Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджеттер аралык диалог өз жолуна түштү: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун ортосундагы бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу протоколу

2023-12-10 / Көңүл чордонунда
Бюджеттер аралык диалог өз жолуна түштү: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун ортосундагы бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу протоколу

Бектурган ОРОЗБАЕВ, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” ЮЖБнын директору Надежда ДОБРЕЦОВА, “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин башкаруу төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору

2023-жылдын октябрь айынын этегинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун (мындан ары – ЖӨБ Союзу) директору Бектурган ОРОЗБАЕВ менен КР финансы министри Алмаз БАКЕТАЕВ жолугушту. Бул жолугушуу министрлик менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу процессине арналды. Жолугушуунун натыйжасында тараптар Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу бюджеттер аралык мамилелерди макулдашуу жөнүндө протоколго кол коюшту. Бул окуянын Кыргыз Республикасы үчүн мааниси чоң – протоколго кол коюу борбор менен аймактардын ортосунда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө карата мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда расмий диалог пайда болгонун билдирет, ал эми ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык мамилелер бөлүгүндө ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын сүрөп, коргоодо көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болду.

 

Укуктук негиз: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” жаңы мыйзам

Көптөгөн кызыкдар тараптардын көп жылдан берки аракеттеринин натыйжасында ЖӨБ Союзунун демилгеси боюнча “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзам долбооруна 2022-жылы бюджет жөнүндө мыйзамды кароодо парламент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атынан ЖӨБ Союзу айткан пикирди эске алышы керек деген пункт киргизүүгө мүмкүн болду. Алсак, 2022-жылдын 16-ноябрындагы №106 “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамынын 67-беренесинде 4-пунктча пайда болду: “Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, комитеттери жана депутаттары тарабынан каралышы”. 67-беренеге ылайык, Министрлер Кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун киргизет, ал эми Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери республикалык бюджеттин бул долбоорун берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде карайт. Ошону менен катар берене парламенттин аткаруу бийлик органдары менен гана эмес (мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угуу, тескеген багыттары боюнча корутундуларды чектөөлөрдү эске алуу менен кароо), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен да өз ара аракеттенүүсүн белгилейт. Атап айтканда, 4-пунктчада Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, союзунун) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карай тургандыгы белгиленген. Мыйзам 2022-жылдын ноябрында кабыл алынгандыктан, бул ченем 2023-жылдын бюджеттик циклине карата күчүнө кирген жок, бирок 2024-жылдын бюджеттик циклине карата ченем колдонулат.

Бул ченемди регламент жөнүндө мыйзамга киргизүүгө депутаттар З. МАМАСАДЫКОВ, М. МАМАТАЛИЕВ, Ж. НУРБАЕВ, М. САРБАГЫШЕВ жана Б. ТҮЛӨБАЕВ чоң колдоо көрсөтүштү.

 

Маселенин тарыхы – бюджеттер аралык диалогду илгерилетүүгө 20 жыл талап кылынды, бирок ал өз маалында түзүлдү

Эске сала кетсек, буга чейин бюджеттер аралык мамилелерди башкаруу маселелери боюнча мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда эч кандай расмий сүйлөшүү процесси жүргөн эмес. Мындай диалог пайда болуп, биринчи протоколго кол коюлушу үчүн тараптардын кеңири чөйрөсүнүн көп жылдык күч-аракети талап кылынды. Мунун тарыхы 2003-жылдын сентябрында башат алган: ошол жылы Чолпон-Атада “Өткөөл мамлекеттердеги децентралдаштыруу” деп аталган Эл аралык конференция өткөн. Конференцияда мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн катышуучулары мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы өз ара мамилелердин жаңы моделин, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелерди талкуулашкан. Ошондой эле бул конференцияда Латвиянын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн мисалдары каралган. Ар кандай тараптардын, анын ичинде Швейцария Өкмөтүнүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен Польшага, Швейцарияга, Латвияга, Болгарияга, Албанияга бир катар окуу сапарлары уюштурулган. Бул окуу сапарларына Кыргыз Республикасынын ондогон мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары, ошондой эле жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан эле. Бул процесс башка өлкөлөрдө кандай уюштурулганын, эмне үчүн мындай диалог аймактарды тең салмактуу жана туруктуу өнүктүрүүнүн зарыл элементи болуп саналаарын, Кыргыз Республикасында механизмди киргизүүдөн кандай жыйынтыктар күтүлүп жатканын түшүнүү үчүн бюджеттер аралык мамилелер боюнча диалог темасы сапардын программасына милдеттүү түрдө киргизилген.

2017-жылдан тарта ЖӨБ Союзу КР Финансы министрлиги, КР Жогорку Кеңеши, жогорку аткаруу бийлигинин органдары өңдүү ар кандай кызыкдар тараптар менен бюджеттер аралык диалогдун варианттарын киргизип, талкуулап, бул маселеде жигердүү позицияны ээледи. 2018-жылдын 3-июлунда “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу” аттуу КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун форуму өткөн (форумдун материалдары http://dpi.kg/ru/library/full/281.html сайтында жеткиликтүү). Форумда мамлекеттик органдарга, анын ичинде КР Жогорку Кеңешине кайрылууну камтыган Резолюция кабыл алынган. Бул Резолюцияда жергиликтүү жамааттардын атынан ЖӨБ органдары менен КР ЖКнын өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы механизмдерин практикага киргизүү сунушу камтылган. Резолюцияда, анын ичинде, төмөнкүлөр белгиленген: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана өлкөнүн ар бир жаранынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү жана тең салмактуу өнүктүрүү зарыл. Мунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында жашоонун кыйла жагымдуу шарттары түзүлөт ... аймактарды комплекстүү жана тең салмактуу өнүктүрүү үчүн ЖӨБ органдарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү маселелерин алардын муниципалдык бирикмелер жана союздар аркылуу жеткирилген жалпы пикирин эске алуу менен чечүү зарыл; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттар менен муниципалдык бирикмелер жана союздар аркылуу өз ара байланышын өркүндөтүү зарыл... Өз ара аракеттенүү системасы ... натыйжалуу, ченемдик жактан бекитилип, ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү механизмдерди камтууга тийиш, анын ичинде ... бюджет аралык мамилелер маселелери боюнча ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин макулдашуу жыйынынын өзгөчө протоколу; бюджеттер аралык мамилелер маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашуу жыйынынын өзгөчө протоколу да бар. Бул протокол республикалык бюджеттин долбоору КР Жогорку Кеңешине берилгенге чейин бюджеттер аралык мамилелерге тиешелүү келип чыккан бардык карама-каршылыктарды четтетүүгө тийиш”.

2019-жылы “Ачык Өкмөт” демилгесин ишке ашыруунун алкагында көптөгөн варианттар талкууланды, себеби бюджеттер аралык диалог Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү иш-аракеттер планындагы милдеттенмелеринин тизмесине киргизилген. ЖӨБ Союзу Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ошол учурда Жапония менен Австралиядан баштап Латын Америкасына жана Африкага чейинки бюджеттер аралык диалогдун эл аралык тажрыйбасына кеңири сереп жасап чыккан эле.

ЖӨБ Союзу эки жолу – 2020-жылы жана 2021-жылы КР Жогорку Кеңешине “Мыйзамдардын Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө” баяндамаларында механизмди киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө кеңири негиздеме берген. ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык диалогдун жоктугу системалуу көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгилеген: ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жетишсиз каржыланууда, бул аймактарды өнүктүрүүгө бут тосуп жатат, калктын жашоо деңгээлинин өсүш ыргагын төмөндөтүп, жалпысынан өлкөнү алсыратууда. 2021-жылдагы баяндамасында ЖӨБ Союзу республикалык бюджетти пландоо процессин жөнгө салуучу мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларда ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эске алууну жана анын аткарылышы жөнүндө отчеттун кабыл алынышын камсыз кылууну КР ЖКнын Бюджет жана финансы комитетине сунуштаган. КР ЖК ар жылдык Бюджеттик резолюцияны кабыл алып жаткан баскычта, КР Өкмөтү КРнын фискалдык саясатынын негизги багыттарын жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, кабыл алган баскычта кызыкчылыктар макулдашылууга тийиш. Бул үчүн бюджеттин долбоору КР Өкмөтү менен ЖӨБ органдарынын атынан алардын мыйзамдуу өкүлү болгон КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун ортосундагы кызыкчылыктарды макулдашуу жөнүндө протоколдун коштоосу менен КР ЖКга келиши керек. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам долбоору КР ЖКда каралып жаткан маалда да бул процесске КР ЖӨБ Союзу катышканы маанилүү.

Бул механизмди Кыргыз Республикасында киргизүү үчүн жалпысынан көптөгөн жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, талкуулар өтүп, буга туура 20 жыл кетти. Бирок бул механизм өтө кеч киргизилди дегенди билдирбейт, тескерисинче, бул өлкө эволюциялык жактан керектүү чекке жеткенин, ал эми бийлик институционалдык жактан бекемделгенин, муниципалитеттер менен борбордук бийликтин ортосунда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү маселеси боюнча расмий аң-сезимдүү жана тараптарды милдеттендирген диалогду жүргүзүү үчүн жетиштүү күчкө ээ болгонун көрсөтүп турат. Ал эми ЖӨБ Союзу өз ордун таба алган муниципалдык бирикме, ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарынын ишенимдүү өкүлү, аймактарды жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө мамлекеттин конструктивдүү өнөктөшү катары өзүн көрсөтө алды.

 

Протокол документ эмес, процесс катары

Протокол – бул кандайдыр бир жолугушуунун жыйынтыгын каттап калган документ гана эмес, бул ошондой эле тараптар сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөргөндүгүн жана кийинки жылга бюджеттер аралык мамилелердин параметрлери кандай болоору жөнүндө мунасага келгендигин болжолдогон механизм. Протокол бул процесстин жыйынтыктарын чагылдырып турат жана Министрлер Кабинети киргизген республикалык бюджеттин долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эске алаарына Жогорку Кеңешке ынанууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пландаштырылган мыйзамдык чечимдерге карата кызыкчылыктардын тең салмактуулугун талкуулоо үчүн парламент менен түз байланыш каналы болбогонун эске алганда бул өзгөчө маанилүү. Консультациялар депутаттардын же айрым учурларда КР ЖК комитеттеринин жеке ыктыярына жараша өткөрүлүп турат, бирок бул консультациялар милдеттүү статуска ээ эмес. Натыйжада айрым чечимдерде жергиликтүү жамааттарга терс таасирин тийгизчү тобокелдиктер бар, бул болсо Кыргыз Республикасынын туруктуулугуна жана туруктуу экономикалык өсүшүнө коркунуч жаратууда. Бул өзгөчө бюджеттер аралык мамилелерге карата маанилүү. Мындай мамилелердин саясатын буга чейин КР Финансы министрлиги аныктап келген жана айрым учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын эске алчу эмес, ал эми КР Жогорку Кеңеши кабыл алынган чечимдердин ыктымалдуу терс таасирин көзөмөлдөгөнгө үлгүрбөй калчу. Мисалы, 2017-жылы сатуудан алынуучу салык жоюлуп, ЖӨБ органдарына чыгымдардын орду толукталып берген эмес, бул болсо бардык өнүктүрүү программаларынын токтоп калышына алып келди, себеби Кыргыз Республикасынын бардык шаарлары дотациялык болуп калган. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңеши жоюлган киреше булагын алмаштыруу үчүн ЖӨБдүн өз кирешелеринин жаңы булактарын караштырган эмес же жалпы республикалык салыктарды кайра бөлүштүрүү системасын өзгөрткөн эмес. Бул жергиликтүү бюджеттердин республикалык бюджеттен көз карандылыгынын өсүшүнө алып келди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө, жарандар үчүн жашоо шарттарын түзүүгө жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизди. Ошондуктан, Протокол келечекте мындай каталарды болтурбоо үчүн маанилүү механизм болуп саналат.

 

Эмнелер макулдашылды: 2023-жылдын протоколунун мазмуну

Ошентип, протокол бюджеттерди түзүү жана кароо этабында республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин параметрлерин макулдашууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген механизм болуп берет. 2023-жылдын 27-октябрында кол коюлган протоколдо ЖӨБ Союзунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык жетиштүүлүгүнүн айрым негизги шарттарына карата сунуштары берилген.

 Теңдештирүүчү трансферттерди бөлүштүрүү методикасын жакшыртуу, ачык-айкын жана автоматташтырылган тартипте жүргүзүү. ЖӨБ Союзу теңдештирүүчү трансферттерди бөлүштүрүү процессин башкаруунун райондук деңгээлине өткөрүп берүү планына каршы чыкты, себеби теңдештирүүнү уюштуруунун мындай вариантында адам факторунун таасири жана кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиги көбөйүүдө. ЖӨБ Союзу кайрадан автоматташтырылган мамилеге кайтууну жана бардыгы үчүн бирдиктүү, ачык-айкын, түшүнүктүү, жеткиликтүү жана өз алдынча пландоо үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү эсептөөнүн автоматташтырылган методикасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Ошондой эле ЖӨБ Союзу республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун ченем менен толуктоону сунуш кылды, ага ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча өз алдынча күч-аракет жумшаган ЖӨБ органдарын жергиликтүү бюджетти толуктоо мотивациясынан ажыратпоо үчүн кийинки үч жылда теңдештирүүчү трансферттердин көлөмү азайбайт.

Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө Концепцияны кабыл алуу. ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө программалык документтер болбогонуна көңүл бурду. 2022-жылы ЖӨБ Союзу бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгууга катышкан, бирок ал кабыл алынган эмес.

Ошондой эле ЖӨБ Союзу эки ченемдик маселени чечүүнү тездетүүнү сунуштады: ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү; ошондой эле КР ЖӨБ Союзу менен ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарына тиешелүү бюджеттик маселелер боюнча ЧУА долбоорлорун макулдашуу механизмдерин КР Бюджеттик кодексине киргизүү.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча тараптар “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз БАКЕТАЕВдин маалыматын көңүлгө алууну, ал эми Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВдин сунуштарын кароого алууну чечишти. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгына жогоруда аталган маселелер боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

 

Корутунду: эми мындан ары эмне болот?

Процесс муну менен бүтүп калган жок. Макулдашуу процессинин соңку жыйынтыгын көрүү үчүн Финансы министрлиги ЖӨБ Союзунун сунуштарын канчалык деңгээлде эске алаарын көрүү зарыл, демек, кийинки протокол болот. Бирок биринчи протоколдун өзү эле чоң жетишкендик.

 

Окшош материалы: