Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Семеновка айылдык аймагындагы балдар аянтчасы: тургундардын, мигрант мекендештердин жана ЖӨБ органынын салымы

2023-12-10 / ЖӨБ кызматтары
Семеновка айылдык аймагындагы балдар аянтчасы: тургундардын, мигрант мекендештердин жана ЖӨБ органынын салымы

Түрмөктү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун коммуникациялар боюнча адиси Турар БЕКБОЛОТОВ даярдады. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – бул Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан төрт жылдык программа. Бул долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жолу менен 50 муниципалдык түзүлүштө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Толугураак маалыматты сайттан окуй аласыз: www.fb.com/SA2Project.

Кыргызстандын түндүгүндөгү Ысык-Көл облусундагы эки айылдан турган Семеновка муниципалитетинин жашоочулары көптөн бери балдары үчүн оюн аянтчаларын кургусу келип жүрүшкөн, себеби алардын айылдарында мындай коомдук жай жок эле. Элет жергесинин калкы тынымсыз көбөйгөнүн жана жамаатка жаш үй-бүлөлөр улам кошулуп жатканын эске алып, мындай мейкиндиктерге болгон муктаждык бар экени айкын болууда. Коомдук угуулар жергиликтүү элдин бул муктаждыктарын аныктоого жана эки айылда 300дөн ашык бала үчүн оюн аянтчаларын курууга ресурстарды мобилизациялоого жардам берди.

Бул маселени чечүү үчүн жамааттын жана жергиликтүү муниципалитеттин биргелешкен күч-аракети талап кылынды. Ал эми 2021-жылы Семеновканын USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуусунун башталышы өзгөрүүлөргө шарт түзгөн учур болуп калды. Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек МОМБЕКОВ: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуубуздун алкагында биз фокус-топтордо коомдук угууларды жана талкууларды үзгүлтүксүз өткөрө баштадык, бул бизге жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн биринчи кезектеги муктаждыктарын аныктап, көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө жардам берди”.

Ошондон бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Семеновкага артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү жолдорун издеп, мындан тышкары башкаруу ыкмаларын өркүндөтүү үчүн калк менен фокус-топтордо туруктуу негизде талкууларды өткөрүүгө жардам берип келатат. Ошол эле учурда суу менен камсыз кылуудан баштап катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана жаштар үчүн спорттук машыгууларды уюштурууга чейинки жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулууда.

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо, аутсорсинг, сатып алуулар жана жүйөлүү тарифтерди белгилөө жаатында окуудан өтүштү. Алар ошондой эле мониторинг, кайтарым байланыш механизмдери жана коомдук угуулар аркылуу мүлктү башкаруу жана жамаат менен байланыш түзүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды да өздөштүрүштү.

Акыркы эки жылдын ичинде USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүп жаткан бюджет, тарифтер жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча коомдук угуулар жарандарга өз талаптарын туюндуруп, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштоого мүмкүндүк берген маанилүү механизм болуп калды. Дал ушундай угуулардын биринде, тейлөөнү уюштуруу планы даярдалып жаткан маалда өзгөрүүлөрдүн эпкини башталды.

Тургундар эки айылда тең балдар аянтчасы зарыл экенин моюнга алышып, учурдан пайдаланып балдар үчүн оюн аянтчаларын уюштурууну сунуш кылышты. Мамлекеттен субсидия алып турган айыл өкмөтү демөөрчүлөргө жана тургундарга кайрылууну чечти. Айыл өкмөтү муниципалдык жерди бөлүп берип, көрктөндүрүү ишин көзөмөлдөп жаткан чакта чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар бул ишке ашыгы менен салым кошуп турушту. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүп, жамааттык күч-аракеттерди колдоп берди. Бул каражаттар балдар аянтчасы үчүн дөбөлөрдү, селкинчектерди, кум толтурулган оюн жерлерин жана башка жабдууларды жасап же сатып алууга жумшалды.

Ансыз да чектелүү болгон ресурстарды үнөмдөп, элеттиктер Кожояр жана Семеновка айылдарында эки оюн аянтчасын жасоого өз ыктыяры менен киришти. 2023-жылдын май айында эки аянтча салтанаттуу түрдө ачылды. Бул иш-чаралар эс алуу үчүн жайлардын ачылышы үчүн гана эмес, 300дөн ашуун балдардын жана алардын ата-энелеринин муктаждыктарын канааттандыруу максатын көздөгөн жалпы жамааттын да урматына арналды.

“Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун үзүрүн көрүп жаткан элим менен сыймыктанам. Алар өздөрүнүн каалоосун ачык айтышып, ал тургай колдо болгон каржы жана эмгек ресурстарын иш жүзүндө да колдонуп, кыялдарын орундатууга салым кошушту”, – деди Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек МОМБЕКОВ.

Бул идеянын ийгилиги диалогдун жана кызматташуунун эң сонун мисалы болуп калды. Элеттиктер көптөн берки муктаждыкты гана канааттандырбастан, жарандардын катышуусунун күчү жана стратегиялык өнөктөштүк жамаатты өзгөртүүгө оң таасирин тийгизерин да тастыктап турат.

 

Окшош материалы: