Тарап” деп аталгандар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Кызмат көрсөтүүлөр актысына (мындан ары – Акт) кол коюшту:

20___-жылдын “__”- _________ Билим берүү кызматтарын көрсөтүү келишимине ылайык Аткаруучу 20___-жылдын ___-_____________ тартып ___-_____________ чейинки мезгил аралыгында 1-тиркемеде көрсөтүлгөн адамдарды окутуу боюнча кызматтарды көрсөттү, ал эми Заказчы бул кызмат көрсөтүүнү кабыл алды жана төлөөгө макул болду.

Көрсөтүлгөн кызматтар техникалык тапшырмага шайкеш келет, толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылды. Заказчынын Аткаруучуга эч кандай дооматы жок. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы__________ (__________) сомду түзөт. Ушул Акт 2 нускада түзүлүп, ар бир тарапка бирден берилди. Ар бир нуска бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

ТАБЛИЦА

 

8-ТИРКЕМЕ. САТЫП АЛУУЛАР ВЕБ-ПОРТАЛЫНА ЖАЙГАШТЫРУУ ҮЧҮН КЕЛИШИМДИ БАШКАРУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫН ФОРМАСЫ

Веб-порталга (zakupki.gov.kg) иш-аракет жасалган учурдан тартып 3 жумушчу күндөн кечикти- рилбестен тиешелүү маалыматтар киргизилет:

  • 1) кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталар;
  • 2) келишим боюнча кошуп эсептелген үстөктөрдүн жана айып пул санкцияларынын суммасы;
  • 3) келишимди аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган көлөмү, өлчөмү жана суммасы;
  • 4) келишимди аткарууну кепилдик камсыздоону берүү датасы жана мөөнөттөрү;
  • 5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү жана консультант тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактуралары жана төлөөгө карата эсептер;
  • 6) келишим боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрү (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү төлөмдөр үчүн бөлүп-бөлүп төлөө, акыркы төлөмдөр);
  • 7) тараптардын дооматтарды жөнөткөн даталары жана ал дооматтарга жооптор;
  • 8) талаш-тартыштарды административдик, сот тартибинде чечүү;
  • 9) келишимдин шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.